Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,058 Бардыгы / «Центерра Голд Инк» компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер кен казуу үчүн «Кумтөр» долбооруна кайрадан берилди. Бул маалыматты «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков ырастады. Илбирстер менен кайберен мекендеген бул жер тилкеси 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча «Кумтөр голд» компаниясына […]
1,059 Бардыгы / «Центерра Голд Инк» компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер кен казуу үчүн «Кумтөр» долбооруна кайрадан берилди. Бул маалыматты «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков ырастады. Илбирстер менен кайберен мекендеген бул жер тилкеси 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча «Кумтөр голд» компаниясына […]
«КУМТӨРГӨ» КОРУКТАГЫ 16 МИҢ ГЕКТАР ЖЕР КАЙТАРЫЛЫП БЕРИЛДИ
03.09.2019 / Автор aymak

1,060 Бардыгы /
«Центерра Голд Инк» компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер кен казуу үчүн «Кумтөр» долбооруна кайрадан берилди.
Бул маалыматты «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков ырастады. Илбирстер менен кайберен мекендеген бул жер тилкеси 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча «Кумтөр голд» компаниясына алтын казууга кошумча берилип, анын эсебинен Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары көбөйтүлгөн. Бирок 2012-жылы өкмөт коомчулуктун басымы менен мамлекеттик коруктун аймагынан берилип кеткен жерди артка кайтарып алган.
Жаңы келишимге ылайык, аталган жерди мамлекетке кайра кайтарып алуу боюнча 2012-жылдагы өкмөттүн токтому жокко чыгарылды. Эми 2009-жылдагы концессиялык келишимдеги кен казууга кошумча жер аянттарын берүүнүн шарттары толук аткарылат.
«2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан», – деди Алимбеков.
2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда аталган коруктагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндөгү» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.
«Сары-Чат – Ээр-Таш» экологиялык коругу 134 миң гектардан турат. Коруктун аймагында узундугу 14 чакырымдан ашык эң чоң Петров мөңгүсү бар. Корукту илбирс, аркар жана жапайы тоо эчкилер байырлайт. Мамлекеттик корук 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЗГӨН РАЙОНУН КЫДЫРДЫ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.