Аймак

ИРАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ТИК УЧАК КЫЙРООСУНДА НАБЫТ БОЛГОНУ ЫРАСТАЛДЫ

ИРАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ТИК УЧАК КЫЙРООСУНДА НАБЫТ БОЛГОНУ ЫРАСТАЛДЫ

 1,041 Бардыгы /

Ирандын президенти Эбрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахияндын сөөгү Ирандын түндүк-батышындагы Азербайжан менен чектеш аймактан табылды.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 20-майда кабарлагандай, президент бараткан тик учак катаал аба ырайынын кесепетинен кыйраган.

Мамлекеттик маалымат каражаттары президенттик администрация чукул жыйын өткөрүп жатканын жазышты.

Ирандын мыйзамдарына ылайык, президенттин өлүмүнөн кийин бийлик биринчи вице-президентке өтөт. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.

Парламент төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент курамына кирген Кеңеш жаңы президенттик шайлоону 50 күндүн ичинде уюштурууга тийиш.

Куткаруучулар 19-май күнү кыйраган тик учакты кылдат издешкени кабарланды.

WWW.

Президент отурган тик учак Жулфа шаарынан көп узабай, Тебризди көздөй бара жатып кулаган.

Иран өкмөтүнүн маалымдашынча, кыйраган тик учак колоннадага үч тик учактын бири болгон, калган экөө Тебризге аман-эсен жетип конгон.

Раиси 19-майда эртең менен Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышына катышкан. Бул эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17