Аймак

АРДАГЕРЛЕР БЕРИЛИП УККАН МУЗЫКАНЫН АВТОРУ КИМ БОЛГОН?

АРДАГЕРЛЕР БЕРИЛИП УККАН МУЗЫКАНЫН АВТОРУ КИМ БОЛГОН?

 3,016 Бардыгы /

«Прощания славянки»

маршын уккандан кийин…

 

…Анда өспүрүм курагыбыз. 1970-жылы Улуу Жеңиштин 25 жылдыгына карата бул майрам Ноокат районундагы №44-жылкы заводунда чоң салтанат менен белгиленген. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери арабызда көп болчу. Чарбанын жетекчилиги Жеңиш күнүнүн алдында бардык айылдагы ветерандарды чогултканда аларга арналып, атайын багылган чоң бука же топоз союлчу.

Биздин чакан Күнгөй-Кожоке айылындагы жогорку көчөдө Жолдош, Ысман, Мурза, Жоро, Курманбай, андан кийинки көчөдө Митал, Абдибали, Зулун, Ислам, Эсенали, Өсөр, Сатыбалды, Жусуп, Сулайманкул, төмөнкү эки көчөдө Калмурат, Көчкөн, Дамин, Дооран, Тургунбай, Ысак, Гүлжигит, Кален, Али, Кубат, карабаштык Арап, Абдыганы абалардын көздөрү тирүү эмес беле. Алардын арасында менин атам Турсун да бар эле.

Алар бири-бири менен жолугуп калганда дегеле сөздөрү бүтчү эмес. Ардагерлер согушта болгон күндөрүн, госпиталда жаткан учурларын, кан майдандан кайтпай калган Анар эненин үч, Айназик эненин эки уулун, андан кийин Эрмек, Шерали, Шакир аттуу айылдаштарын көп эстешчү.

Бир жолу үйгө атамдын достору келип, аңгемелешип отурушкан. Радиодон «Прощания славянки» маршы берилип калды. Төртөө тең сөздөрүн токтотуп, музыкага кулак салып калышты. Атам мага кайрылып:

-Радионун доошун бийик чыгарып койчу!-деп калды. Мен чуркап барып, анын үнүн болгонунча бийиктетип койдум.

Ардагерлер былк этпей угуп турушту. Алардын эмеле жаркылдап турган кабактары бүркөлө түшүп, жүздөрү муңайым тартып баратты. Жүүн-муунду бошоткон, жүрөктү эзген, бирок толкунданткан бул музыкалык чыгарма мени да өзүнө тартып алды. Көз алдыма колуна курал кармап, аскер кийип, майданга узап бараткан солдаттар, аларды узатканы келген аялдары, балдары тартылды. Жоокерлердин айрымдары туулган жерин, үй-бүлөсүн акыркы жолу көрүп жаткандыгын элестеттим…

Музыка бүткөндөн кийин атамдын достору бул марш «Прощания славянки» маршынын алдында аскерге жаңы чакырылгандарды жана аскер кызматын аяктагандарды узатуу салт болуп калгандыгын, 1945-жылы 24-июнда Кызыл Аянтта болуп өткөн Жеңиш парадында ойнолгондугун, музыканын автору Агапкин экендигин айтышып, бири-бирине «анын өмүр-баянын, чыгармачылык жолун билип коюш керек экен» деп калышты.

Бул музыканы студент кезде да угуп, атамдын досторунун «Агапкиндин өмүр-баянын, чыгармачылык жолун билип коюш керек экен» деген сөздөрүн эстеп, ошол күнү атайын Чернышевкий атындагы китепканага баргам.

«Прощания славянки» маршынын автору Василий Иванович Агапкин тууралуу жазылган китептерди, гезит-журналдардардын баарын чогултуп, окуй баштадым. Ушунчалык кызыккан экемин, баары менен таанышып чыктым…

Агапкин Василий Иванович 1884-жылы 22- январда Рязан губерниясынын Михаилов уездинин Шанчерово кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы Иван Иустинович Астрахань шаарында жүк ташуучу болуп иштеген. Василий бир жашка чыкканда анын апасы каза болот. Атасы экинчи жолу үйлөнүп, баланы өгөй апасы Анна Матвеевна тарбиялап чоңойтот. Василий 10 жашка чыкканда оор жумуштан улам ден-солугунан айрылган атасы да дүйнөдөн кайтат.

Кир жуугуч болуп иштеген көп балалуу Анна Матвеевна аргасыздан Васяны жана өзүнүн эки кызын колунда бар адамдарга кызматкерликке берүүгө аргасыз болгон.

Бир жолу майрамда Вася аскердик үйлөмө оркестр менен катарлаш туруп калат. Дээринде бар балага музыка катуу таасир берип, музыканттар менен жакындан таанышып калат. Алардын жардамы менен Агапкин резервдеги 308-падышалык батальондун оркестринин окуучусу катары кабыл алынат. Василий 14 жашында полктун корнетист-солисти деп таанылып, анын тагдыры аскердик оркестрге байланат.

1906-жылы В. Агапкин Тибилисинин алдында турган 16-Твер драгун полкуна аскердик кызматка чакырылат. Милдеттүү аскердик кызматы аяктагандан кийин 1909-жылы ал Тамбов шаарына келип, 7-запастагы кавалериялык полкко штаб-трубач болуп кызматка орношот.

Ольга аттуу кызга баш кошкон, үй-бүлөлүү, 27 жаштагы В. Агапкин Тамбовдогу музыкалык окуу жайынын жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспаптар классында окуй баштайт. Ал шаардагы эң мыкты окутуучусу Федор Михайлович Кадичевден сабак алган.

1912-жылы октябрь айында биринчи Балкан согушу башталат. Түрктөрдүн беш кылымдык эзүүсүн каршы күрөшкө чыккан славян өлкөлөрүнө жан тарткан орус ыктярдууларынын Балканга аттанышкан окуянын таасири менен Агапкин «Прощания славянки» маршынын музыкасын жаратат.

Уккан адамдын жан-дүйнөсүн козгогон бул музыкалык чыгарма тез эле элге тарап, угуучулардын берилип уккан чыгармага айланып кетет. Октябрь социалисттик революциясынан кийин Василий Агапкин 1918-жылы өз ыктяры менен Кызыл Армиянын катарына кирип, биринчи кызыл атчандар полкунда үйлөмө музыкалык аспаптардын оркестрин уюштурган. 1920 –жылы Агапкин Тамбовго кайтып келип, музыкалык студияны жана ГПУнун аскерлеринин оркестрин жетектеген. 1922-жылдын 5-августунда Василий Агапкин Тамбовдо оркестр менен коштошуу кечесин өткөргөн. Андан кийин Москвага көчүп кеткен. Ал 1924-жылы январь айында Ленинди акыркы сапарга узатуу боюнча уюштурулган иш-чарага катышкан. 1928 –жылы Агапкин кароосуз калган балдардын ичинен таланттуларын тандап алып, үйлөмө аспаптардан турган оркестр уюштурган. Алардын көпчүлүгү кийин белгилүү музыкант болушкан.

1930- жылдары СССР Ички иштер Эл комиссиартынын алдындагы Жогорку мектебинин оркестрин жетектеген.

УлууАта Мекендик согуш башталганда В.Агапкинге 1-рангадагы аскер инденданты чини берилип, НКВДнын Дзержинский атындагы айрым мотоаткычтар дивизиясында улуу капельмейстери, тактап айтканда оркестрдин дирижеру болуп дайындалган.

1941-жылы 7-ноябрда Москванын Кызыл аянтында болгон аскердик парадда биргелешкен оркестрге дирижерлук кылган. В.Агапкин жетектеген оркестр 1945-жылы 24 июнда Кызыл Аянттагы Жеңиш парадына катышкан.

УлууАта Мекендик согуш аяктагандан кийин Василий Иванович Агапкин Москва областынын Хотькова шаарында жашаган. Ал 1956-жылы 72 жашында полковник чини менен ардактуу эс алууга чыккан. В.Агапкин 1964-жылы 29-октябрда каза болуп, анын сөөгү Москвадагы Ваганьков мүрзөсүнө коюлган.

Музыканттын Борис аттуу уулу, Аза атуу кызы болгон. Неберелеринин ысмы Юрий, Владимир. Чебересинин аты Александр. Ал жашаган Хотькова шаарында үй сакталып калган.

Китепкандан окуган маалыматтарды айылга барганда атамдын досторуна айтым бергем. Алар өтө берилип угушкандыгы эсимде.

1990-жылдарда Фрунзеде (азыркы Бишкекте) иштейт болчумун. Атамдын көзү барында ар дайым Жеңиш майрамы менен куттуктаганы айылга келип кетчүмүн. Бир ирет келгенде ардагерлерди райондун акимчилиги райондун борбору Ноокатта сыйлап жатыптыр. Алардын арасында атам баягы төрт досу менен барган.

Салтанат 10до башталмак. Салт менен «Прощания славянки» маршы ойнолуп, ал аягына чыкканда атамдын Али деген досу башка аймактардан келген Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына анын автору Василий Иванович Агапкиндин өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Ардагерлер үчүн бул маалымат кызык окшобойбу, көңүл коюшуп, кулак төшөп угушту. Бул марш ардагерлердин жүрөгүнө жакын, жаш кездерин эске түшүргөн музыкалык чыгарма экендигине дагы бир жолу ынангам.

…Өткөн жылы Улуу Жеңиш күнүнүн алдында айылга айылга барсам, баягыдай төштөрү орден-медаль тагынган ардагерлер жок калыптыр. Баарынын көзү өтүп кеткендигин эстеп, жүрөгүм туз куйгандай ачышты.

Студент кезде Агапкин тууралуу маалыматтарды издеп Чернышевкий атындагы китепканада отурган учурду жана атамдын досторуна айтып берген күндү, алардын менин сөзүмү кунт коюп отуруп уккан учурларын эстедим.

Эгер алар тирүү болгондо, баягы айтылгандарга «Прощание славянки» маршы Россиянын Тамбов областынын гимни болуп калгандыгын, 2014-жылы 8-майда Москванын ири Белорусс вокзалында «Прощание славянки» маршынын мазмунун чагылдырган скульптуралык комплекс ачылгандыгын, 2014-жылы 16-августта Агапкиндин туулган айылы Шанчероводо анын бронзодон жасалган бюсту орнотулгандыгын, 2014-жылдын декабрында «Прощание славянки» маршынын жазылгандыгын 100 жылдык урматына Хотьков шаарынын Орленок тоосунда эстелик белги тургузулгандыгын, 2015-жылы 21-июнда Тамбовдо Василий Агапкин менен Илья Шатровго арналган скульптуралык комплекс кургандыгын кошумчаламакмын…

Бирок, «Башкалар болбосо да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин балдары, небере-чеберелери үчүн бул маалыматтар кызыктуу болот го…» деген ой менин көңүлүмдү жубатым турду.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы.

Ноокат району.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17