Аймак

ЖКККББ: АВТОМЕКТЕПТЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛИП, 106 500 СОМГО АЙЫП САЛЫНДЫ

ЖКККББ: АВТОМЕКТЕПТЕРДИН  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛИП,   106 500 СОМГО АЙЫП САЛЫНДЫ

 306 Бардыгы /

ОШ. Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 22-январдан тартып, 28-январга чейин, атайын рейддик иш-чаранын алкагында атомектептердин  унааларынын техникалык абалдарын текшерүүгө алып,  аныкталган кемчиликтери үчүн жалпысынан 106 миң 500 сомго айып салышты.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей алардын ичинен:
-Лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол;
-Камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол;
-Уруксаты жок кошумча жабдыктарды орноткондугу үчүн 1 протокол;
-Айдоо учурунда окуу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автомектептердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17