Аймак

ИРИ КАН ТӨГҮҮНҮ ТОКТОТУП КАЛГАН МИЛИЦИЯНЫН АРДАГЕРИ ӨМҮРЗАК АЖЫБЕКОВ

ИРИ КАН ТӨГҮҮНҮ ТОКТОТУП КАЛГАН МИЛИЦИЯНЫН АРДАГЕРИ ӨМҮРЗАК АЖЫБЕКОВ

 1,500 Бардыгы /

Өмүр бою милициянын катарында кызмат кылып, эл-журттун тынчтыгы, мыйзамдуулук үчүн эмгек сиңирип, бирок бир да жолу эл алдында өзүнүн кылган кызматы колко кылбай, жарыя айтпайт, тынч жашоосун улап келаткан ардагер офицерлер бар. Алардын бири – Сузак районунун Кара-Жыгач айылында жашап жаткан ардагер, подполковник Өмүрзак Ажыбеков.

Чет тилинен мугалим болгон.

Өмүрзак аксакал 1939-жылы Сузак районундагы Жоон-Күңгөй айылында туулган. Бирок, ал кезде айылдык кеңештин катчысынын жаңылыштыгы менен туулгандыгы тууралуу күбөлүккө туулган жылы 1943-жыл болуп жазылып калган. Ошол кездеги карапайым айылдыктардын буга анчалык маани бербестиги менен ал катачылык оңдолбой кала берген.

Жоон-Күңгөйдөгү мектепте жетинчи классты аяктап, анан Орто-Азия айылындагы орто мектепти аяктап, 1958-жылы орто билимге ээ болгон. Атадан эрте калып, бир топ кыйынчылык менен чоңойгон жигит дароо эле жогорку окуу жайына тапшыра алган эмес. Ал өзү туулуп-өскөн “Көк-Арт” совхозунда үч жыл иштеп, 1961-жылы Ош шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине тапшырган. Беш жыл студенттик жашоосу өтүп, акырында англис тилинен мугалимдик кесипке ээ болот.

Ошентип 1966-жылы Сузак районундагы Крупская орто мектебинде мугалимдик ишин баштаган, ал жерде 1970-жылга чейин иштеди. Жаш педагог өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү, тыкан мамиле жасап, жаш муундарга таалим-тарбия берүүдө жакшы аракет жасады. Мектеп жетекчилигинин ыраазылыгына ээ болуп, райондук мааниде да көзгө көрүндү. Көпчүлүктүн ишенимине татыды.

Ал кезде өз кесибинде мыкты иштеген, коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы адамдарды коммунисттик партиянын катарына кабыл алышчу. Партиянын катарына кабыл алынган киши бийликтерге ишенимдүү кадр катары жогорку кызматтарга көтөрүлчү. Ө. Ажыбеков да иши жана жүрүш-турушу менен жагып, 1968-жылы коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган. Бул жаш адис үчүн чоң ийгилик эле.

Жетекчилер милицияга бар дешти.

Совет бийлигинин учурунда жалпы жетекчилик коммунисттик партия тарабынан жүргүзүлчү. Эгер партия чечим кабыл алса, совет бийлиги аны сөзсүз ишке ашырчу. Коммунисттик партия Ө. Ажыбековдун тагдырына да бурулуш жасаган чечим кабыл алган. 1970-жылы партиянын Сузак райондук комитетине чакырышып, аны ишенимдүү коммунист жана мыкты кадр катары милиция органдарына кирип иштөөсүн сунуш кылышат. Ө. Ажыбеков партиялык жетекчиликтин сунушун кабыл алды, эгер партия менен совет бийлиги зарыл деп тапса, анда милиция органдарына иштөөгө макул экенин билдирди.

Ал кезде Кыргызстандын түштүк аймагында бир гана Ош областы бар болчу. Аны Ош областтык ички иштер башкармасына чакырышып, бир катар текшерүүлөрдөн кийин аны башкармалыктын кадрлар бөлүмүнө инспекторлукка дайындашкан. Ө. Ажыбеков бул кызматта алты жыл бою өз милдеттерин так, жоопкерчилик менен аткарып, бир дагы сын-пикир укпай, жакшы иштеп берди. Өзүнүн сабаттуулугу, ишке болгон чоң жоопкерчилиги, жүрүш-турушундагы тыкандыгы жана маданияттуулугу менен башкаларга үлгү болду. Ошентип, 1976-жылга чейин ал областтык башкармалыктын тажрыйбасын алып, ар кандай участокто иштей билген кадр болуп калды.

Ө. Ажыбеков өзү туулуп-өскөн аймакта иштегиси келди, бул тууралуу ал башкармалыктын жетекчилигине айтып, Сузак районуна жөнөтүүнү суранды. Жетекчилик даярдыгы жакшы кадрды Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүп, ал ошол эле жылы паспорт бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп калды. Ал жерде эки жыл бою калкты паспорт менен камсыз кылуу, паспорттук иштерди тартипке салуу жагынан өрнөктүү иштерди алып барды. Калк арасындагы укук, мыйзамдуулук жагынан түшүнүктү кеңири жайылтуу, укук тартибин чыңдоо жагынан башкаларга үлгүлүү аракеттери менен көрүндү. Дайыма макталып, сыйлыктарды алып турду.

Ал эми 1978-жылы аны Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө которушуп, ошол кездеги шаардык соолуктуруучу жайдын жетекчиси болуп калды. Совет бийлигинин мезгилинде аракечтикке каршы иштер дайыма жүргүзүлүп, коомдук жайларда мас болуп жүргөн жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалчу жана соолуктуруучу жайларга жеткирилчү. Ал жерде бир суткадай кармалып, соолугуп калган кезде гана коё берилер эле.

Соолуктуручу жайга аны бекеринен алып келишпеген, себеби ал кезде бул жай чарбалык эсепте иштеп, өз каржысын өзү тапчу. Ошол кезде иши артка кеткен бул участокту сыналган жакшы кадр жетектеши керек болуп калган. Кийин областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги аны кайра Сузак районуна жөнөттү. Райондогу жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында абалды жолго салуу керек болчу. Анткени өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар саны өсө баштаган, бул маселеге тыкан мамиле жасап, ишти жакшыртуу зарылдыгы туулган. Ошентип бул инспекциянын башчылыгына Ө. Ажыбеков барды жана тез аранын ичинде ар кандай зарыл чаралар көрүлүп, аз убакыттын ичинде балдар кылмыштуулугу кескин азайган. Балдар жана ата-энелер арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп, мектептерде атайын иш-чаралар тынымсыз уюштурулуп турган. Анын жасаган ийгиликтери областка чейин жетип, анын сүрөтү Ош областтык ички иштер башкармалыгынын Ардак тактасында илинип турган.

Ишеничтүү, жоопкерчиликтүү кадр кай жерде болбосун бааланат жана талап кылынат. Райондук милициянын жетекчиси 1982-жылы аны иши артта калып жаткан күзөт бөлүмүнө да жетекчи катары иштеп берүүсүн сунуш кылат. Шартка байланыштуу Ө. Ажыбеков мурдагы кызматын тапшырбай туруп, алты ай бою күзөт бөлүмүндө да жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иштеп турган. Иштин кызыкчылыгы, зарылдыгы ошондой эки жоопкерчиликти моюнга алып иштөөгө мажбур кылган. Бирок, Ө. Ажыбеков каржалып, кыйналып калбастан бул эки участоктун ишин да бирдей алып барып, ишти алга сүйрөп кете алды. Алты айдан соң гана ага майор чинин беришип, күзөт бөлүмүнө биротоло өткөрүшкөн.

Ал күзөт бөлүмүндө 1991-жылдан 1995-жылга чейин иштеди, ишинде ийгиликтер болду, дайыма алдыңкылыкты колдон чыгарган жок. Жаштарга үлгү болуп иштеп, областтык мааниде оозго алынып, ишеничке татыды. Анан Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө ишке которулуп, ошол жерден подполковник наамы менен ардактуу эс алууга чыккан. Бүгүнкү күндө бул кадырлуу ардагер ардактуу эс алууда.

Эстен кеткис окуялар

Ал чейрек кылым милицияда кызмат кылды, болгондо да жакшы кызмат кылды. Анын көкүрөгүн 13 медаль көркүнө чыгарса, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, министрликтин тийиштүү башкармалыктарынын, областтык жана райондук органдардын бир катар Ардак грамоталары менен сыйланды. “Милициянын отличниги” төш белгисин тагынды. Көптөгөн ыраазылыктарга, алкыштарга, акчалай жана баалуу сыйлыктарга татыды. Деген менен, бул сыйлыктар бекеринен эле берилип калган жок, ар бир сыйлыктын өз таржымалы бар.

Ал милиция кызматкери катары эсте калган бир катар эпизоддорду айтып берди. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорт бөлүмчөсүн жетектеп иштеп турган кезде Жаңы-Дыйкан айылында ири кылмыш жүз берет. Бирөө эки кишини мыкаачылык менен өлтүрүп, экөөсү жаракат алган. Кылмыш жасаган адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад шаарында жашаганы, үйүнүн дареги аныкталат. Райондук милиция кылмышкерди колго түшүрүү планын түзүп, даярданып калат. Ошондо Ө. Ажыбеков ал кылмышкерди сыртынан тааный турганын, аны тынчтык жолу менен колго алууга аракет жасаш керектигин, буга өзү даяр экенин айтат. Жетекчилик буга макул болуп, Ө. Ажыбеков кылмышкердин үйүнө жалгыз куралы жок барган.

-Үйүнө барып, эшигин кактым, ким экенимди айтып, эми болор иш болгонун, качкандын, жашырынгандын пайдасы жоктугун, өз ыктыяр менен колго түшүп, жазаны жеңилдетүү жагын ойлонуш керектигин айттым. Ал каалагын ар жагында, мен бер жагында кыйла сүйлөштүк, ага ак дилимден кеңештеримди айттым, чын ыкластан, адамча сүйлөп жатканымды сезип, ал дагы жумшарды жана менин айтканыма макул болду. Экөөбүз ээрчишип, райондук милицияга барсак, баары таң калып карап калышкан, – дейт ошол күндөрдү эскерип. Эгер аны колго түшүрүү боюнча оперативдик топ анын үйүнө барса, ал куралдуу каршылык көрсөтсө, дагы эле жоготуулар болушу ыктымал эле.

Мындан да кыйын учурларда Өмүрзак аксакал өзүнүн каармандыгын көрсөтүп, чоң кан төгүүнү болтурбай калган эле. Тээ 1990-жылы Ош окуялары, кыргыз-өзбек чабышы болуп кеткен. Жалал-Абад, Сузак аймагында абал өтө оор эле. Коменданттык саат киргизилсе да эки тараптан ар кандай провокациялар болуп, милиция жана аскерлер кан төгүүгө жол бербеш үчүн күнү-түнү аракет кылышкан.

Ушундай окуя Барпы аймагынын Жалал-Абадга жакын жайгашкан жеринде жүз берди. Кыргыздар чогулуп жатышат дегенин угуп, бир топ кызматкерлер дароо ошол жакка жетип барат. Аларды таркатуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатса, шаар тараптан колдоруна союл, учталган күрөк, арматураларды кармап өзбектерден турган топ аларды көздөй келатканын көрөт. Эгер эки жак кошулуп кетсе, чоң кан төгүү болот, бул өтө коркунучтуу эле. Ө. Ажыбеков дароо келаткан топтун алдын утурлап чуркап жөнөйт. Жетип барып, топтун алдын торойт да, артка кайтууга үндөп, сүйлөшүү жүргүзө баштайт. Өзү жалгыз, берки милиционерлер кыргыз топ менен калып калган. Шаардан келген топ артка кайтпай, айтканга да көнбөй, сүйлөшүү кыйын болот. Ал ортодо кыргыздардан турган топ жакындап, аралык кыскара баштайт. Кан төгүлүү коркунучу күчөй берет. Ө. Ажыбеков сөзгө салып отуруп, шаардан келген топту токтотуп калат да, эки топ бирин-бирине өтө жакын калганда милициянын кошумча күчү келип, асманга ок атуу менен элди эки жакка таркатып жиберет. Кудай жалгап, чоң кан төгүү болбой калат. Ошондо ИИМдин жетекчилиги Ө. Ажыбековго ыраазылык билдирип, жасаган аракетин жогору баалаган.

Албетте, ардагер милиционердин эмгек таржымалында үлгү болорлук жасаган иштери арбын. Бирок, өзү алар тууралуу айта бербеген карапайым мүнөзү бар. “Иштедик, баштан көп нерсе өттү. Эми жаштар жакшы иштешсе болду” деп коёт.

Бактылуу карылык

Ө. Ажыбеков – бактылуу карыя. Өмүр бою милициянын катарында таза иштеди, таза жашады. Муну анын курдаштары, карапайым кишилер да тастыктап айтышат. Ал жакшы үй-бүлөнүн ээси. Жубайы, Баатыр эне Датка эже менен узак жылдар өмүр сүрүп, 8 балалуу болушту. Алардын экөөсү уул, алтоосу кыздар. Балдарынын баары жогорку билимдүү, ар кайсы тармактарда үзүрлүү иштеп жатышат. Тун уулу Мирлан Сузак аймактык ооруканасында белдүү дарыгер. Датка эже өмүр бою мугалим болуп иштеп, азыркы учурда ардактуу эс алууда.

-Балдарыбызга жакшы тарбия беришке аракет кылдык. Бизди уят кылышпай баары өз алдынча жакшы турмуш кечирип жатышат. Дайыма бизден кабар алышат, биз болсо неберелерибизден рахат алабыз, – дейт ардагер милиционер.

Чынында Ө. Ажыбеков бактылуу карыя, анын жашаган өмүрү, баскан жолу, аткарган иши жаштарга өрнөк.

 

Маектешкен: Жалил Сапаров, Шеркул Турганбаев

Жалал-Абад шаары.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17