Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,485 Бардыгы / Эгерде элетте болсо, чындыгында, унчукпайт деле элек. Кашайып Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1, №-1-А, №16-көп кабаттуу үйлөрүндө жашап жатышкан беш жүз чакты адам дагыле ичилүүчү таза сууга зар! Булардын муң-зарын калаа бийлиги билсе дагы билмексен, көрсө дагы көрмөксөн. Алмаз ОСМОНОВ, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн тургуну: – Ыя айланайын, деги кай заманда жашап жатабыз? […]
1,486 Бардыгы / Эгерде элетте болсо, чындыгында, унчукпайт деле элек. Кашайып Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1, №-1-А, №16-көп кабаттуу үйлөрүндө жашап жатышкан беш жүз чакты адам дагыле ичилүүчү таза сууга зар! Булардын муң-зарын калаа бийлиги билсе дагы билмексен, көрсө дагы көрмөксөн. Алмаз ОСМОНОВ, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн тургуну: – Ыя айланайын, деги кай заманда жашап жатабыз? […]
ТҮШТҮК БАШКАЛААДА ЖАШАГАНДАР ТАЗА СУУГА ЗАР!
07.02.2020 / Автор aymak1,487 Бардыгы /
Эгерде элетте болсо, чындыгында, унчукпайт деле элек. Кашайып Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1, №-1-А, №16-көп кабаттуу үйлөрүндө жашап жатышкан беш жүз чакты адам дагыле ичилүүчү таза сууга зар! Булардын муң-зарын калаа бийлиги билсе дагы билмексен, көрсө дагы көрмөксөн.
Алмаз ОСМОНОВ, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн тургуну:
– Ыя айланайын, деги кай заманда жашап жатабыз? Биз туруктуу байырлаган үйлөр эмдигиче борбордук суу түйүнүнө туташтырыла элек экен. Ошону үчүн ичилүүчү сууну ар жактан ташып гана ичип келатабыз. Муну үчүн деги ким айыптуу? «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасыбы, же Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгыбы? Буларды сураган жетекчи жок! А экөө тең чыныгы айыпты бири экинчисине төңкөрүп гана эптеп кутулуп келатат.
Жаңыбай КАПАРБАЕВ, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн тургуну:
– Президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Өлкөбүздүн бардык аймактарын 2024-жылга дейре тазу суу менен камсыз этебиз!» деп тынбай мактанып жатат. Кыязы, мамлекетибиздин башчысы Ош шаарын толук кыдырып көрө элек өңдөнөт. Эгерде билсе, минтип айткандан, албетте, уялат эле. Анткени, Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы көчөнүн 16-үйүнүн, ошондой эле Ак-Тилек кичи районундагы бир нече үйлөрдүн жашоочулары дагы ушул тапта ичээрге суу издешип, коңшу-колоңдорунун короолорун каккылап, жек көрүнүп деле бүтүштү.
Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн тургуну, коомдук ишмер:
– Тиешелүү жерлерге жазып жүрүп чарчадык жана мукурадык, эй! Эмне, «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Дөөлөтбек Кокочоров Оштун ханыбы, ыя? Кыргыз Республикасынын «Бишкек жана Ош шаарларынын макамы» жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын талабына ылайык элди ичилүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо Ош шаарынын мэиясынын негизги милдети болуп саналат.
Тилекке каршы, Ош шаар жетекчилигинин кайдыгерлигинин кесепетинен аталган мыйзам талаптары жана Президенттин “Аймактарды өнүктүрүү” жана “Ар бир айылга – таза суу!” деген жарлыктары Ошто таптакыр эле иштебей жатат. Маселен, Ош шаарынын Гастелло көчөсүнүн №1- жана №1-А, №1-б көп кабаттуу үйлөрүн ичилүүчү суу менен камсыздоо максатында 2018-жылдын сентябрь айында Ош шаардык капитал курулуш башкармалыгы менен «Иверия» ЖЧКсынын ортосунда №19-18 –сандуу келишим деле түзүлүп, 228 935 сомдук иштер долбоордун негизинде толугу менен 2018-жылдын декабрь айында эле бүткөрүлгөн. Ал убакта кышты шылтоолоп «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги сууну токтото алышпасын, анткени, 6-котельный тынымсыз суу менен камсыздалып турат – деп 2019-жылдын апрель айында гана ремонт иштерин жүргүзүлөөрүн түшүндүрүшкөн эле. Ушундан кийин өткөн жылдын 11-апрелинде Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин аталган үйлөрдү ичилүүчү суу менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйынынын негизинде протоколдук тапшырма деле берип, бул документтин 4-пункутунда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына (жетекчиси Шүкүр Мадаминов), «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине (директору Дөөлөтбек Кокочоров) Гастелло көчөсүнүн тургундарын ичилүүчү таза суу менен токтоосуз камсыздоо жагын милдеттендирген. Бирок, жергиликтүү аткаминер Дөөлөтбек Кокочоров тоңмоюндукка салып, ар шылтоонун башын кылтыйтып, бул тапшырманы азыркыга дейре таптакыр аткарбай келатат. Болгону жогорку басымдагы түйүнгө туташтырууга эки сааттык гана аткарыла турган жумуш, мына, эки жылдан бери токтоп турат. Ошондуктан, аталган муниципалдык ишкананын жетекчилеринин-директору Дөөлөтбек Кокочоровдун жана башкы инженери Ормош Осмоновдун үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин “Кызматынан аша чабуу”, “Мансабынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча токтоосуз кылмыш иши козголуп, ар бирине укуктук жактан калыс дагы баа берилиши кажет!
Ошентип, Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1, №-1-А, №16-көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин жосунсуз жоруктарына акыры-соң укуктук жактан баа берилиши кажет деп эсептешет. Алар аргасы түгөнгөндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргыз бийлигине Кайрылуу дагы жасап олтурушат. Жергиликтүү тургундар бул өңүттө топтолгон материалдарды Ош шаардык прокуратурасына өткөрүп берүү менен «Ошаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин кызматтык маселесин дагы чукул арада караштырууну Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбаевден катуу талап кылышууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛЫП ТУРАТ
-
07.06.2023 / Автор anarkan_kg АК-ТЕРЕК – ПАПАН – КОЖОКЕЛЕҢ УНАА ЖОЛУНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮҮДӨ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.