Аймак

Өзбекстанда жашы жете элек балдарын үйлөндүргөн ата-энелер айып пулга жыгылды

Өзбекстанда жашы жете элек балдарын үйлөндүргөн ата-энелер айып пулга жыгылды

 1,401 Бардыгы /

Өзбекстандын Бухара шаарында жашы жете элек балдарына үйлөнүү той өткөргөн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак жергиликтүү маалымат каражаттары 29-июнда 16 жаштагы бала менен 17 жаштагы кыздын үйлөнүү үлпөтү “Фатхобод” банкеттик залында болгонун жазышкан.

Бул фактынын негизинде Каракөл райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, ата-энелерге “Нике курагы жөнүндө мыйзамды же никеге туруу эрежесин бузуу” беренеси боюнча протокол түзгөн.

Нике курагына жете элек адамдарды никеге тургузганы үчүн 7 негизги эсептик көрсөткүчтөгү (2,38 млн сум) айып салынды.

Маалым болгондой, ата-энелер диний жөрөлгө менен нике кыйдырган эмес, никени ЗАГСка каттаткан да эмес, үлпөт той гана өткөрүшкөн.

Өзбекстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, никеге туруу курагы – эркектер үчүн да, аялдар үчүн да 18 жаш.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17