Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,235 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калгандыгын белгиледи: – Мен ар дайым Сиздин колдооңузду катуу сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө […]
1,236 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калгандыгын белгиледи: – Мен ар дайым Сиздин колдооңузду катуу сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө […]
КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИ ОРУСИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
09.08.2019 / Автор aymak

1,237 Бардыгы /
ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калгандыгын белгиледи: – Мен ар дайым Сиздин колдооңузду катуу сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө салмактуу салым кошкон чыныгы дос катары билишет. Биз Сизди Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле жасаган жакын дос деп эсептейбиз!
Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары ийгиликтүү өтүп, Кыргыз-Орусия кызматташуусу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгондугун баса белгиледи.
Ал эми Орусиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстанга, анын бермети атыккан Ысык-Көлөгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугуна кубанычта экендигин жашырган жок: – Мурда дагы келгем, бирок, ар келген сайын бул жердин кооздугуна өлө суктанам! Бул жакта биздин эки тараптуу мамилелерди талкуулоого, ошол эле маалда Евразия Биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жолугушуусун өткөрүүгө шарттары абдан жакшы. Биздин мамилелер чындап эле абдан жакшы, биз ар кандай маселелер боюнча ачык кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө абдан куштарбыз! Мындан ары дагы дал ушундай болот, эч күмөн санабагыла! — деп ишендирди Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев.
Андан ары Дмитрий Медведев Орусия Президенти Владимир Путиндин Сооронбай Жээнбековго ысык саламын жолдоп, Кыргызстанга келээр алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди кеңири талкуулашканын дагы кошумчалады: – Бүгүнкү жолугушуу дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп терең ишенем! Ар дайым эки тараптуу дагы жана көп тараптуу дагы форматтарда талкуулай турчу маселелер бизде арбын. Ысык-Көлдүн эң сонун маанайы дагы буга жардам берет деп бекем ишенем!
Соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруусунун жүрүшүн жана ошондой эле 2020-жылды Орусия Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасында Орусия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кенен-чонон талкуулашты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЭСКИ БЕЙИТТИ ТАЗАЛАП, ИРЕТКЕ КЕЛТИРИШТИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ «ВЕСНА» КИНОТЕАТРЫ АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.