Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1,409 Бардыгы / МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер […]
1,410 Бардыгы / МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер […]
МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАНА МИНИСТРИ МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
04.02.2019 / Автор aymak1,411 Бардыгы /
МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер менен бетме-бет жолугушту.
Адегенде Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз мамлекетинин башчысы жана Кыргыз Өкмөтү тарабынан жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткаништер туурасында кең-кесири маалымат жасады. Ошондой эле өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүүсү үчүн чет өлкөлөрдөгү Кыргыз диаспораларынын ролу зор экендигин дагы баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин Кыргыз диаспорасы, эмгек мигранттары менен мындан ары туруктуу жүргүзө турганиш-аракеттерине дагы өзүнчө токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлери жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо багыты боюнча консулдук ишмердүүлүгү жана Элчиликтин укуктук ишмердүүлүгү, буга улай дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин мындан ары күчөтүү зарылчылыгы туурасында жетиштүү маалымат жасашты. Ушуга улай Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Кожобаев, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Коомбаев өз иштеринин негизги багыттары, 2018-жыличинде аткарылган жумуштар туурасында дагы кеңири отчет беришти.
Сөз арасында Кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын аксакалдары, жетекчилери жана активисттери Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчиси кызматына дайындалышы менен Аликбек Жекшенкуловду кызуу куттукташып, анын жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди гана тилешти. Ошондой эле жолугушуу маалында Элчи Аликбек Жекшенкулов эли-жерин коргоо үчүн курман болгондорду эскерүү менен Кыргыз жана Орус элдеринин жалпы тарыхый жана руханий мурастарын сактоо максатында Орусиянын Тверь облусунун Ржев аймагынын алдында Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде каза тапкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузууну демилгеледи. Бул сунушту диаспоралык уюмдардын активдери дагы бир добуштан кубатташты.
Андан ары жолугушуу «Суроо-Жооп» форматында улантылды. Жыйырма бештен ашуун катышуучу “Жүк-200”жеткирүү үчүн каражаттын төлөнүшү,мектеп жана бала бакча жашындагы балдардын Орусия жергесинде билим алуусу,авиа жана темир жол билеттеринин наркын төмөндөтүү, Орусия жергесине чыгып жаткан эмгек мигранттарынын тынч жашоосун камсыздандыруу туурасында дагы суроо-сунуштарын айтышты. Булардын бардыгына жеринде эле тийиштүү жоопторду алышты.
Жолугушуунун акырында Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештерди биргелешкен иштерге активдүү киришип, диаспоранындараметин топтоп, 2018-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Президентинин Жарлыгы менен уюшулган чет өлкөлөрдөгү мекендештерменен байланыш боюнча Кеңештин алдында коюлган максат-милдеттердибиргелешип жүзөгө ашырууга үндөдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
28.02.2024 / Автор anarkan_kg «АЛАЙ» ФУТБОЛ КОМАНДАСЫНЫН ТЕЛЕФОНДОРУН УУРДАП КЕТИШТИ
-
13.03.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНА 1,5 МИЛЛИОН ДААНА ГҮЛ ОТУРГУЗУЛАТ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.