Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,399 Бардыгы / «Жеткинчек Ош» балдар лагери Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы эң эле кооз тилкеде жайланышкан. Бул жерден өтүп баратсаң, таң аткандан каш карайганга дейре балдардын шаңдуу күлкүсү жана мекенчил ырлары үзгүлтүксүз жаңырып турат. – «Жеткинчек Ош» балдар лагеринде дегеле зериккенге эч кандай чолоо жок! – деп агынан жарылды лагердеги 1-отряддын мүчөсү Сезимай ЖОЛДОШЕВА. – Анткени, таңдан баштап […]
2,400 Бардыгы / «Жеткинчек Ош» балдар лагери Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы эң эле кооз тилкеде жайланышкан. Бул жерден өтүп баратсаң, таң аткандан каш карайганга дейре балдардын шаңдуу күлкүсү жана мекенчил ырлары үзгүлтүксүз жаңырып турат. – «Жеткинчек Ош» балдар лагеринде дегеле зериккенге эч кандай чолоо жок! – деп агынан жарылды лагердеги 1-отряддын мүчөсү Сезимай ЖОЛДОШЕВА. – Анткени, таңдан баштап […]
«ЖЕТКИНЧЕК ОШ» БАЛДАР ЛАГЕРИНДЕ ЗЕРИККЕНГЕ ЧОЛОО ЖОК!
08.08.2019 / Автор aymak

2,401 Бардыгы /
«Жеткинчек Ош» балдар лагери Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы эң эле кооз тилкеде жайланышкан. Бул жерден өтүп баратсаң, таң аткандан каш карайганга дейре балдардын шаңдуу күлкүсү жана мекенчил ырлары үзгүлтүксүз жаңырып турат.
– «Жеткинчек Ош» балдар лагеринде дегеле зериккенге эч кандай чолоо жок! – деп агынан жарылды лагердеги 1-отряддын мүчөсү Сезимай ЖОЛДОШЕВА. – Анткени, таңдан баштап кечке дейре түрдүү оюн-зоокторду, отряддар арасындагы ар кандай мелдештерди байма-бай уюштуруп келе жатабыз. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар дагы ыйгарылат. Бул бизди улам жаңы ийгиликтерди жаратканга шыктандырып турат.
Ал эми лагердеги экинчи отряддын мүчөсү Авраам ШАМШИЕВ дагы кубанычын бул сапар жашырган жок: – Бул жерде ар аймактардын гана эмес түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн балдары менен да эс алабыз. Ошого карабастан тез эле тил табышып, ынтымагыбыз абдан күч! Анан дагы бул жердегидей шарт, чындыгында, үйүбүздө деле жок. Вожатыйларыбыз – жалаң студенттер, бизге өз ата-энебизден кем эмес камкордук көрүшүп, ар бир кыймыл-аракетибизди тыкыр көзөмөлдөп турушат.
Мамасалы АРСТАНБЕКОВ, ата-энелер комитетинин өкүлү: – Рынокко шылтоолоп, ата-энелерибиздин басымдуулугу балдарын таята, таэнелерине жана чоң ата, чоң энелерине ташташып, өздөрү ар мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Ушундай шартта мамлекет балдарды лагерлерге байма-бай тартып, жайкы каникулда мыкты эс алуусуна шарттарды жаратып жаткандыгы, албетте, кубаттоого гана арзыйт. Менимче, «Жеткинчек Ош» – Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан жалгыз балдар лагери. Андыктан, мунун тажрыйбасын бүтүндөй өлкөбүзгө чукул арада жайылтуубуз абзел!
Назаридин БАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча Өкүлчүлүгүнүн кызматкери: – Жанатан бери «Жеткинчек Ош» балдар лагерин бир сыйра кыдырдык. Мында эс алып жатышкан окуучулар, алардын ата-энелери жана тууган-уруктары менен дагы кенен-чонон сүйлөштүк. Баары тең бул жерде түзүлгөн заманбап шарттарга абдан терең ыраазы! Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча Өкүлчүлүгүнө даттануу дагы түшкөн эле. Аны жеринде текшергенибизде, андагы фактылардын бири дагы аныкталган жок! Эй, мекендештерим! Бирөөнүн ийгилигине көрө албастык кылгандан көрө, тескерисинче, аны андан ары сүрөгөнгө жана дагы жаңы ийгиликтерди жаратуусуна шыктандырганды үйрөнбөйлүбү, айланайындар?
-Ар кандай тоскоолдуктарга жана бут тосууларга карабастан, «Жеткинчек Ош» балдар лагерин биз бүлүндүрүүдөн сактап калдык. Ошондой эле жыл сайын иштетип жатабыз, – деп чындыкты моюндады Ош облустук өнөр жай, коммуналдык тейлөө жана ишкердүүлүк кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасы Абдилүмүт ОМОШЕВ. – Эң башкысы: бул жерде эс алып жатышкан бөбөктөрүбүзгө жана өспүрүмдөрүбүзгө заманбап шарттарды жаратканга гана аракетттендик. Албетте, кемчиликтен деле куру эмеспиз. Алардан чекесинен бара-бара арылмакчыбыз. Бул үчүн, чынында убакыт керек!
Балдардын сүйгөн жайына айланган «Жеткинчек Ош» балдар лагериндеги ар агымда балдар он күндөн эс алышат. Өзү жолдомо наркы – 4700 сом. Бирок, эмгекчилердин кесиптик кошуунунун атайын фонду 4200 сомду өзү көтөрүп, ата-энелер болгону 500 сом гана казынага төгүшөт. Жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган апаатынын ардагерлеринин балдарына бир катар жеңилдиктер дагы каралган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Ош шаары
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
10.01.2025 / Автор anarkan_kg ТУРАК ЖАЙДЫ ӨРТТӨН САКТАГЫЛА
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.