Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,852 Бардыгы / Тажикстанда тыюу салынган ислам партиясынын өмүр бою эркинен ажыратылган жетекчилеринин бири Махмадали Хаит кыйноолорго кабылууда. Бул тууралуу оппозициячы менен тергөө абагында жолугуп чыккан жубайы Савринисо Жураева билдирди. Анын айтымында, абактын жетекчилиги анын телеканалдар аркылуу Ислам кайра жаралуу партиясын айыптап сүйлөп берүүсүн талап кылууда. «Күйөөм тергөө абагынын жетекчилиги анын телеканалдардан Ислам кайра жаралуу партиясын […]
1,853 Бардыгы / Тажикстанда тыюу салынган ислам партиясынын өмүр бою эркинен ажыратылган жетекчилеринин бири Махмадали Хаит кыйноолорго кабылууда. Бул тууралуу оппозициячы менен тергөө абагында жолугуп чыккан жубайы Савринисо Жураева билдирди. Анын айтымында, абактын жетекчилиги анын телеканалдар аркылуу Ислам кайра жаралуу партиясын айыптап сүйлөп берүүсүн талап кылууда. «Күйөөм тергөө абагынын жетекчилиги анын телеканалдардан Ислам кайра жаралуу партиясын […]
ТАЖИКСТАНДА ИСЛАМ ПАРТИЯСЫНЫН ӨМҮР БОЮ СОТТОЛГОН ЛИДЕРИ КЫЙНООГО АЛЫНЫП ЖАТКАНЫН БИЛДИРДИ
11.03.2019 / Автор aymak

1,854 Бардыгы /
Тажикстанда тыюу салынган ислам партиясынын өмүр бою эркинен ажыратылган жетекчилеринин бири Махмадали Хаит кыйноолорго кабылууда. Бул тууралуу оппозициячы менен тергөө абагында жолугуп чыккан жубайы Савринисо Жураева билдирди.
Анын айтымында, абактын жетекчилиги анын телеканалдар аркылуу Ислам кайра жаралуу партиясын айыптап сүйлөп берүүсүн талап кылууда.
«Күйөөм тергөө абагынын жетекчилиги анын телеканалдардан Ислам кайра жаралуу партиясын айыптап сүйлөп берүүсүн талап кылып жатканын айтты. Мунун баары кыйноолор жана уруп-согуулар менен коштолуп жатыптыр», — деди Жураева.
Анын айтымында, күйөөсү абактагы шарттарга даттанып, анын Башкы прокуратурага, Жазаларды аткаруу кызматына жана эл аралык укук коргоо уюмдарына даттануусун өтүнгөн. «Ал эгер жарым жылдан кийин өлүп калса, буга кыйноолор менен начар шарттар себеп болгон болот деди», — деп билдирди аялы.
Бирок өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматы оппозициячынын кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Мекеме башчысы Мансуржон Умаров январда Хаит менен жолукканын билдирди. «Эч нерсеге даттанган эмес. Эгер туугандарында маалыматтар болсо, алар Башкы прокуратурага кайрыла алышат», — деди ал.
Махмадали Хаит 2016-жылы июнда өлкөнүн Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдулхалим Назарзоданын аскердик козголоң жасоо аракетине тиешеси бар деп айыпталууда. Бул иштин алкагында Ислам кайра жаралуу партиясынын дээрлик бардык жетекчилери камакка алынып, партиянын өзү террордук деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында тыюу салынган.
Былтыр жазында БУУнун негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Душанбеден 60 жаштагы Махмадали Хаитти тез арада бошотууну талап кылган. Анда Хаиттин кармалышы жана ага карата чыккан сот өкүмү эл аралык укуктарды буза турганы белгиленген.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
12.06.2024 / Автор anarkan_kg МИСТЕ ТОКОЙЛУУ ЖЕРГЕ КУРУЛУШ КУРГАН АДАМ АЙЫПТАЛДЫ
-
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЛЕРДЕ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.