Аймак

САПАТТУУ, ИШЕНИМДҮҮ, КАЙРЫМДУУ – “ДОСТ-КУРУЛУШ”

САПАТТУУ, ИШЕНИМДҮҮ, КАЙРЫМДУУ – “ДОСТ-КУРУЛУШ”

 4,438 Бардыгы /

Негизи айыл менен шаардын айырмасы көп кабаттуу үйлөрдө, этаждуу ишканаларда, чоң соода борборлорунда экени талашсыз.  Жалал-Абад шаарынын 5 жыл мурунку көрүнүшүн элестетип көрүңүзчү? Азыркы учур менен салыштырып бир топ өзгөргөнүн жашырууга болбойт.  Өлкөнүн, шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп, калкты турак жай менен камсыздап келе жаткан курулуш компаниялардын да саны коюуланып баратат. Жалал-Абад тарыхында биринчилерден болуп, элди көп кабаттуу заманбап турак жай менен камсыздап келе жаткан “Дост-курулуш” компаниясы десек болот.  Аталган компания эки жылдан ашык өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, бүгүнкү күндө кеңири эл оозуна алынып калды. Мына ошол компания элге кызмат кылып, өлкөгө салым кошууда кандай аракеттерди көрүп жатат? Турак жай куруудан сырткары кандай иштерди аткарууда? Компаниянын бизге маалым, сиз билбеген жактарын төмөндөн кененирээк тааныша аласыз.

 

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, “Дост-курулуш” компаниясынын башкы директору: “БИЗДИН МАКСАТ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ИЧКИ ИНВЕСТИЦИЯНЫ КАРМАП КАЛУУ”

-“Дост-курулуш” компаниясы өз ишмердүүлүгүн 2016-жылдан бери жүргүзүп келе жатат. 2017-жылы официалдуу катталып, күбөлүгүн алган. 2017-2018-жылга карата 55 батирлүү биринчи “Дост-Үйүн” бүтүрдү. 2019-2020-жылга карата жалпы 3 чоң турак жай бүтүрүүнүн алдында турабыз. Буйруса “Чыңгыз Айтматов” турак жайын 2019-жылдын сентябрь айынын аягында жашоочуларына тапшырабыз. Ал жерде 60 батир болот. “Гималай” турак жай комплексинде 270 батир орун алат. Учурда “Мурас” турак жайын куруу иштерин баштап жатабыз. Азыркы баштаган иштерибиздин баарын 2020-жылдын 4-кварталынын аягында бүтүрүүнү пландоодобуз.

Негизи биздин иш-аракеттерибиздин максаты Жалал-Абаддагы ички инвестицияны кармап калуу. Анткени бардык партнерлорубуз жалал-абаддык тургундар болгондуктан баарыбыз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып өзүбүздүн кирешебизди өзүбүзгө жумшоону максат кылганбыз. Ошондой эле элди кымбат эмес арзан жана сапаттуу батирлер менен камсыз кылуу башкы планда. Мисалы биздин компаниядагы үйлөрдүн м2 360 $дан башталып, 450 $дан ашпаган баада сатылып келет. Мындан сырткары элге социалдык жактан көмөк берүү максатында “Элим барсыңбы?!” аркылуу 2018-жылы 3 комнаталуу квартираны өткөрүп бергенбиз. Бул жылы болсо, областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүн толугу менен капиталдык ремонттон өткөрдүк. Буйруса Жалал-Абадда жакшы ийгиликтерди жаратып, алдыңкы мейманканаларды, чоң-чоң ишканаларды куруу планыбызда бар.

Рахматулла УМАРЧАЕВ, прораб: “ЖУМУШЧУЛАРДЫН АДАМДЫК САПАТЫНА КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”

-Компаниянын кызматкерлери тууралуу сөз козгосок, анын дипломуна, негизгиси адамдык сапатына жана иш тажрыйбасына көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 150дөй жаран биздин компанияда жумуш менен камсыз болгон. Анын 80%ы буга чейин мигрант болгондор. Ал эми курулуш тармагында иштеген балдардын буга чейинки аткарып жүргөн иштерин карайбыз. Анткени көп курулушчуларды билесиздер димлому жок, кара жумуш менен алектенгендер болгондуктан курулуштун кайсы тармагын жакшы өздөштүргөнүнө басым жасайбыз. Алардын буга чейинки кылып жүргөн жумушу менен биргеликте алар тууралуу башкалардан пикир алабыз. Мындан сырткары прораптар, алардын үстүнөн текшерген бригадирлерибиз бар. Эки прорап бар, Абдулазиз деген жигит көп жыл бою архитектура тармагында иштеген. Буга чейин чоң-чоң мечиттерди, үйлөрдү куруп жүрдү. Акыркы 3 жылдан бери биз менен иштешип келүүдө. Экинчи прорабыбыз бул түрк жараны. Ал курулуш тармагы боюнча 50 жылга жакын тажрыйбага ээ. Өзү 13 жашынан тартып, Туркияда устачылык кылган. Кийин чоң үйлөрдү куруу менен алектенип, биз менен белгилүү себептер менен иштешип калды.

 

Курулуш иштерин камсыздоодо компаниянын өзүнүн да талапка жооп берчү  шарттары бар. Алсак, бетон чыгаруучу заводу да активдүү иштеп, башка аймактарды да камсыз кылып жатат. Бул тууралуу заводдун аткаруучу директору Айжигит КАМЧЫБЕКОВ билдирди.

-Турак жайларды курууда компаниянын өзүнүн бетон чыгаруучу заводу бар. Бул заводдон 7 башка маркадагы бетонду чыгарып бере алабыз. Саатына 60 куб чыгарат. Курулуш жүрүп жаткан объектти керектүү маркада, өз учурунда камсыздап жатабыз. Өзүбүздүн компаниядан сырткары башка аймактарга да жеткирип куюп беребиз. Учурда шаар тургундары да өз үйлөрүнө ушундай бетондон алып башташты. Бул заводдо 8 адам жумуш менен камсыз болгон. Буйруса келечекте 80 адам иштей турган заводго айлантабыз деген ишеничтемин.

Мындан башка дагы өзүбүздүн курулуш тармагына тиешелүү буюмдарды саткан маркетибиз бар. Ал жерде бүт майда инструменттерден баштап, баары сатылат. Өзүбүздүн 5-6 жылдык тажрыйбабыз менен чыгарып жаткан пластик айнектерди чыгаруучу заводубуз да бар. Жалпы фундаменттен баштап, адамдар кирип жашаганга чейинки бардык нерсе өзүбүздүн бригадабызда, портнерлорубузда бар десек болот. Негизинен жарандарга өз учурунда сапаттуу, кемчиликсиз үй куруп берүүнү милдетибиз деп билебиз. Бул милдеттин үстүндө тынымсыз аракет кылып, жакшы шарттарды түзүүдөбүз.

ШААРДЫН КӨРКҮН АЧКАН ТУРАК ЖАЙЛАР

Дост-Үйү” турак жайы.

Жалал-Абад шаарында “Дост-курулуш” компаниясы тарабынан курулуп жаткан элиталык турак жайлардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө аларга тиешелүү шаар ичинде 4 объект бар.

Биринчиси – 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү “Дост-Үйү” турак жайы. Аталган турак жай Көк-Арт кичи шаарчасынын З.Жамашев көчөсүндө толук бир жыл ичинде курулуп, 2018-жылдын сентябрында тургундарына эксплуатацияга берилген. Аталган объекттен 55 үй-бүлө батирлүү болуп, учурда 90% тургундар батирлерин жасалгалап, жашап жатышат.

“Чыңгыз Айтматов ордосу” турак жайы.

Бул объекттин курулуш иштери 2018-жылы декабрда башталган. Буйруса 2019-жылдын октябрь айынын башында жашоочуларына тапшырууну пландашууда. 5 кабаттуу комфорт-класстагы аталган турак жай Көк-Арт кичи шаарчасынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан. Мында 60 батир бар.

“Гималай” турак жай комплекси.

Бизнес-класстагы бул комплекс Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндө (болжол ЖМТРКнын арт жагы) жайгашып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Жалпы жеринин аянты 9800 м2 ээлейт.  Азыркы күндө 8-кабатын бүтүрүү иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, 9 кабаттуу комфорт классындагы элиталык турак жайдын жер астында автоунаа токтоочу жайы, андан жогорку коммерциялык кабатта тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн маркет, дарыкана, стоматология, дүкөндөр жайгашат. Мындан сырткары электр энергиясы, газ, автоматтык түрдө ысык, муздак суу, өздүк жылытуу системасы болот. Курулуштун аяктоо мөөнөтү 2020-жылдын акыркы кварталына пландалууда.  

Бизнес-класстагы “Мурас” турак жай комплекси.

10 кабаттуу (пентхаус менен) бул комплекс Токтогул көчөсүндө жайгашып, сентябрдан курулуу иштери башталат. Жалпысынан 108 батир жайгашат. Башка турак жайлардан айырмасы ал жерде бизнес-борбору болот. Лифттер орнотулат, борбордук жылытуу системасы, домофон, рихтер шкаласы боюнча 9 баллга чейин сейсмотуруктуулук, бекем эшиктер, коопсуз жана кооз аянча ошондой эле 200 м2 атайын оюн жана спорт аянчасы курулат. Эч кандай пайызсыз 3 жылга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Жогоруда айтылган мүмкүнчүлүктөрдүн баары тургундардын бейпил жашоосу үчүн экени талашсыз. Курулуп бүткөн жана курулуш иштери жүрүп жаткан объектилерден турак жай алган тургундардын саны да күн сайын өсүүдө. Анда кеп тургундарда болсун…  

Жазгүл МУСАЕВА, шаар тургуну:

“Дост-курулуш” компаниясы элдерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп, турак жайлар менен камсыз кылууда. Биз да ушул компаниянын алгачкы бүткөн “Дост-Үйү” турак жайынан биринчилерден болуп батир алып, жашап жатабыз. Негизгиси Россияда, миграцияда жүргөндөргө бөлүп төлөөгө өтө ыңгайлуу экен. Бизге үйдүн ачкычын былтыры сентябрь айында берген, биз ички ремонтторун жасап октябрда көчүп киргенбиз. Бир кыштадык, кирпичтен салынгандыктан кышында жылуу, жайында салкын. Батирди биринчилерден болуп алгандыктан эки жылга ай сайын төлөөгө бөлүп берген болчу. Учурда төлөп бүтүп калдык.

 

“Оң колуң бергенди сол колуң көрбөсүн” – деген хадис бар эмеспи. Компания чындыгында буга чейин далай кайрымдуулук иштерин жасаган, бирок эч жерге жарыялабай келет. Жакшы иштерге себепчи болгон, муктаждарга жардам колун сунган компаниянын бул кайрымдуулугун белгилеп кетүүгө толук арзыйт. Элди турак жай менен камсыз кылуудан сырткары бир канча үй-бүлөгө үй салып, элге керектүү объекттерди ремонттон өткөрүп берүүдө. Курман айтка карата да бир топ үй-бүлөгө  жардам колун сунушту.

 

Тимур ТАИРБЕКОВ, реанимотолог:

-Чындыгында буга чейин областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн абалы оор болчу. Бүт капиталдык ремонттон өткөрүп беришти. Ошондой эле аталган бөлүмдө кондиционерлер жок эле анын айынан бул жерде жаткан жарандарыбыз абдан кыйналышчу. Айнектерибизди да пластик айнектерге алмаштырып беришти. Кудай буйруса кышында жылуу, жайында салкын болуп, элге да жакшы шарт түзүлдү десем болот. Элдерге ушундай жакшы шарт түзүп, алкышын алган “Дост-курулуш” компаниясына ыраазычылык билдиребиз.

 

Калыгул ТАБАКАЛОВ, Шайдан айыл аймагынын тургуну:

– Биринчиден “Дост-курулуш” компаниясына терең ыраазычылык билдирем. Анткени бизге ушунчалык кайрылып үй салып берип жатат.  Биз азыркы учурда квартирадабыз. Ал үйдүн ээси дагы чыккыла деп жатат. Жубайым Кадыкулова Гүлнара 15 жылдан бери баспайт, сүйлөбөйт. Үч кызым бар, чоңу Россияда, эки кызым 2-топтогу майып. Жакшы сүйлөй алышпайт. Чынында сүйлөгөнүн жакшы түшүнбөйсүң. Бул жаңы курулуп жаткан үйгө августтун аягы көчүп киришим керек болууда. Үйдүн фундаментин, кирпичин курганбыз. Айнек, рамка беребиз деген ошону берип калса, анан үйдүн крышасын жаап, шыбап койсок көчүп киребиз. Аталган компанияга дагы бир жолу ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге окшогон үй-бүлөлүк шарты жок жарандарга жардам колун сунуп, эл кызматында жүрө беришине тилектешпиз.

Нуржамал КУЛМАТОВА, кошунасы:

-Биз бул үй-бүлө менен бир канча жылдан бери кошуна болуп жашап келебиз. Үй-бүлөлүк шартын жакшы билемин. Жубайы бир канча жылдан бери оорулуу.  2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген кыздары бар. Булардын жеңилин жерден, оорун колдон алган “Дост-курулуш”  компаниясына биз дагы кошуна катары ыраазыбыз. Бул үй-бүлө көп жылдан бери үйү жок жашаганына кайгырат элек. Бирок тилекке каршы жардам берүү колубуздан келбейт эле.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17