Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,159 Бардыгы / АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду. Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин […]
1,160 Бардыгы / АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду. Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин […]
АНКАРА ШААРЫНДА «АЗИЯНЫН БИРИНЧИ ГЕНЕРАЛ АЙЫМЫ» ДЕП АТАЛГАН ЭСКЕРҮҮ МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫН УЮШТУРУЛДУ
07.02.2020 / Автор aymak

1,161 Бардыгы /
АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду.
Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин (Улуу Улуттук Жыйынынын) мүчөсү, Кыргызстан жана Түркиянын Парламенттер аралык достук Тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк, Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коомунун Башчысы, Түркиянын Парламентинин мүчөсүМетин Гүндогду жана түрк профессору Абдулселам Арвас мырзалар Курманжан Датканын өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүдө кеңири баяндама жасашты.
Эскерүү маалында Кыргыз Элчиси Кубанычбек Өмүралиев өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана нукура дипломаттыгы менен тарыхта калган Датка айым – өз балдарынын гана эмес, жалпы Кыргыз элинин дагымээримдүү энеси болгондугун, Кыргыз элинин бейпилдигин камсыз кылуу үчүн өзуулун курмандыкка бергендигин; аткарган иштери келечек муун үчүн таптакыр унутулгус экендигин белгиледи. Өзгөчө Курманжан Датканын жашыруун ат менен жарыялаган ырларын, акындык талантын дагы баса белгиледи.
Ал эми Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу Курманжан Датканы бүткүл дүйнөдөгү айымдар үчүн сонун үлгү сыңары тааныта турган Кыргыздан чыккан Түрк элдеринин баатыр аялзаты болгондугун баса белгиледи. Ал эми Түркиянын Парламенттер аралык достук Тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк өзщ сөзүндө Курманжан датка түрк дүйнөсүндө чоң кадыр-баркка арзыган күчтүү генерал айым экендигин белгилеп, датка апабызды «Жоодо – баатыр, үйдө – кут!» деп атады. Маданий иш чарада, түрк профессору Абдулселам Арвас датка апабызды дүйнө тарыхында из калтырган айымдар менен салыштырып, кыскача өмүр таржымалы тууралуу баяндап, теңдеши жок зор инсан болгондугун абдан катуу белгиледи. Аталган маданий кечеге Анкарадагы чет өлкөлөрдүн Элчиликтеринин жана Түркиянын министрликтеринин, ведомстволорунун жана жергиликтүү аймактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнэн жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Түрк жана Кыргыз студенттер, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган Кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү, мунун ичинде Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашап жатышкан Алайдан көчүрүлгөн этникалык кыргыздар дагы катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат жана эл оозунда Курманжан датка жана Алай ханышасы деп аталган тарыхый инсаныбызды атын Кыргызстандан тышкары Түркия жана Түрк дүйнөсүнө таанытуу болуп саналат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Түрк тарых коому (Türk Tarih Kurumu) – Түркиянын Өкмөтүнө караштуу коомдук уюм, 1931-жылы Ататүрктүн демилгеси менен уюшулуп, Түркиянын жана түрк элдеринин тарыхын таанытуу жана изилдөө максатында түптөлгөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ ШААРЫНДА АКЫРЫ ЗАМАНБАП ФОНТАН АЧЫЛДЫ
-
-
26.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН УЛУТТУК ГВАРДИЯЧЫЛАРЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.