Аймак

“БИШКЕКБАШКЫАРХИТЕКТУРА” КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

“БИШКЕКБАШКЫАРХИТЕКТУРА” КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 282 Бардыгы /

БИШКЕК. Жер участогунун чек араларынын долбоорун мыйзамсыз даярдап беришкен “Бишкекбашкыархитектура” кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө “Бишкекбашкыархитектура” ММдин жооптуу кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун талаптарын одоно түрдө бузушуп, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларынын долбоорун (ҮЖЖУ) мыйзамсыз даярдап беришкендиги аныкталган.

Натыйжада базар баасы 49 млн. 980 миң 536 сомду түзгөн 1247,86 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кетип, муниципалдык менчикке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин  337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын ТБсына тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17