Аймак

«АЛАЙ» ФУТБОЛ КОМАНДАСЫНЫН ТЕЛЕФОНДОРУН УУРДАП КЕТИШТИ

«АЛАЙ» ФУТБОЛ КОМАНДАСЫНЫН ТЕЛЕФОНДОРУН УУРДАП КЕТИШТИ

 885 Бардыгы /

           Кыргызстандын Түштүк баш калаасында “Алай” футбол командасынын оюнчуларынын телефондорун уурдап кетишти. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

          Милициянын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-февраль күнү саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун жатаканасынан мобилик телефондор уурдалгандыгы туурасында маалымат түшкөн. Жерине дароо ыкчам  тергөө тобу барып, 7 уюлдук телефон ууурдалгандыгын такташтырды. Булардын баардыгы Алай” футбол командасынын футболчуларынын оюнчуларына таандык экендиги ырасталды.

          Ошентип, бул фактынын негизинде дароо кылмыш иши козголуп, ушул тапта иликтөө иш-чаралары ыраса күчөтүлдү. Бирок, кылмышка күмөндүүлөр азырынча табыла элек…

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17