Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,272 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн атактуу спортчуга терең ыраазычылыгын билдирди. Президент […]
1,273 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн атактуу спортчуга терең ыраазычылыгын билдирди. Президент […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ ТАТЬЯНА КОЛПАКОВА МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
23.07.2019 / Автор anarkan_kg1,274 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн атактуу спортчуга терең ыраазычылыгын билдирди. Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келаткан Татьяна Колпакованын атындагы Эл аралык турнир анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгон урмат-сыйы экендигин дагы кошумчалады. Анан өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата-мекендик жаш спортчуларды тарбиялоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылыгын ачыктады. Татьяна Колпакованын спорттук жеңиштери жаштарды жогорку натыйжаларга жетишүүгө чакырарын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчу Татьяна Колпаковага бекем ден соолук, бакубатчылык каалады жана өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүгө кошкон зор салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке тартуулады.
Ал эми Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жакшы каалоо-тилектери жана анын спорттук жетишкендиктерине берген жогорку баасы үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал өзү төрөлгөн жана кесипкөй спортчу катары калыптануу жылдары өткөн сүйүктүү Кыргызстанды ар дайым жүрөк тереңиндеги жылуу сезимдер менен эскере тургандыгын баса белгиледи.
Соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу өз ара пикир алмашышты. Белгилей кетчү жагдай: 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg СӨГҮШ АЛГАН МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН СЫЙ АКЫ ТӨЛӨНБӨЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.