Аймак

USAID КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНЕ 110 МИҢ КИТЕП ТАРТУУЛАДЫ

USAID КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНЕ 110 МИҢ КИТЕП ТАРТУУЛАДЫ

 2,314 Бардыгы /

         БИШКЕК. АКШнын Өкмөтү Американын Эл аралык өнүгүү Агенттиги  (USAID) аркылуу Кыргызстандын 900 мектебине 110 257 балдар үчүн китептерди бекер тартуулады. Булардын арасында 32 аталыштагы кыргыз жана орус тилдериндеги аңгемелер, ырлар, жомоктор, ошондой эле математикалык сабаттуулукту өнүктүргөн китептер бар. Бардыгы тең USAIDдин «Окуу мезгили» долбоорунун алкагында басылган.

            Китепти тапшыруу салтанатына Билим берүү жана илим министриГүлмира Кудайбердиева жана АКШнын USAID уюмунун вазийпасынын Кыргызстандагы директору   Гэри Линден катышты.

– Бул китептер балдарды китепти сүйүүгө гана каныктырат. Ошондой эле китеп окууга чын дилден үйрөтөт. Буга улай алардын сүйлөө речинин бара-бара өнүгүшүнө олуттуу салым кошот, – деди АКШнын USAID уюмунун вазийпасынын Кыргызстандагы директору   Гэри Линден.

– Бул китептер атайын серепчилер тобу тарабынан жактырылып, анан гана көп нускада басылды. Баары тең биздин министрлик тарабынан бекитилди, – деп кошумчалады Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева. – Эми булардын бардыгы тең мектептерибиздин китепканаларын сапаттуу адабияттар менен толуктоого жардамдашат.

            Айтмакчы, АКШнын Эл аралык өнүгүү Агенттиги  (USAID) «Окуу мезгили» долбоору төрт жылдык долбоор. Мунун үчүн 9,9 миллион доолар Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн. Долбоордун эң башкы максаты – Кыргызстандагы башталгыч класттардын окуучуларынын шар окуусуна шарт  жаратуу. Бул максатта 2014-жылдан тартып USAIDбашталгыч класстардын 17 500 мугалимине шыр окуунун усулдарын катуу үйрөттү.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17