Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,634 Бардыгы / Бүгүн, 6-февраль күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев Ноокен районуна иш сапары менен барды. Алгач, иш сапардын башында Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун эли менен жолугушту Жолугушууну Ноокен районунун акими Э. Маматаев алып барып, областтык, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Област башчы К. Сатыбалдиев: […]
1,635 Бардыгы / Бүгүн, 6-февраль күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев Ноокен районуна иш сапары менен барды. Алгач, иш сапардын башында Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун эли менен жолугушту Жолугушууну Ноокен районунун акими Э. Маматаев алып барып, областтык, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Област башчы К. Сатыбалдиев: […]
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ НООКЕН РАЙОНУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ
06.02.2019 / Автор aymak

1,636 Бардыгы /
Бүгүн, 6-февраль күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев Ноокен районуна иш сапары менен барды.
Алгач, иш сапардын башында Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун эли менен жолугушту Жолугушууну Ноокен районунун акими Э. Маматаев алып барып, областтык, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Област башчы К. Сатыбалдиев: “Башка аймактар сыяктуу эле Ноокен районунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү учур талабы. Биз бул жерге маалымат бергени эмес. Сиздерден суроо-сунуш, көйгөйлөрдү укканы келдик. Кайсы тармакта кандай көйгөйлөр болсо айтсаңыздар, тиешелүү жетекчилер жеринде жооп берип, чечүү маселесин колго алышат”-деп белгиледи.
3 саатка созулган жолугушууда жергиликтүү эл тарабынан аймактагы бир катар социалдык маселелер айтылып, мектеп, кадр маселеси, жол, ичүүчү суу сыяктуу көйгөйлөр туурасында суроолор берилип, тармактык жетекчилерден жооптор алынды.
Ошондой эле иш сапардын алкагында, Масы айылындагы Шамшидин Сүйөркулов атындагы Ноокен аймактык ооруканасынын абалы менен таанышып, медициналык жабдууларын көрдү.
“191 койкага ылайыкташтырылган оорукананын абалы көңүл жылытаарлык. Натыйжалуу аракеттер жүрүп жатат. Оорукананын аймагына кайра калыбына келтирүү борбору курулса, жергиликтүү тургундар үчүн дагы да жакшы шарт түзүлөт. Анткени материалдык-техникалык база жетиштүү”-деп белгилеген К. Сатыбалдиев жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, аймактык оорукана 7 бөлүмдөн жана 5 пара клиникалык бөлүмдөрдөн туруп, 57 дарыгер эмгектенет.
Област жетекчи андан соң, Ноокен районунун Арал айыл аймагындагы Жогорку Арал айылында жайгашкан “Иса агай” атындагы №29 балдар бакчасын көрүп, абалы менен таанышты.
К. Сатыбалдиев: “Областыбызда “2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылында” бир катар социалдык обьектилер курулуп, пайдаланууга берилди. Быйылкы 2019-жылы да курулуш иштерине өзгөчө басым жасап, мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу, чет элдик грант, инвестициялар аркылуу билим берүүчү мекемелерди көбөйтүп, балдардын татыктуу тарбия, жетиштүү билим алуусуна колдон келишинче шарт түзүшүбүз кажет”-белгиледи.
“Иса агай” бала бакчасы 75 балага ылайыкташып, жергиликтүү жана райондук өнүктүрүү фонду аркылуу, 13 млн. 141 миң сом акча каражатына салынган. Мекемеде 18 кызматкер эмгектенет.




Өкүлдүн басма сөз катчысы Н.Алмазбекова
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛ МЫЙЗАМЫ-ӨМҮР МЫЙЗАМЫ
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ ТУУРА ЭМЕС ЭКЕНИН АЙТТЫ
-
12.03.2025 / Автор anarkan_kg БАЛА ӨМҮРҮ- БААРЫНАН КЫМБАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.