Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
7,878 Бардыгы / Кыргызстанда жаш балдар жана аялдар арасында туура эмес тамактануунун өсүшү бирден-бир көйгөй болуп саналат. КРнын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин жана ЮНИСЕФдин маалыматтарына ылайык 43 пайыз жаш балдар жана 35 пайыз төрөт курагындагы аялдар аз кандуулук менен жабыркап келишет. Өлкөдө жаш балдардын өлүмүнүн 22 пайызы толук кандуу тамактанбагандыктын себебинен болсо, 18 пайызы туура эмес тамактануу […]
7,879 Бардыгы / Кыргызстанда жаш балдар жана аялдар арасында туура эмес тамактануунун өсүшү бирден-бир көйгөй болуп саналат. КРнын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин жана ЮНИСЕФдин маалыматтарына ылайык 43 пайыз жаш балдар жана 35 пайыз төрөт курагындагы аялдар аз кандуулук менен жабыркап келишет. Өлкөдө жаш балдардын өлүмүнүн 22 пайызы толук кандуу тамактанбагандыктын себебинен болсо, 18 пайызы туура эмес тамактануу […]
ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТАМАК АШТЫ ТУУРА БӨЛҮШТҮРҮҮНҮН МААНИСИ
02.03.2020 / Автор aymak

7,880 Бардыгы /
Кыргызстанда жаш балдар жана аялдар арасында туура эмес тамактануунун өсүшү бирден-бир көйгөй болуп саналат. КРнын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин жана ЮНИСЕФдин маалыматтарына ылайык 43 пайыз жаш балдар жана 35 пайыз төрөт курагындагы аялдар аз кандуулук менен жабыркап келишет. Өлкөдө жаш балдардын өлүмүнүн 22 пайызы толук кандуу тамактанбагандыктын себебинен болсо, 18 пайызы туура эмес тамактануу менен жабырланышууда.
Бул тууралуу «Тоолуу Агро-экосистемаларда азыктанууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында Айылдык Кызмат көрсөтүүчүлөргө түркүндөштүрүп, туура тамактануу боюнча вебинарда айтылды.
Өткөн аптада уюштурулган вебинарда үй-бүлөдө тамак ашты туура бөлүштүрүү тууралуу сөз болду. Анда ашканадагы мүмкүнчүлүктү билген, азыктардын эсебин көзөмөлдөгөн аялдар бөлүштүрүүдө кемчилдиктерге жол берээри айтылды. Анткени үй кожоюну эсептелген кайнатага, кайнэнеге, алардан соӊ жолдошуна, эркек балдарына көп каллориялуу тамакты бөлөштүрүп, кыздарга жана өзүнө аз өлчөмдөгү тамак калтырат. Анын кесепети аялдардын ден соолугунун алсыздыгына жеткирет. Андай кыз-келиндер төрөгөндө ден соолугу начар балдарды жарыкка алып келет. Вебинарда дени сак эне, дени сак улут экени баса белгиленди.
Анда айтылгандай адамда микро/макро элементтердин, витаминдердин жетишсиздиги көптөгөн ооруларга себеп болот. Курамында крахмал болгон өсүмдүк майлары жана татаал углеводдор. Алар энергия бөлүп чыгарат. Окууда, жумушта энергия менен камсыздайт. Ал эми белоктор чанактуу өсүмдүктөрдө, жаӊгактар менен семичкелерде, сүт азыктарында, этте, жумурткада бар. Адам организминин 20%ын белоктор түзөт. Ал өсүүнү, физикалык күчтү берет. Курамында «А», «С», «К», «Е» витаминдерге бай көк чөптөр, жашылчалар, мөмө жемиштер, коон, дарбыздар. Булар организмди түрдүү ооруулардан коргойт. «В» витамини нерв түзүмүнүн ишин камсыздайт. Кальций, кремний, марганецтин жетишсиздиги сөөктүн морт болуусун шарттайт.
Кыз-келиндер жакшы тамактанышса дени сак бала төрөлөт. Ал эми туура тамактанган бала физикалык жана руханий жактан жакшы өсүп-өнүгөт. Өспүрүм балдар жакшы окуп, мектепте жогорку бааларды алат.
Толук жана баалуу тамактанбагандыктын таасири же темирдин жетишсиздиги ириде аз кандуулукка алып келет. Анын себебинен мээнин өнүгүүсүнүн кечигүүсү, шамалдагандан эле балдардын каза болушуна чейин жеткирет. 3 жашка чейинки балдардын 43%ы, төрөт курагындагы аялдардын 39%ы аз кандуулуктан жабыркап жатышат. Ал эми цинктин жетишсиздиги – аллергиялык ооруларга кабылуу, бойдун өсүүсүнүн кечеӊдөөсү, диарея, пневманияга сыяктуу ооруларга дуушар кылат. «А» витамининин жетишсиздиги имунитетти төмөндөтөт. Ал эми фолий кычкылынын аздыгы организмдин нормалдуу өрчүүсүн бузат. Айрыкча эненин курсагындагы баланын органдарынын калыптануусунда орду абдан чоӊ. Анан жетишиздиги менен жүрөк кемтиги, акыл эс жетишиздиги менен төрөлүү коркунучу бар. Тилекке каршы бүгүнкү күндө өлкөдөгү төрөт курагындагы аялдардын 41%ында фолий кычкылынын жетишсиздиги бар. Йоддун жетишсиздиги мээнин өрчүүсүн бузат. Богок безинин начар иштөөсү семирүүгө алып келет. Кош бойлуу аялдардын 61%, өсүпүрүмдөрдүн 41%ына йод жетишпейт.
Эл арасында туура жана түркүндөштүрүп тамактанууну жайылтуу максатында «Тоолуу Агро-экосистемаларда азыктанууну жакшыртуу» долбоору тарабынан бир топ жумуштар жүзөгө ашып жатат. Ал жергиликтүү, улуттук жана глобалдык деӊгээлде жүргүзүлүүдө.
«Аймак»
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
23.10.2024 / Автор anarkan_kg МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ
-
29.10.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА 416 КИШИ 50 МИҢ СОМДОН КӨП ПЕНСИЯ АЛАТ
-
07.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖЫЛУУЛУК ҮЧҮН 48 МЛН КАРЫЗ ЭМДИГИЧЕ ТӨЛӨНӨ ЭЛЕК
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.