Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ АЛДЫДАГЫ ЭЛ КАТТООГО ДАЯРБЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ АЛДЫДАГЫ ЭЛ КАТТООГО ДАЯРБЫ?

 1,936 Бардыгы /

Быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Ага ар бир кыргызстандык катышууга милдеттүү.

Эл каттоо – БУУнун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт. Иш-чаранын мындан башка дагы жаңычылдыктары бар.

Андыктан редакция элге түшүндүрүү максатында эл каттоо тууралуу айрым суроолорго жооп издеди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОМБдин Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетекчинин орун басары Эрмек МУСАНОВ жооп берди.

 

-Эрмек мырза айтсаңыз, облус алдыдагы эл каттоого даярбы? Негизи бул иш-чара кандай максатта өткөрүлөт?

-Алдыда өтүүчү массалык иш-чарага буйруса Жалал-Абад областы даяр. Негизи мында өлкө калкынын курамын билүү, 10 жыл аралыгында социалдык, экономикалык жана демографиялык абалынын канчалык өзгөргөнүнөн кабар алуу үчүн маалыматтарды чогултуу максатын көздөйт. Бул калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Башкача айтканда эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү көз ирмемдеги портрети болот жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө шарт берет.

-Алдыдагы каттоонун мурдагыдан кандай айырмасы бар? 

-Быйыл салыштырмалуу көбүрөөк маалымат топтолот. Мисалы, буга чейин каттоочулар маалыматты үч топко бөлүп чогултушса, быйыл беш топко бөлүшөт. Тагырагы, мигранттар жана майыптар тууралуу дагы маалымат алышат. Экинчи жаңылык – элден алынган маалымат мурдагыдай кагазга жазылбай электрондук түрдө сакталат. Башкача айтканда каттоочу өзүнүн смартфону аркылуу улуттук статистика комитетинин жалпы базасына кирип, маалыматты дароо ошол жакка жөнөтөт.

-Каттоочуларды кантип тааныйбыз?

-Каттоочу үйгө келери менен өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүшү керек. Ар бир күбөлүктө QR-код болот. Жаран үйүнө бөтөн адам келгенде ал алдамчы эмес, каттоочу экенин так билүү үчүн QR-кодду смартфон аркылуу сканерден өткөрүшү керек. Мындан соң смартфондун экранында улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат, анда каттоочунун сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот. Бирок жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында каттоочунун аты-жөнүнүн бир канча тамгасы жабык болот. QR-кодунун үстүнө мөөр коюлбай турганын эске алуу керек. Анан да каттоочулар бардык маалыматты оозеки алышат.  Мындайча айтканда үй ээси айтып берген гана нерселерди жазышат. Ал эми кандайдыр бир документти талап кылууга укугу жок.

-Каттоонун жүрүшүндө кандай документтер толтурулат?

-Мында документтин беш формасы толтурулат. Биринчи форма – жашоочулардын тизмеси, үйдө канча адам жашаса, ошонун бардыгы кирет. Экинчи форма – тизмеге кирген ар бир адамдын туулган жылы, жарандыгы, тили, билими, социалдык абалы жазылат. Дал ушул формада майыптыгы бар жарандардын абалы тууралуу дагы маалымат алынат. Үчүнчү форма – турак жайдын ыңгайлуулугу боюнча маалымат.  Аянты, бөлмөлөрдүн саны, эмеректери, шарты жана башкалар. Төртүнчү форма – мигранттар тууралуу маалымат. Буга чет өлкөгө иштөө үчүн бир жылдан ашык убакытка кеткендер кирет. Бешинчи форма – жамааттык мекемелерде убактылуу болуп жаткандардын саны. Мисалы, оорукана же мейманканаларды кыдырып, оорулуулар же кардарлар тууралуу маалымат алынат.

-Көчөнүн аталыштары жана үйлөрдүн номурлары жок конуштарда каттоо иштеринде көйгөй жаралбайбы?

-Көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, аталыштары жок көчөлөргө аталыштарды ыйгарууну, курулуп жаткан турак жайдагы үйлөрдүн жана батирлердин номерлерин аныктоону колго алганбыз. Бул маселе качантан бери эле көтөрүлүп, тиешелүү тармактар турак жай даректерин тартипке салды, буйруса баары такталды. Ага ылайык область аймагында дээрлик маселе чечилип, бул жаатта көйгөй жаралбайт.  

-Маалымат берүүдөн баш тартса болобу жана элди эмнеге чакырып кетесиздер?

-Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө мыйзамга ылайык, ар бир жаран каттоочунун суроосуна жооп берүүгө милдеттүү. Чочулоонун кереги жок. Анткени маалыматтар купуя болуп саналат, жарыя кылынбайт жана жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнү жөнгө салган мыйзамында белгиленген тартипте корголот. Каттоочу кызматкерлер толтурулган документтердин мазмунун башка бирөөгө билдирүүсүнө тыюу салынат. Андыктан “сууга, светке мынча киши деп жаздырып койдум эле билинип калат, тиги-бу” – деген ойлордон алыс болуп, канча киши болсо, так айтуусун суранабыз.

-Мигранттар эсепке алынабы?

-Алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат. Документке мигрант катары киргизиш үчүн ал адам өз мекенинен бир жылдан ашык убакытка кеткен болушу керек. Бир нече гана айга сыртка чыккан адам туруктуу жаран катары эсептелет. Мындай жол менен улуттук статистика комитети мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иш менен алек болорун билүүнү максат кылат.

Областта каттоо иш-чарасына канча адам тартылды?

-Каттоону өткөрүүгө Жалал-Абад областы боюча 95 координатор, 472 көзөмөлдөөчү, 4528 каттоочу алдык. Координаторлор менен көзөмөлдөөчүлөрдү окутуп бүттүк. Ал эми каттоочуларды 12-марттан окутуп баштадык.

Бул жарандар мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөө жүргүзүүгө катышкан, 18 жаштан жогору курактагы жарандар. Мындан тышкары алардын Android 5 жана андан жогорку системасынын башкаруусунда болгон уюлдук телефону болушу керек. 

P.S: Эгемендүү Кыргызстанда 1999-жылы биринчи улуттук каттоо жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 4,8 миллион адам катталган. Ал эми 2009-жылы каттоонун жыйынтыгы боюнча 5,3 миллион адам каттоодон өткөн.

Ал эми алыскы зоналарда эл каттоо 20-апрелден 29-апрелге чейинки аралыкта өтөт. Анда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун бир нече алыскы айылдарында уланмакчы.  

4-миллиондук Кыргызстандын тургуну 1985-жылы 27-майда Каныкей Кайыпова, 5-миллиондук – 27-август 2002-жылы туулган Тынчтыкбек Курамаев, 6-миллиондук – Айлин Кожошева бул окуя 25-ноябрда 2015-жылы болгон.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17