Аймак

БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН КАПИТАНЫ ОПУЗАЛАП ПАРА ТАЛАП КЫЛУУ ШЕГИ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН КАПИТАНЫ ОПУЗАЛАП ПАРА ТАЛАП КЫЛУУ ШЕГИ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 1,530 Бардыгы /

Бажы кызматынын капитаны опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “Кызыл-Кыя – авто жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Бажы кызматынын айрым өкүлдөрү жеке ишкерлерден опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

“9-майда “Кызыл-Кыя – авто жол” бекетинде Бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды”, – деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекемеден бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17