Аймак

ЖАРАНДАРДЫН МЕНЧИГИНЕ МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

ЖАРАНДАРДЫН МЕНЧИГИНЕ МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 192 Бардыгы /

ЧҮЙ. Жарандардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен 51,6 млн сомдук 11,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, Чүй областынын Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандардын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, кезектүүлүк тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жер тилкелери берилери жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен жер үлүшүн алган жарандардын тизмеси бекитилгендигине карабастан, системалык каттоо учурунда Маевка айыл аймагындагы 11,2 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери экинчи ирет Б.Т., А.К. жана Ш.К. аттуу жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигине мыйзамсыз катталып кеткендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде 51млн 615миң 400 сомду түзгөн 11,2 га жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17