Аймак

БАЗАР-КОРГОН: КАЙЫРМА АЙЫЛЫНДА ТИПТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН: КАЙЫРМА АЙЫЛЫНДА ТИПТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

 2,775 Бардыгы /

Бүгүн 24-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында №38 «Гүлдесте» бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Белгилеп кетүүчү жагдай, буга чейин аталган айыл аймакта бир дагы бала бакча болгон эмес. Көпчүлүк тургундар балдарын райондун борборунда жайгашкан бала бакчаларга алып барышчу.
Айыл тургуну Аниса Санибаеванын айтымында, айылда бала бакча жоктугунан анын небереси үйдө болчу.
«Кайырма айылына бала бакчанын ачылганы эң сонун болду. Буга чейин бала бакчанын жоктугунан Колот айылына, райондун борборундагы бала бакчаларга алып барышчу. Анда да шарты бар ата-энелер алып барышкан. Биз бул бала бакчага неберебизди беребиз деп кубанып турабыз. Ушул жерден мектепке чейинки татыктуу тарбияны, билимди алып чыкса, ошол биздин кубанычыбыз», – деди ал.
Кошумчалай кетсек, Бул бала бакчага 5 айылдагы балдар кабыл алынат. Учурда Акман айыл аймагында 1344 бала кезекте турат. 75 орундуу бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 22 млн сом жумшалган.
«Бул бала бакча боюнча документ 2012-жылы даярдалган. Курулушу 2016-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2018-жылы кайрадан каралып, республикалык боюджеттен 22 млн сом жумшалды. Буга чейин Акман айылында мындай типтүү бала бакча болгон эмес. Чындыгында абдан кубанып турабыз. Анткени бала бакчанын жоктугунан көп кыйынчылык жаралчу. Бала бакча 75 орунга ылайыктуу болгону менен бөлмөлөрү чоң, шарттары жакшы болгону үчүн 200дөн ашуун баланы кабыл алууну пландап жатабыз. Буйруса 1-февралдан тартып, балдарды кабыл алып иштей баштайбыз. Бирок ага чейин эле балдарды бул жакка көндүрүп, тайпаларга бөлүп иштеп жатабыз », – деди бала бакчанын директору Кундуз Шайдылдаева.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17