Аймак

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА “АРАКЕТ”РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА “АРАКЕТ”РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Тогуз-Торо районунда өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн “Аракет”реабилитациялык борборунун жаңы имараты ачылды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Тогуз-Торо районунун Казарман айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Аракет” реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Жаңы имаратта өзгөчө камкордукка муктаж балдардын күндүзгү реабилитациядан өтүүсүнө, өнүгүүсүнө жана социалдык көндүмдөрүн калыптандырууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Тилек Текебаев борбордун ачылышы райондогу балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун белгилеп, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн “Сармат” курулуш компаниясына ыраазычылык билдирди. Жалпы сметалык баасы 18 миллион сомду түзгөн долбоорго Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, жеке демөөрчү “Сармат” курулуш компаниясы 13 миллион сом каражат жумшаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан борбордун курулушу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 248 бала бар. Алардан 50 бала реабилитациялык борбордун күндүзгү тейлөө, массаж, өнүктүрүү жана өзгөчө муктаждыктарына ылайык билим берүү кызматтарын алышат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17