Аймак

ОШ ШААРЫНДА КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК КЕҢЕШ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРДУ

ОШ ШААРЫНДА КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК КЕҢЕШ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРДУ

 1,335 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү» жана «Улуттук нарк» жарлыктары Ош жергесинде ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткан чагы.

 Аталган жарлыктарды аткаруу алкагында  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү, мындан тышкары Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, Конфессиялар аралык Кеңештин спорттук иш-чаралары өткөрүлдү.         Ошентип, аталган спорттук иш-чарага мамлекеттик мекемелерден, диний уюмдардан, журналисттер жана ишкерлерден түзүлгөн командалар катышты. Жеңүүчүлөргө баалык сыйлыктар жана Ардак Грамоталар тапшырылды.

        Эске салчу жагдай: 2022-жылы Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш Кыргыз Рес публикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо,  мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында гана түптөлгөн.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17