Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛУС КАНТИП КОРОНАВИРУСТУН АЛДЫН АЛЫП ЖАТАТ?

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛУС КАНТИП КОРОНАВИРУСТУН АЛДЫН АЛЫП ЖАТАТ?

 2,751 Бардыгы /

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп атады. Оорунун жайылуу деңгээли Кытайда абдан жогору, ал эми региондо жана дүйнөдө жогору бойдон калууда. Аталган оору ушул күнгө чейин 23 өлкөгө тараган. Ага ылайык бардык өлкөдө бул вирус кооптуулукту жаратып, анын алдын алууга бүт аракеттерин жумшап жаткан чагы. Мындан улам Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтотту. 

Өткөн аптада Жалал-Абад облусунда дүйнө элин кооптондурган коронавирус эпидемиясына каршы көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды. Анда облус башчысы ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин билдирди. Четте калбай Жалал-Абад облусу коронавирустун алдын алууда кандай аракеттерди жумшап жатат? Деги эле аталган оорудан кантип коргонууга болот? Эмнелерди билүү керек? – сөз ушул суроолордун тегерегинде болмокчу.

Дүйшөналы КУРБАНАЛИЕВ, Областтык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери:

-Жалал-Абад облусунда коронавирус оорусунун алдын алуу аракеттерин жергиликтүү бийлик менен чогуу көрүп жатабыз. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн алдында оперативдүү топ, ошондой эле медициналык штаб түзүлгөн. Анын негизинде мекеме-ишканалар, медициналык кызматкерлер ушул багытка тартылып, азыркы күндө ыкчам иш аракеттер көрүлүп жатат. Негизинен  Жалал-Абад областында Өзбекстан менен чектешкен эки чек ара пункту бар. Ошол жерге биз санитардык-карантиндик постторду уюштурдук. Ал жердеги биздин кызматкерлер Өзбекстандан өткөн жарандарды тепловизор аппаратынын жардамы менен коронавирус ооруларынын белгилери барбы, жокпу текшерип, анан өткөрүп жатышат. Ал эми өздүк коргонуу каражаттары-автомакс, залалсыздандыруучу заттар азырынча өзүбүздө жетиштүү. Эгерде кокусунан коронавирус оорусу катталган болсо, биздеги өздүк коргонуу каражаттары бир айдын тегерегиндеги убакытка жетет.

Жалал-Абад областтык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан коронавирус оорусунун алдын алуу максатында төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

-КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүндө тийиштүү мекеме-ишканалардын катышуусунда областтык штаб түзүлдү.

-Жалал-Абад областтык саламаттык сактоонун координаторунун “Чек ара өткөрүү пунктарында медициналык кароо пунктун уюштуруу жөнүндөгү” буйругу чыккан жана областтык медициналык штаб орнотулду.

-Областтын аймагында коронавирус оорусун болтурбоо максатында иш-чара түзүлүп, саламаттык сактоо мекемелерине жиберилген. Ага ылайык  жер-жерлерде түшүндүрүү иштери, кокустан оору катталса ар бир кызмат өкүлдөрү өзүнүн функционалдык кызматын аткаруу боюнча атайын окуулар жүрүп жатат.

ЧЕК АРА ӨТКӨРМӨ ПУНКТАРЫНДА КӨЗӨМӨЛ КАНДАЙ?

Жаңырган жылдын 28-январынан баштап Өзбекстан менен чектешкен Ноокен районундагы “Маданият” жана Ала-Бука районундагы “Баймак” чек ара өткөрүү пунктарында үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) жана областтык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (ОААжМСЭКБ) кызматкерлерине 08:00дөн кечки саат 21:00гө чейин иштөө графиги түзүлгөн. Ага ылайык аталган өткөрмө бекеттеринен Кыргызстанга өтүүчү жүргүнчүлөр тепловизор аппаратынын жардамы аркылуу текшерилип өтүлүүдө.
Аткарылып жаткан аракеттердин жүрүшү менен Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Саламаттык сактоо министрлигинин областтагы координатору Н.Эрматов жана областтык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери  Д.Курбаналиев да жеринде таанышып кайтышкан.

Ала-Бука районунун “Баймак” чек ара пунктуна 20 медициналык кызматкер (7 врач, 12 медайым жана 1 айдоочу), ал эми “Маданият” чек ара өткөрүү пунктуна 19 медициналык кызматкер (7 врач, 7 медайым, 3 дезинфектор жана 2 айдоочу) тартылган. Медициналык санитардык-карантиндик пунктарында 28-январдан 5-февралга чейин “Баймак” чек ара өткөрмө пункту 6233 жаранды, “Маданият” өткөрмө пункту 12362 жаранды өткөргөн. Жалпылап айтканда ушул күндөр аралыгында Өзбекстан аймагынан кирген жарандардын жалпы саны 18 595ти түзөт. Анын арасынан “Маданият” чек ара пунктунан бир жаран дене табы жогору болгонуна байланыштуу өз өлкөсүнө кайра кайтарылган. Кошумчалай кетсек, “Баймак” чек ара өткөрүү пункту саат 08:00дө ачылып, кечки саат 19:00дө жабылса, “Маданият” көзөмөл өткөрүү пункту 22:00дө жабылат.

Маалым болгондой 5-февралга карата дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алган 20 684 учур катталды. Дарттан 427 киши көз жумса, 726 оорулуу айыккан. Вирустун 23 өлкөгө жайылып кеткени да маалым. Дүйнө жүзүн сестенткен бул коронавирус оорусунун белгилери кандай? Аталган оору боюнча эмнелерди билүү керек? Кантип алдын алууга болот? Бул тууралуу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ОҮМБ) ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Шайлоокан ТОРОБЕКОВАдан жооп алдык.

Аталган оорунун белгилери кадыреседей эле. Кимдир-бирөөнүн дене табы жогоруласа, кайсы бирине дем жетпегендей болуп жөтөлүп, тамак оору сыяктуу сезилет. Мындайча айтканда дарттын биринчи белгисинде ал ОРВИге (курч респиратордук вирустук инфекция) же кадимки эле сасык тумоого окшош. Коронавирус бул жөнөкөй суук тийүүдөн оор абалдагы курч респиратордук (дем) синдромго чейин жеткен ооруларды чакырууга жөндөмдүү болгон курч вирустук оорулардын бир түрү, ошондуктан ал оорулуу адамдан дени сак адамга жөтөлүү, чүчкүрүү жана жакын байланышта болгон учурда жугат.

Коронавирусту жуктуруп алуунун мүмкүн болгон булагы оорулуу жаныбарлар болушу мүмкүн. Ошондуктан жаныбарлар менен байланышта болгондо жана алар тектүү азыктарды пайдаланганда да керектүү эрежелерди сактап, колду дайыма самындап жууп туруу зарыл. Чийки эт жана даяр азыктар үчүн ар башка тактайларды пайдалануу керек. Ал эми эт сатып алууда учурда текшерүүдөн өткөнбү, ошону соода түйүндөн алдын ала сурап билип андан кийин гана сатып алуу керек. Уйдө мал-койлорду баккандар халат, кол кап жана беткаптарды пайдаланып, ал кийимдерди күнүгө жууп туруп, үйдүн ичине алып кирбөө керек.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17