Аймак

ЭЧЕНДИ ЭСТЕТКЕН ЭСКИРГЕН ЭРГЕЛЧЕК

ЭЧЕНДИ ЭСТЕТКЕН ЭСКИРГЕН ЭРГЕЛЧЕК

 1,982 Бардыгы /

– Оо, итиңерди тоскулаа, итиңерди карап тургулаа, кармап тургулаа.

– Каппаайт, тиштебейт, келе бериңиз, оой, коркпоңуз, байлануу, карап турабыз, кармап турабыз.

Деген эле ушул сөздөр айрым учурда айтылбаса, биздин короонун кире беришиндеги эргелчекти илмегинен ачып эле, үйүбүзгө адамдар келип турушчу.

Бул жыгач эргелчекти илгери АТАКЕМ өз колу менен даярдаган. Бейишиңиз болсун АТАКЕ!

Адегенде, эколожи жагын айта койсом: биздин короо-жайдын рельефине жараша, түздөн ары кашат, кашаттан ары ылдыйлап түшө бергенде сай-өөн, ошол өөндөгү суу жээгинин бир четинде тегерекче болуп майда талдар, бадалдар өсүп турат. Ошолордун арасынан мөөнөтү келип, карый баштаганы тандалып ушундай курулуш ишине керектелет.

Бак-даракка чөмүлүп турган биздин Актоок айылыбызда темирден кычыратып дарбаза койгондор илгери болчу деле эмес, болсо да, короо-жайды дарактар менен курчап турган кашаанын катарында мындай нерсе өөн учурай тургандай эле (билбейм, бирок, азыр айрымдар койгондур)

Жөнөкөй эле жыгачатан жасалган бул эргелчектин аткарган кызматы-функциясы бир топ эле – айыл ичинде бош жүрүп калган мал: ат, эшек, кой, уй, эчки жайында жашылча-жемиштерди майкандап, күзүндө мөлтүрөп мөмөлөрүн көтөрө албай жерге ийилип турган алма, алмурутту талкалап, кышында кычырап сапсары болуп, тыкан жыйылып турган чөптү мойсоп жеп салбасын, деген эле этиат камкордук.

Кээде эргелчекти жаап коюу эске келбей, ачык калганда короого кирип келген малды, колго тийген чыбык менен аягынан-буягынан айдап чыгып, кайра илмекти илип койчубуз, ызы-чуусу жок эле.

Мындан башка эч кандай деле коркунуч, шек саноо болгон эмес экен, деп азыр ойлоп каламын. Адамдарда ой-пейил таза болсо, корооң толук тосулбаса деле сый-урмат сынынан жазылбай сактала берет сыңары…

Биздин үйдүн бул эргелчек дарбазасы азыр абдан эле эскирип, сыны кеткени менен, анда канчалаган-нечендеген адамдардын биздин куттуу үйүбүзгө келгиси, чай ичкенче чер жаза сүйлөшүп отургусу, алыстан айылчылып келип эки-үч күн же андан узагыраак түнөп кеткиси келген алыс-жакын туугандардын; ии, үйүңөрдү актап (акилеп), сырдап жатасыңарбы, отун-көмүр түшурдүңөрбү, оо жанараакта үйүңөргө келген кимдээр, эмнеге келишиптир, каякка бардыңар, эмнеге бардыңар, ушундай сатып алдыңарбы, каякта экен, бу азаттыкта (радио) эмне деп айтып жатат ыя, эми Абдыкаар өзүң жакшылап бизге айтып бербесең болбойт, бул-тигил китебиңерди берип тугулачы, эки нан бери тургула анан жапканда кайра беребиз, кант, туз, күкүрт, бир чымчым чай, бир банка сүт-айран, бир кружка ак май, панар май, тузүгүрөөк болсо бир кийимдик материал, эркек көйнөк, кол машине, шибеге, ийне-жип, жубалдыз, араа, кычкач, балта, орок, чалгы, кетмен, казык, ээр-токум, кап-чыпта, мака (жүгөрү) пая, боолонгон чөп, чийне бере тургула, эшегиңерди берип тургулачы чөп ташып алалы, токойго барып жаңак жүктөп келип алалы, дангана аласыңарбы, дагы жана башка тиричиликке керектүү нерселерди кадыресе эле, ишенич менен алыш-бериштеги, ошол эле учурда, жайлоодо үлүш өткөрдүк эле – бул эттен, кымыздан ооз тийгиле, аш жасадык эле – жеп койгула деп бир кардим (кесе) палоону көтөрүп келген, жаңы эле нан жаптык эле деп, ысык нанын шаша көтөрүп кирип келген, айылга бардык эле, үйгө оо алыстагы тууганыбыз алып келген экен, балдар Жаллабаттан, Оштон, Прунзеден каникулда ала келишиптир, жаңгактарды сатып шаардан (ашхабад, самарканд, оротөбө, анжиян ж.б.) ала келишкен экен -ооз тийгиле, – биздин үйгө келип чай ичип кеткиле: аш жасадык эле жөн эле, баланы бешикке салганы жатабыз, жети токоч чыгардык эле, деп дагы биир далай, биир топ жана башка жып-жылуу сөздөр менен катташып турган жакын-алыс кошуна-колоңдорубуздун; анан дагы менин, менин бир боорлорумдун кулагына майдай гана жаккан – ээй, ойносуңарбы, жүргүлө ойнойбуз, силердин эле короодогү жаңгактын түбүнө ойнойлучу, деген курбу балдар-кыздарыбыздын тапп-таза колдорунун издери калганын кантип эстебей коюга болот эле…

ШҮГҮР-ШҮГҮР ДЕЙЛИ!

Зирек АСАНОВА,

Актоок айылы

2019-жылдын 21-июну

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17