Аймак

БУУда ЯРОЛУК КУРАЛДЫ ЖОК КЫЛУУ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

БУУда ЯРОЛУК КУРАЛДЫ ЖОК КЫЛУУ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

 713 Бардыгы /

НЬЮ.-ЙОРК. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын  Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ядролук куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Жыйынына катышты.

Өз сөзүндө Чыңгыз Айдарбеков ядролук куралды таратуунун алдын алуу боюнча таасирдүү чараларды кабыл алуунун, ошондой эле массалык  жок кылуучу курал жаратып жаткан коркунучтарды азайтуу боюнча БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жигерлетүүнүн абдан маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары Кыргыз Тышкы саясий мекемесинин башчысы БУУнун куралсыздандыруу жаатындагы борбордук ролун, ошондой эле ядросуз дүйнөгө жетүү боюнча көп тараптуу  механизмдерди сактап калуунун маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн дагы эскертти.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: БУУнун бул жыйыны адамзат үчүн олуттуу коркунуч жаратуучу ядролук курал жөнүндө коомдук маалымдуулукту жогорулатуу жана аны толук жок кылуу жана ага толук тыюу салуу кечиктирилгис зарылчылык экендигин түшүндүрүү  максатында, ошондой эле ядролук куралдан эркин болгон дүйнөнү куруу жалпы максатына жетүү үчүн Эл аралык күч-аракеттерди мобилизациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17