Аймак

АЖЫЛЫККА БАРУУНУН ШАРТТАРЫ: ЗЫЯРАТ КИМДЕРГЕ ПАРЗ ЭМЕС?

АЖЫЛЫККА БАРУУНУН ШАРТТАРЫ: ЗЫЯРАТ КИМДЕРГЕ ПАРЗ ЭМЕС?

 5,591 Бардыгы /

Ислам дининин эрежелери боюнча ажылык — бул мусулмандарга жүктөлгөн парздардын бири. Ар бир мусулман адам өз өмүрүндө жок дегенде бир жолу Меккеге ажылыкка барып келиши зарыл. Ислам дини мусулмандарга кайсы учурда ажылыкка барууга тыюу салат? 2020-жылдагы ажылык сапарга каттоо аяктадыбы? Канча жаран катталды? Ошондой эле анча-мынча талаштуу маселелерге Жалал-Абад областтык казыятынын ажылык иштери боюнча куратору Давранбек Жунусалиевден жооп алып көрдүк.

-Ассалому алейкум, Давранбек ажы, айтсаңыз ажылык сапарга баруу кимдерге парз?

-Бисмилахир рохмаанир рохиим. Жараткан Алла Таалабызга чексиз мактоолорду айтуу менен бирге элибизге ажылык зыяратына барууга мүмкүнчүлүк берилгенине шүгүрчүлүк келтирели. Ажылык – Алла Тааланын негизги 5 парзынын бири. Андан да башка парздарынан айырмачылыгы мында акча дагы сарптайт. Башкача айтканда бул ибадат өзүнүн каражаты менен барып ошол жерди көрүп, Алла Таалага чын дили менен сыйынып аткарып келе турган ажылык сапары болгондуктан ыкластын бекемдиги сөзсүз түрдө талап кылынат. Анткени ал Аллахтан күнөөлөрдү толук кечирилүүсүн сурануучу ыйык жай. Ал жерге тазалануу үчүн барышат. Ошондуктан мунун сообун Алла Таала: кимде-ким ажылык кылып, ал ажылыгы кабыл болгон болсо, наристедей болуп күнөөлөрү кечирилет – деп айтат. Бүгүнкү күндө ажылык кимдерге парз, албетте ыймандуу, толук намаз окуган, орозосун кармаган, зекетин берген жана ислам динибиздеги беш парздын бири болгон ажылыкка барууга кудурети жеткен ден соолугу чың, ажылыктын жолуна кадыр болгон инсандар үчүн парз болот. Ажылык милдетти аткаруу учурунда адам тарабынан эч бир күнөөлүү иш жасалбаган ажылык “кемчиликсиз ажылык” болуп эсептелет.

-Айрым учурда ичип жүргөн жаранды жакшы ниет менен жакындары ажылыкка жөнөтөт эмеспи. Ал зыяраттан келгенден кийин ичкиликти таштаганы да, кайра ичип алганы да бар. Бул нерсеге көз карашыңыз?

-Албетте мындай учурлар коомчулукта учурайт. Дааватка да ичип жүргөн ууруларды, каракчыларды да ошондой жакшы ниет менен жөнөтүп жатышат. Ошол жерден ыйман таптырып, намаз үйрөтүп туура жолго салып койгон учурлар көп. Бул албетте жакшы нерсе. Ал эми ажылыкка да ошондой жөнөтүп жатса, ал келгенден кийин мурунку кылыктарын таштаса, бул абдан жакшы көрүнүш. Ылайым эле ушул көрүнүштөрдөн жазбай, катарыбызга ыймандуулар кошула берүүсүн Жараткандан тилейли.

 –Ажылыкка каттоо иштери аяктады, кандай тартипте иш алып бардыңыздар?

– Быйылкы 2020-жылдагы ажылыкка каттоо иштери 2019-жылдын 16-декабрында башталып, 30-декабрь кечки саат 17:00дө аяктады. Бизде каттоо жылдагыдай эле электрондук тартипте өтөт. Муфтийдин буйругунун негизинде жарандарыбыз “РСК банкына”  700 сом жана 500 доллар баштапкы төлөмүн которушту. Мына ошол төлөмдөрдүн квитанциясы, биометрикалык паспорт жана тышкы паспорт, 3-4 өлчөмдө төрт даана сүрөт керектелди. Аял киши бара турган болсо, өзүнүн эркек кишилерден бара турган жакын туугандары агасы, иниси, баласы, күйөөсү же болбосо атасы, тагыраагы махрам кишиси жана жакындыгын тастыкталган документтер керек болот.

Жалал-Абад областына калктын санына жараша квота бөлүнүп берилет. Азырынча расмий квота бөлүнүп бериле элек. Себеби ажылыктын баалары да анык эмес. Өзүңүздөргө маалым Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар жана кийим тигүү, эмдөө иштери боюнча тендер жарыялап сынак өткөрүп жатат. Сынактан кийин баасы аныкталып билинет.

-Канча жаран катталды?

-Жалал-Абад областы боюнча  Жалал-Абад шаарында, Сузак району боюнча областтык казыяттын эски имаратында, калган бардык райондордун борбордук мечиттеринде ажылыкка каттоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле муфтийдин буйругунун негизинде 30-декабрга чейин банкка акча төккөн жарандар башка документ иштери бүтпөй калса, 15-январга чейин катталганга уруксат берилген. Бүгүнкү күндө 2020-жылга ажылык сапарына катталган жарандардын жалпы саны 1519 жаранды түздү.

– Катталгандардын баары эле барышабы?

-Биринчиден биздин адистер талапка ылайык документтердин негизинде туура катташат. Тагыраагы документтеринен бирөөсү ката болсо да каттоого алышпайт. Экинчи маселе катталгандын баары эле бара алышат деген чындыкка дал келбейт. Анткени бизге берилген квота жылдагы тажрыйба менен айтсак, 1000дин тегерегинде болот. Учурда бизде былтыркы тизмеден ашкан жарандар менен кошо 2 миңге жакын жаран катталган. Бул дегени быйыл да тизмедеги жарандардын жарымы барууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Анткени квота жетпейт. Ажылыктын убактысы жыл сайын ай жыл санагына ылайык өзгөрөт. Быйыл буйруса июль айына туура келип турат.

-Жарандарга эскертүү жана ажылык кимдерге парз эмес?

-Кээ бир жарандарга эскертип кетчү нерсе, айрымдары “РСК банкына” акча которуп эле үйүнө барып, “болду мен катталдым” деп отуруп алышат экен. Бул туура эмес, ал акчаны төккөнү менен керектүү документтери менен катталган жок. Ажылык – 5 парздын бири болгондон кийин эгер ошол адамдын жолу ачылып, мал-мүлкү жетиштүү , аялдарга коштоп бара турган махрамы бар болсо, кыскасы шарты бар адамга парз. Эгер анын акчасы жок болуп, карыз алып бара турган болсо, тагыраагы барууга кудурети жетпесе, ага ажылык парз эмес. Демек ал кыйналып, акча таап барышым керек дебей койсо да болот. Качан гана анын мал-мүлкү жетип, жакындарын толук материалдык жактан камсыздай алса гана ал адамга парз болуп саналат.

-Окуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөбү?

-Ажыларыбызды учурда каттоо бүттү. Бара тургандардын тизмеси келгенден кийин алар калган акчаларын төлөшөт. Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгында убактылуу республикалык штабдын комиссиясы бар. Ар бир органдан киргизилип түзүлгөн. Мына ошолор ажы башчыларды тандайт. Ал эми ажы башчылар ар бири өзүнүн ажыларын 50 адамдан бөлүп алып, аларга кам көрөт. Ажы башчыларына өздөрүнүн карамагындагыларды окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ажылык кийим кечесин таркатуу жана ал жердеги мыйзамдарды тааныштыруу милдети жүктөлөт. Аэропорттон өткөндөн баштап Мадинадагы, Меккедеги зыяраттар, ажылыктын парз, важиб, сүннөттөрүн экскурсиялык зыяраттарды, ал жердеги мыйзамдарды, аба ырайынын ысыктыгында андан кантип сактанышы керектигин ошол ажы башчы үйрөтөт.

-Ажылык качан, кантип кабыл болот?

-Чын ниети менен ыклас кылып, “Алла Тааладан карыз элем, ажылыктын парзын чын дилим менен аткарып келейин” -деген максат менен барган инсанга ажылык кабыл болот буйруса. Ошондон кийин оңолуу жолуна түшөт. Мисалы, намазы кабыл болгон адамдын дагы мурда жасап жүргөн жаман жоруктары жоюлгандыгынын негизинде намаз кабыл болуптур десе болот. Ажылык деле  кудум ушундай ажыга барып келгенден кийин мурдагы күнөө иштерин жасабай таштап, ислам дининде көрсөтүлгөн парзды дайыма аткарып толук тазаланышы керек, мына ошондо буйруса ажы наамына татыктуу болот. Өлкөбүздө ажыларыбыздын саны дагы да көбөйө берсин. Алла Тааланын жолунда жүргөн бардык мусулмандарга ажылык сапарына баруу насип кылсын. Оомийин.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17