Аймак

МЕЧИТТЕРДЕ УУРУЛУК ЖАСАГАН ШЕКТҮҮЛӨРДҮ КАРМАЛДЫ

МЕЧИТТЕРДЕ УУРУЛУК ЖАСАГАН ШЕКТҮҮЛӨРДҮ КАРМАЛДЫ

 417 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Токтогул милициясы мечиттерде уурулук жасаган шектүүлөрдү кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 26-апрель күнү Токтогул РИИБге Токтогул шаарынын 44-жаштагы тургундары А.К. жана Я.К. арыз менен кайрылышып, анда Токтогул шаарынан өткөн Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан “Нур” мечитинин ичинде болжол менен саат 13.30 чамасында намаз окуп жаткан учурда, А.К. таандык болгон жерде турган курткасынын чөнтөгүнөн баасы 25 000 (жыйырма беш) миӊ сомдук уюлдук телефонун жана 4000 (төрт миӊ) сом акчасын, ал эми Я.К. таандык терезеде турган Редми 13С үлгүсүндөгү (11000 сомдук) уюлдук телефонун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткенин билдирип, кылмышкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. Натыйжада арыз ээлерине жалпы 40 000 (кырк) миӊ сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча арыздар Токтогул РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинин (Уурулук) негизинде Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, бул кылмыштардын  бетин ачуу максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары  Бишкек шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Т. у К. жана анын кылмыштуу шериги Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну Т.Д. кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2024-жылдын 11-май күнү тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, тергөө амалдары улантылып жатат. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17