Аймак

АЛА-БУКАДА ӨЗҮН КРИМАВТОРИТЕТ КАТАРЫНДА КӨРСӨТКӨН «БЕЗПРЕДЕЛЬЩИК» КАРМАЛДЫ

АЛА-БУКАДА ӨЗҮН КРИМАВТОРИТЕТ КАТАРЫНДА КӨРСӨТКӨН «БЕЗПРЕДЕЛЬЩИК» КАРМАЛДЫ

 402 Бардыгы /

Бул туурасында УКМКнын маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, УКМКга Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургундарынан 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын тургунуна карата, мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары сыпаттаган жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда, Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зордук-зомбулук көрсөттү деген кайрылуулары келип түшкөн.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде А.О.С. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Ошол эле учурда А.О.С.нын жашаган жерин тинтүү маалында уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды.  Ушул тапта тергөө иштери абдан кызуу жүрүп жатат. 

Кыргыз Республикасынын УКМКсы кармалган А.О.С. тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын  Жалал – Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: (WhatsApp: 0995 012210) кайрылууну өтүнөт.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17