Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
898 Бардыгы / НАРЫН. «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келишпейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп жатып. Мамлекет башчысы, тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы жемкорлук эң негизги улуттук көйгөй болуп калгандыгын дагы жашырган жок. – Бийликке — өлкөнүөнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн […]
899 Бардыгы / НАРЫН. «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келишпейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп жатып. Мамлекет башчысы, тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы жемкорлук эң негизги улуттук көйгөй болуп калгандыгын дагы жашырган жок. – Бийликке — өлкөнүөнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ЖЕКЕ БАЙЛЫК ТОПТОО ҮЧҮН КЕЛИШПЕЙТ»
26.08.2019 / Автор aymak

900 Бардыгы /
НАРЫН. «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келишпейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп жатып. Мамлекет башчысы, тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы жемкорлук эң негизги улуттук көйгөй болуп калгандыгын дагы жашырган жок.
– Бийликке — өлкөнүөнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен, — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент андан ары мамлекеттик кызматка келген инсандар өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экендигин дагы кошумчалады: – Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Жемкорлукка каршы күрөш мындан ары дагы токтоосуз улантылат!
Президент Сооронбай Жээнбеков калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктады: – Жалпы коомубузду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күн талабы. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул жемкорлук элементтерди жок кылат!
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков товарларды маркирлөө аркылуу контрафакт продукциянын киришин токтотуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджетке кирешелерди жогорулатуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Бул инструменттерди колдонуу аркылуу жемкорлук элементтер жана бюрократия таптакыр жоюлат.
– Ушул сыяктуу чаралар менен жемкорлукту даана жеңе алабыз. Жемкорлукка каршы күрөш азыр күч менен, көзөмөл менен гана илгери жылып жатат. Жакшы ийгиликтер бул күрөштү жалпы эл, Сиздер колдогондо гана болот. Ошол максат менен жемкорлук бир катар укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.