Аймак

ӨЗГӨНДӨ КУРАЛ-ЖАРАК САТКАН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРИЛДИ

ӨЗГӨНДӨ КУРАЛ-ЖАРАК САТКАН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРИЛДИ

 396 Бардыгы /

          Коомдук коопсуздукту туруктуу камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ок атуучу куралды жана жардыруучу заттарды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билиришти.

          Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө мергенчи сыңары каттоодо турган 236 жарандын, 1 мергенчилик дүкөндүн, 2 жеке күзөт мекемесинин жана 2 өндүрүш багытында пайдалануу үчүн жардыруучу заттарды сактаган мекемелердеги ок атуучу куралдарынын уруксат кагаздарынын мөөнөттөрү жана сактоо шарттарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чаранын жүрүшүндө ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, 12000 сом айып салынды. Ал эми сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн 2 курал маселе чечилгенге чейин райондук ички иштер бөлүмүнө убактылуу алынды.

          Ошентип, Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды акыркы ирет эскертет: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17