Аймак

АКУШ АСАНБАЕВ: “САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ БҮГҮН ТЕГИЗ ӨТПӨСӨК, ДҮЙНӨЛҮК КӨЧТҮН АРТЫНДА КАЛМАКПЫЗ”

АКУШ АСАНБАЕВ: “САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ БҮГҮН ТЕГИЗ ӨТПӨСӨК, ДҮЙНӨЛҮК КӨЧТҮН АРТЫНДА КАЛМАКПЫЗ”

 4,474 Бардыгы /

Санариптештирүү – билим сапатын жогорулатууга даңгыр жол ачты. Ал эми электрондук кезек бала бакчалардагы жемкорлукка жана тааныш-билишчиликке акыры биротоло чекит койду. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш АСАНБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде бул кашкайган чындыкты ачык эле моюндады.

Акуш мырза, Президент Сооронбай Жээнбеков 2019- жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялабадыбы. Демек, Ноокат райондорунун мектептеринин бардыгы компьютерлер менен толук камсыз этилгенби? Аларда интернет деген барбы? Эми булардын баарын кантип санариптештиресиздер?

-Ноокат районунда жалпы жонунан 112 мектеп бар. Ошончо билим журтунун 90у интернет түйүнүнө дээрлик туташтырылган. Жакын арада калгандарын дагы бүт бойдон электрондоштурабыз. Буга улай ар бир мектепти экиден заманбап сыналгы менен дагы камсыз эттик. Ошондо жалпысынан 224 сыналгы менен республикалык “БилимТВ” телеберүүсү аркылуу бардык мектептерде мындан ары санариптештирилген гана сабактар өтүлөт. Мындан тышкары былтыр класттарга 82 интерактивдүү доскалар орнотулса, быйыл булардын санын 98ге жеткирилди. Биздин мындай күч-аракетибиз жыл аягына дейре дагы улантылат.

–  Танганда эмне? Агартуу тармагы өлкөбүздөгү эң коорупциялашкан түйүн экендиги жашыруун эмес.  Өөрчүгөн жемкорлукту азайтуу, же андан биротоло арылуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

– Ноокат районунда 84 бала бакча бар.  Баарына тең электрондук кезек системасын толук кандуу киргизгенбиз. Демек, бул  тармакта бизден кынтык табуу дегеле мүмкүн эмес!

Ал эми билим сапаты боюнча адегенде эле айтып коюуга тийишмин:ЖОЖдорубуздан мектепке жөнөтүлгөндөрүн көпчүлүгүнүн билим деңгээли дээрлик төмөн. Менимче, контракттык негизде окутуу буга кедергисин гана тийгизип, жолтоолук кылып жатат өңдөнөт.

Мына, соңку жылдарда мугалимдердин маянасы жетиштүү эле даражага көтөрүлдү. Ошого жараша арбою дагы күн өткөн сайын артып олтурат. Андыктан, бүгүн Кыргызстандагы агартуу тармагында кесипкөйлөр армиясы калыптанып баратат десем жаңылышпаймын. Бизге адашып, арам максат менен келгендерден дээрлик арылып бүткөнбүз. Ушул тапта мектептерде жалаң чыдагандар – өз кесибин сүйүп, ардактап жана бара-бара такшалгандар гана калышты. А жалакайлар эбак өздөрү эле агартуудан таптакыр кол үзүшкөн.

– Акуш агай,  деги эле Кыргызстанда билим берүүнү толук кандуу санариптештирүү системасынын келечеги барбы?

– Албетте, бар! Моминтип санариптештирүүгө бүгүн тегиз өтпөсөк, а эртең   дүйнөлүк көчтүн артында эле калып кетмекпиз. Агартуу тармагын санариптештирүү, биринчиден, жемкорлукка гана биротоло бөгөт койду. Экинчиден,билим берүүнүн сапатын дагы дээрлик жогорулатып, жаңы жана заманбап тепкичке көтөрүп жатат. Үчүнчүдөн, санариптештирүү системасы элеттик окуучулардын дагы Эл аралык сынактарга байма-бай катышуусун шарттады. Маселен, районубуздагы Камбаралы Бобулов атындагы орто мектептин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн “үч жарык” командасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн Эл аралык сынакта КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду багындырды. Ал эми Т. Темиралиев атындагы орто мектептин 3-классынын окуучусу Айчолпон Талипжанова Дубай шаарында өткөрүлгөн Арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи  орунду ээледи. Буга он беш мамлекеттин бир миң 500 окуучусу катышкан эле.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17