Аймак

ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА ӨРТТӨН ҮЧ ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА ӨРТТӨН ҮЧ ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

 720 Бардыгы /

2024-жыл жаңыргандан бери Жалал-Абад облусунда өрт кырсыктарынан 3 жарандын каза болуусу катталган.

Алар жаңырган жылдын 17-январында Жалал-Абад шаарында турак үйдө өрт катталып, өрттөн үй ээси денесинен күйүк алган. Жабыркаган жаран алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. 20-январына караган түнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында турак үйдө өрт катталып, өрт өчүрүү учурунда үй ээсинин күйгөн абалдагы жансыз денеси табылган. 22-январь күнү Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында өрттөн улам 1 жаран каза болгон. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан каза болгон жарандын жанынан электр жылытуу прибору (пушка) табылган.

Жыл башынан өрт кырсыгынан 3 жаран каза болсо, өткөн 2023-жыл ичинде облус аймагында өрттөн 8 жаран каза болуп, 7 жаран  күйүк алган. Жалпы катталган өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак жайларда катталып жатат. Андыктан күнүмдүк турмушта, турак жайды жылытуу үчүн от жагуу, электр приборлору менен жылытууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертебиз. Өрт коопсуздук эрежелерин туура аткарып, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап калыңыз.

Жыргал САМАТОВ, Ноокен району боюнча ӨКБ ӨӨжААБдын башчысы, капитан

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17