Аймак

ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ

ОКУРМАН  ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ

 3 Бардыгы /

ОКУРМАН  ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

(мында алдын ала “Биринчи упай беттеши” деген китептерди таркатып беребиз апалары менен чогуу окушат)

ПРОГРАММАДА.

  1. Мугалимдин сөзү
  2. Кадамдар менен апалар балдарына каалоо айтышат
  3. Командалар ат коюшат,коргоп беришет
  4. Берилген китепти окушуп чыгармалар боюнча суроо берилет, ойлорун айтышат
  5. Оюн
  6. Макал улоо
  7. Китепче жасоо

Максаты: 1. Окуучулардын ой жүгүртүүсүн,эске тутуусун,сүйлөө речин өстүрүү.  2.Жаратылышты коргоого,Мекенди сактоого тарбиялоо.

1.Мугалим —– Ким китеп окуй билсе, күтүнө билсе,

Эки дүйнө жарык берер ишине.

Китепте акылмандын насааты бар,

Башкару ыкмалары эсте турат.

Китеп көп арап,тажик тилдеринде,

2. Бул китеп эң биринчи биздин тилде,демекчи анда кол чабуулар менен апаларды жана окуучуларды чакырып алсак.

1).Нурдубековдор үй-бүлөсү, бир кызы эки баласы менен.

2).Тайырбековдор үй-бүлөсү эки баласы менен.

3). Нурмаматовдор үй бүлөсү эки баласы менен.

4). Урайымовдор үй-бүлөсү эки кызы менен киришип топ-топторго бөлүнүшөт.

3. Китеп деген бир укмуш

Камтыйт аалам сырларын

Талбай окуп,түшүнүп

Акылдуу бол,бил баарын демекчи  ар бир команда  ат коюшуп  аттарын  жактап беришти.

1).Нурдубековдор үй-бүлөсү  “Илим” командасы

2). Тайырбековдор үй-бүлөсү   “Окмуштуулар оту”

3). Нурмаматовдор үй бүлөсү   “Ынтымак” командасы

4). Урайымовдор үй-бүлөсү  “Окурман”  командаларга бөлүнүшүп ат коргоп беришти.

4 Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген

Ак булуттун үстүндө,

Айга жакын жүргүзгөн

Китеп-менин акылым

Китеп менин жакыным – демекчи анда окуп келеген китептер боюнча кыскача ойлорунарды айткыла андан соң суроолорго кезек беребиз.

Суроону оюн аркылуу беребиз ар бир топтон чыгабыз колунардагы кубикти таштайбыз кайсы түскө келсе алып соороолорго жооп беребиз.

  1. Нурдубековдор үй-бүлөсү  “Илим” командасына суроо: Кандай улуттук оюндарды билесиң? . Чыгармадагы каармандарды ата.
  2. Тайырбековдор үй-бүлөсү “Окмуштуулар оту” Суроо: Сиздин кичине кезиңизде апаныз көзүңүз  бузулат деп телефон тартып алганда таарынчу белеңиз?-деген суроого чоң атасынын жообу.Упай деген оюн кандай оюн,аны кимдер ойнойт.
  3. Нурмаматовдор үй бүлөсү “Ынтымак” командасына суроо:Канча чүкө бир басым деп аталат? Кызыл чүкөнү эмне деп атады?
  4. Урайымовдор үй-бүлөсү “Окурман”  командалага суроо: Чүкөлөрдүн абалын атап бер? Чыгарма эмне менен аяктады? Берилген суроолорго окуп келгекн китеп боюнча жооп беришти.

5.Оюн ойноо мында окуучулар чүкө топтойт ким көп чүкө топтосо ал упайга ээ болот.

6.Макал улоо (сүрөттүү) мында телевизордон макалдар көрсөтүлдү командалар жооп беришти.

7.Китепти сүй баркын бил,

Китептин көп акылы,ким китепке дос болсо,ал ошонун жакыны демекчи анда  китепче  жасоо баштайбыз ар бир топко 5 мин берилет.

Акырында командалар шириндиктер берилип  грамоталара менен сыйланды. “Эң мыкты окурман үй-бүлө”, “Чыгармачыл үй-бүлө”, “Тапкычтар үй-бүлөсү”, “Шамдагайлар үй-бүлөсү”деген номинациялар берилди.

Жакындан жардам берген 4-а классынын класс жетекчиси Айчүрөк Алымкулова жана 4-б классынын класс жетекчиси Одина Мырзабаева эжеклерге терең ыраазычылык билдирүү менен ырахматымы айтамын. Эжекелердин ишине ийгилик, бекем денсоолук,үй бүлөлүк бакыт каалап кетемин.

Бакытбек АКПАРАЛИЕВ, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17