Аймак

ЖАРГА ЖОЛОТПОГОН ЖООГАЗЫНЫМ

ЖАРГА ЖОЛОТПОГОН ЖООГАЗЫНЫМ

 1,570 Бардыгы /

Жолобогулачы бул жакка, жолобогулачы! – деп, көрсө, сен ыйлап жиберчү турбайсынбы. Мен анда түк түшүнгөн эмес экенмин, түк.

Ал учурда түшүнбөгөнүм менен, сени үзүп алганыбызда желекчелериң айрым учурда дароо, кээде бир аздан кийин түшүп калганына таң калып калчубуз. Кой үзбөй эле коелучу, желекчелери түшүп калат экен, -деп кобурашыып турганда арабыздан дагы бир шогураагыбыз чыга калып, ии, үзө береличи эмне болот эле, деп сени көздөй умтулганда, “Ээй, кой, болдуу, үзбө, жинди болдуңбу, үзбө эле, үзбөө, желекчелери түшүп калат баарибир!” – деп жабыла, жарыша сүйлөп жатып токтотуп калат элек.

Ээ, болуптурчу, каадалангандар!.. деп ал бизге таарына түшкөндө, таарынбачы эми ошого деле дегенче, сай суусунун жээгинде сенидагы биразга караап, сулуулугуңа суктанып, ананбашка дагы бир нерселерге, бирде кулунчакка чуркап барсак, бирде суу чачышып ойноп алаксып кетет элек.

Калган кыздарды билбейм, бирок желекчлериң эмнеге түшүп калат болду экен ой-санаа менде жүрө берет эле.

Эми, азыр түшүнсөм, ал бекер эмес экен. Өзүң суунун жээгиндеги жар боорунда жайдын орто ченине чейин гүлдөп турган убактыңда биз сага суктана чуркап барып үзө калганыбызда ыйлап жибергениң, көрсө, бул жарга келбей, этит болгула,- деген ишаратың экенине эми акылым жеткендей болуп жатат, менин жоогазын гүлүм.

Биз кашаттан ылдыйлата сайгажарыша чууркап түшүп, бакандарыбыз менен калдыраган челектерибизди (чака) туш келдикое калып, бир сыйра ал жакты аралап, чурулдап анан челектерибизге суу толтуруп, бакандап жөнөп калчубуз. Ошондо баканга илинген оор челектердибиздин буралып, ийилип жатып араң ийинибизге коюп, мүдүрүлүп кете жаздап, телтеңдей түшүп, анан түз  басып кеткичекти чакадагы суулар чайпалып, төгүлө калганда, бүтүндөй эси-дартыбыз дароо сууну төкпөй-чачпай алып баруу жоопкерчилигине ооп, ар кимибиз өз алдыбызча жолубузга түшүп, кадамыбызды  санап, этиат таштап, өр таяна чыгып кетип жатканыбызды, утуру бийиктеген жолдо, ийинибизге кесип кетчүдөй өтүп жаткан баканды утуру оң, сол тарапка жылдырып, түзгө чыгып кеткенге чейинки абалыбызды караап, ичиң ачышып калганыңды эми түшүнүп жатпаймынбы, менин жоогазын гүлүм.

Ооба, ооба, кыыйладан бери көрүшпөй калганбыз.

Айылдан алыстап, анда-санда барып калган учурда деле көрүшпөйкалганбыз.

Анан, бул жылы бир барып калдым. Ата-Энемдин үйүнө бара жатканда бир жагынан кубансаң, бир жагынан кусалыктан өзүңдү канча тыйсаң дагы үйгө жакындаганда ээ-жаа бербей, бир буркурап ыйлап жибересин. Бир нерсе деле айта албайсың, өзүңдү да токтото албайсын. Кой, деп жакындарың кучагына кысып, кой, эми болду дегенине болбой, бугуң чыкканча бир быр-шыр болупаласын. Бул абал ушундай…

Анан бир учурда өзүңө келип, кайра жаш бала сооронгондой болуп,  жакшылап амандашып, сурашып, дастаркон четине  чогулуп калабыз.

Кой, кой эми, деп өзүңчө шүгүрчүлүк келтирип, көзүң жашылданып турса дагы, күлүп-жайнап каласың.

Бул сапар Бишкектен жолго чыкканда эле, негедир, оюма бир кылт эттиң эле. Азыр жай, гүлдөп жатты бекен же маалы бүтүп калды бекен санаасы менен сен тарапка барууну ойлоп жаттым.

Бир, эки куюм чай ичип эле, жүргүлө сайга, деп айтаарым менен, үйдөгү бала-чакалар да кеттик эле, кеттик деп короо менен бир болуп дүрбөп жөнөп калдык.

Сага жеткиче дагы бир топ кооздуктар- алма, жаңгак,  алчалар, жана башка түркүн чөп, гүл өсүмдүктөрү назарыбызды өздөрүнө бурушуп, келдиңерби дегендей, оңойчулук менен жылдырышпай, көпөлөктөр учуп-конуп, майда-чүйдө бөчөкөлөр, аары, коңуздар, бак-дарактарда түркүн куштар сайраган бота-биогармониянын коштоосу менен,акыры,  сен гүлдөп турган жерге жетип бардык.

Гүлдөп турупсун. Сүйүнгөнүмдү айтпа! Эң сонун бажырайып гүлдөп жаткан учуруңа  туш келип калганыма кубанычым жетпей, дароо сүрөткө тартып алдым.  Сүрөткө суунун берки өйүзүнөн эле тарттым. Сага жакындасам эле желекчелериң түшүп кетчүдөй болуп, оо, илгери сен тарапты таң кала карап турганыбыз көз алдымда турду. Жакшылап карасам, дагы бир нече бүчүрлөрүң бар экен, алар дагы гүлдөйт эми деп, кудуңдап калдым.

Чогуу жүргөн балакайлар менен  кобурашып,дагы ар кайсы жакты аралап, сен жакты кылчактап карап-карап коюп, өйдөлөп,  үйдү карай жөнөп кеттик.

Сүрөтүңдү эстегенде карап коемун, жөн эле карабаймын…

Сүрөтүңдү кагазга боек аркылуу  биир тарткым келди. Дасыккан чебер болбогонум менен,сенин толук турпатыңа – тамырларыңа, каршы-терши жайгашкан сабактарыңа, жалбырактарыңа желекчлериңе, алардын өңү-түсүндөгү боектордун кубулжуган ар кандайлыгына таң кала карай беремин.

Ушундай уюшкан, табигый сулуулук менен бүт ошол жерди көрккө бөлөп турганыңыэми да болсо байкай алганыма кубана тартып жаттым.

Мына ушул байкоомдон кийин бул сенин дагы бир кызматың – жер кыртышын бекем сактап турган пайдалуу ишиң окшойт, деп ойлоп калдым.

Балалык доорумда “эмнеге желекчелери түшүп калат?” деп элейип калган суроомо канча бир жылдан соң мына ушундайбир нече жооп алдым.

Менин назик жана баатыр жоогазыным, сени жакшы көрөм! Тамырларың дагы кенен жайылып, көргөндүн көзүн сүйүнтүп, көңүлүн кубантып, дүркүрөп өсө бер, менин жароокер жоогазыным!

Зирек Асанова, 2019, июнь, ноябрь

Бишкек-Актоок-Бишкек

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17