Аймак

ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН АЗЫРКЫСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН АЗЫРКЫСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

 17,008 Бардыгы /

Жаш жарандар өздөрүнүн ар түрдүү демилгелери, ой-жүгүртүүлөрү, жаңыча ачылыштарды жасагандыктары менен мурункулардан өзгөчөлөнүп турат эмеспи. Жигердүү жаштар – өлкөнү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат – деген ишеним менен биз Жаштар күнүнө ошондой эле Эл аралык студенттер күнүнө карата коомубуздун жаш лидерлеринен төмөнкү суроолорубузга жооп алдык.

Бектур ТОКТОНОЕВ, жаш лидерге:

-АЗЫРКЫНЫН ЖАШ ЖАРАНЫ КИМ ЖАНА АЛ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

– Өлкөбүздүн жаштар саясаты боюнча мыйзамында “жаштар” деген аталыш 14 жаштан 28 жашка чейинкилерге туура келери жазылган. Демек жаш жарандар – булар жогорудагы куракка киргендер. Ал эми жаш жаран да биринчи кезекте адам. Адамдар кандай болушу керек болсо, жаш жарандар да ошондой болушу зарыл. Жаш жарандардын улуу жарандардан бир эле айырмасы бар. Бул алардын курагында гана. Канчалык жаш болсоң ошончолук мүмкүнчүлүгүң бар болот. Демек жаш жаран улуу муунга караганда жаңычыл ой жүгүрткөн, ааламдын же мамлекеттин келечегинин жоопкерчилигин ала алган адам болушу шарт.

  -УЧУРДА ЖАШТАР КИМДЕРДИ КАРАП ТҮЗДӨНҮҮДӨ?

Азыр жаштарды өз агымына азгыргысы келген топтор көп. Алардын сап башында спорт аралаш криминал, радикал-либералдар жана радикал-динчилдер турат. Кандай жол менен болбосун бизнес кылып жаткан адамдарды ээрчигендер да аз эмес. Бирок акыркы 5-6 жылдан бери илимге, китепке, руханий баалуулукка, ыктыярчылык менен өлкөгө салым кошууну каалаган жаштар да көбөйдү. Менимче акыркы айткан багытым өлкөбүздү алдыга алып чыга алат.

– ЖАШТАР ДА ЖАСАЙ АЛАТ…

Мен өзүм Ала-Бука районундагы 150 бала окуган А.Ботоев мектебин бүткөм. Мен үчүн таанымал адамдар менен жолугуу, телевизордон чыгуу, кадимки эле Бишкекке баруу кыял болгон. Алардын баарына активдүүлүгүм, креативдүү идеяларым, эмгегим, тил табыша алганым менен, Жараткандын жана мени тааныгандардын колдоосу аркылуу жеттим. Азыр окуу борбор ачып, иштетип жатам. Андан сырткары да бир топ долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Жаш жаран – бул келечектин жоопкерчилигин алган адам…

Адам каерде окуп же жашап калса, ошол жерди өркүндөтүп, көктөтүшү керек. Мен да Жалал-Абадда окуп калгам. Башка мүмкүнчүлүгүм жок эле. Ошого ал жердеги жаштар саясатына салым кошуп, бир топ долбоорлорду ойлоп таап, мен жетпей калган Бишкектеги мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүм керек болгон. Кайсы бир деңгээлде ага да жетиштим. Демек, Жалал-Абадда окуп, жашап жаткан ар бир жаш жаран “жаштардын шаары” болуш үчүн идеясы, энергиясы, ыктыярчылыгы менен салым кошуусу керек.

Ороз АБДЫЛАЕВ, Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасынын орун басарына:

-ЖАШТАР КООМДУН (ӨЛКӨНҮН) ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУДА КАНДАЙ ИШТЕРДИ АТКАРСА БОЛОТ?

И.Раззаков: “Коом  – бул сен жана менден куралат. Эгер сен ак болсоң, мен ак болсом демек коом да ак болот” – дейт. Айтайын дегеним потенциалдуу, принципиалдуу, алдыга бекем максат койгон жаштар көп болсо, биздин келечек да ошончолук даражада ишенимдүү болот. Өткөндө Нуржигит Кадырбековго бир студент “20 жылдан кийин биздин өлкөбүздүн келечеги кандай болот?” – деп суроо бериптир. Агай бир эле сөз менен “20 жылдан кийин сиз кандай болсоңуз биздин келечек ошондой болот” – деп жооп узатыптыр. Чындыгында келечек бүгүнкү жаштардын колунда. Биз бүгүн эптеп эле максатсыз жашап жүрсөк, келечегибиз да эптелип куралат. Андыктан жаштарда күч, энергия бар. Ошону эл-жер үчүн максаттуу пайдаланыш керек. Элиме кызмат кылам – деген жигердүү жаштар да бар. Бирок арасында эч кандай максаты жок, эптеп эле күн өткөргөн жаштарыбыз да жок эмес. Аларды да буйруса жакшы ниет менен өз катарыбызга кошуунун аракетиндебиз. Потенциалдуу жаштар – потенциалдуу келечек курат.

“Кылычсыз Самурай” китебинде да айтылат “Адам потенциалын жогорулатууга эки нерсе багыт берет: 1-китеп окуу, 2-башынан өткөргөн жагдайлары тагыраагы турмуштан алган сабактары. Буйруса биз Жаштар иштери боюнча комитети жаштардын потенциалын жогорулатууга арналган ар кандай (дебат, интеллектуалдык оюн, семинар, жолугушуулар, тазалык акциялары ж.б.) иш-чараларды өткөрүп келгенбиз жана өткөрө бермекчибиз.

Искендер ЗИЯБИДДИН уулу, ЖАМУнун жаштар комитетинин төрагасына:

-УЧУРДУН ЖАШТАРЫ ЭМНЕДЕН АКСАЙТ ЖАНА АЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ?

-XXI кылымдын, техника заманынын жаштары деп шылтаганыбыз менен башкы көйгөй жаштардын ээрчиме болуп баратканы. Баары эле пиар катары көргөн нерсесине жетпесе да аракеттенип, ошондон аксап жаткан жаштар көп. Анан толтура мүмкүнчүлүктөрдү өзүнөн чектеп алган жаштардын да саны арбып баратат. Башкача айтканда биздин жаштар башка бирөөлөрдүн жардам беришин тагыраагы даяр нерсени күтүшөт. Ийгиликке кантип жетүүнүн жолун билишпейт, бирдиктүү максаты жок. Негизи өзүн-өзү өнүктүрүүгө толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Индивидуалдуу, максаттуу жаштар аз деп ойлойм. Мисалы он адамдын бирөөсү максаттарына жетүү үчүн жигердүү аракеттенсе, калган тогузу ага ээрчиме болуп, ою кыска, тили чоркок жаштар анын агымында сүзө берет. Айыл жергесинде аябай күчтүү жаштар бар, бирок аларга мүмкүнчүлүк жок. Шартты да туура келтирсе болот, бирок аларга туура келе турган багыттардын чөйрөсүндө жашабай калгандары өкүнүчтүү.

Азыркы 21-кылымдын жаштарын союздун адамдары тарбиялап жаткандыктан да өздөрүнө окшотобуз деп чекеңден териң чыкканда гана бир нерсеге ээ болосуң, физикалык күчүңдү жумшашың керек деген аңсезим менен тарбиялап коюшууда. Жашынан эле мээнет кыл, отун ташы деп үйрөткөнү үчүн адамдар акылын иштетпей эле кара күчүн иштетип калган. Ошонун айынан да бизде акыл менен иштей турган философ, педагог, мыкты адистер чыкпай жаткандыгы себеп десек болот. Ал эми азыркы техниканын заманында көп деле кара күч талап кылынбайт, бир гана өзгөчө идеа жана аны ишке ашыруучу башты иштетүү гана керек.

Жаштардын глобалдуу жетишкендиктери катары карасак, башкы орунда техника, интернет, маалымат заманында жашаганы десек болот. Биз маалыматтарды тез үйрөнүүгө, тез алмашууга мүмкүнчүлүктөрдү ачып алдык. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик. Бирок муну да пайдалана албаган жаштар бар. Мисалы, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура өздөштүргөн жаштар бир канча өлкөлөрдү кыдырып, саякаттап, билим алып келишүүдө.

Ысхак МАДИМАРОВ, жаш лидерге:

ЖАШТАР ЭМНЕЛЕРГЕ АРЫЗДАНАТ ЖАНА СУНУШТАЙТ?

-Дин эркиндиги деп жаштар ар кайсы агымдан тартып жатканы. Жаштарга ар бир иште мээнет бар экенин үйрөтпөй, жеңил желпи акчага кызыктырып жаткан сырттан келген көз карандысыз уюмдар. Башка атты жамынып, эки жүздүүлүк кылган – ишканалар. Жаштардын укугу, алар эркин болсун деп укуктарыбызды көрсөтүп да милдеттерибизди көрсөтпөгөн закондор. Өзүбүздүн менталитетке туура келбеген чет элдин кылык жоруктары. Кылмыш, уруш, уурулук, адам өлтүрүү, уят программаларды койгон, жазып чыккан угузган айрым ММКнын өкүлдөрү. Сөзүнө иши, ишине сөзү дал келбеген – депутаттар. Айта берсе сөз көп, мунун баары кайсы бир деңгээлде жаштардын көз карашына, ой-жүгүртүүсүнө, эки жүздүүлүккө, жалкоолукка ошол эле учурда келечегине да түздөн-түз таасирин берет. Андыктан ар бир адам, ар бир кесип ээси өз милдетин так жана таза аткарса демекчимин.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17