Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
999 Бардыгы / ДОХА. Доха шаарында Кыргыз тарабынын демилгеси аркасында Кыргызстандын Катардагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катардын Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Авазбек Атаханов Рашид Абдулла Аль-Дехаймиге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген Катын тапшырды. Андан соң […]
1,000 Бардыгы / ДОХА. Доха шаарында Кыргыз тарабынын демилгеси аркасында Кыргызстандын Катардагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катардын Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Авазбек Атаханов Рашид Абдулла Аль-Дехаймиге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген Катын тапшырды. Андан соң […]
ДОХАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКҮЛҮ КАТАРДЫН МААНИЛҮҮ АТКАМИНЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
17.07.2019 / Автор anarkan_kg

1,001 Бардыгы /
ДОХА. Доха шаарында Кыргыз тарабынын демилгеси аркасында Кыргызстандын Катардагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катардын Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Авазбек Атаханов Рашид Абдулла Аль-Дехаймиге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген Катын тапшырды. Андан соң тараптар 2019-жылдын 31-январында Доха шаарында өткөн Кыргыз-Катар ТИМдер аралык саясий Кеңешмелеринин Экинчи жыйынын алкагында жетишилген келишимдердин аткарылышын дагы карап чыгышты. Жолугушууда Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Катар Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын өткөрүү мөөнөттөрү боюнча пикир алмашуу жүрдү.
2019-жылдын 14-16-июлунда Эмират тарабынын колдоосу аркасында менен Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А.Бийбосуновдун курамындагы КР ИИМ өкүлдөрүнүн атаын делегациясынын Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасына иш-сапары болду.
Бул сапардын алкагында Дубайдын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде Дубайдын Полиция Академиясынын жетекчиси менен жолугушуулар болуп өттү. Анын жүрүгүндө санариптик технологиялар, түз байланыштарды орнотуу жана ыкчам маалымат менен алмашуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөщүүдө өз ара аракеттенүү боюнча жааттарда кызматташуу чөйрөлөрүн козгогон маселелердин кеңири спектри талкууланды.
Аталган иш-сапардын жүрүшүндө жетишилген негизги макулдашуулардын бири өлкөнү санариптештирүү жылында жарыяланган, жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында техникалык жардам жана программалык камсыздоо берүү менен Бишкек шаарында акылдуу полиция участогун (Smart Police Station долбоору) түзүүгө Дубайдын полициясынын колдоосу жана макулдугу болду. «Акылдуу полиция участогу» долбоору биринчи жолу 2017-жылы Дубайда иштелип чыккан жана ишке киргизилген, ошондой эле заманбап IT технологиялардын жана программалык камсыздоонун жардамы менен калкты тейлөө жана кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга жана контролдоого багытталган санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири комплекси болуп саналат.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Дубайдын полициясынын Штаб-квартирасынын жетекчилиги биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө, анын ичинде криминология, жол коопсуздугу жаатында жана IT чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу курсун өтүүүчүн КР ИИМнин кызматкерлерин жана адистерин чакыруу менен түзүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстандын Ичи иштер министрлигинин курсанттары үчүн Дубайдын Полициясынын Академиясында акысыз окуу укугу менен атайын квота берүү жөнүндө маселенин Дубайдын полициясынын жетекчилиги тарабынан оң жагынан каралгандыгын белгилеп кетүү дагы маанилүү. Жетишилген макулдашууларды бекитүү жана эки тараптуу кызматташуунун дараметин өстүрү максатында Кыргызстандын Ичи иштер министрлиги менен Дубайдын Полициясынын ортосундагы кызматташуу жана коопсуздук жөнүндө атайын Меморандумга кол коюлду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
-
-
08.10.2024 / Автор anarkan_kg “ЖАШТАР -ӨЛКӨНҮН БАШКЫ ТАЯНЫЧЫ, БАКУБАТ КЕЛЕЧЕГИ!”
-
16.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ӨНҮГҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.