Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

КОНГРЕСС ТРАМП МЕНЕН ПУТИНДИН ТЕЛЕФОНДУК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮНҮН СТЕНОГРАММАСЫН АЛУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

КОНГРЕСС ТРАМП МЕНЕН ПУТИНДИН ТЕЛЕФОНДУК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮНҮН СТЕНОГРАММАСЫН АЛУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 605 Бардыгы /

АКШ Конгресси президент Дональд Трамптын чет өлкөлүк лидерлер, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнүн стенограммаларын алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф NBC телеканалына билдирди.

«Биринчи кезекте АКШнын улуттук коопсуздугуна көңүл буруп, Трамп башка өлкө лидерлери, анын ичинде Владимир Путин менен сүйлөшүүдө Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирген-келтирбегенин аныктап чыгышыбыз керек деп эсептейм», — деди Шифф.

Палатанын чалгын комитети Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байденге жана анын уулу Хантер Байденге карата тергөө иштерин баштоону өтүнгөндүгү боюнча маалыматты карап жатат.

Жо Байден – 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Трамптын негизги атаандаштарынын бири болушу мүмкүндүгү айтылууда. Конгресстеги демократтар Трамптын бул өтүнүчүн башка мамлекеттин шайлоо жараянына кийлигишүүсү катары бааласа болорун билдиришүүдө. Өткөн жумада Конгресстин төмөнкү палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянынбаштаган.

27-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Путин менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн стенограммасын жарыялоо Трамп үчүн «орунсуз» болорун айткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү ачыкка чыккандан кийин «Вашингтонго телефон чалып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү кооптуу болуп калгынын» айтты.

Буга чейин америкалык басылмалар Ак үй президент Дональд Трамптын орус лидери Владимир Путин жана Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырууга чектөө киргизгенин кабарлашкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17