Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
676 Бардыгы / Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун […]
677 Бардыгы / Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун […]
ШТАБ: COVID-19 АНЫКТАЛЫП, БИРОК ООРУСУ БАЙКАЛБАГАНДАР ҮЙҮНДӨ ОБОЧОЛОНОТ
17.06.2020 / Автор aymak

678 Бардыгы /
Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт.
Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев саламаттык сактоо тутумуна жаңы алгоритмдерди киргизүү керек экенин белгиледи.
«Жарандар COVID-19ду коомдук транспорттон, базарлардан жана соода түйүндөрүнөн жуктуруп алууда. Акыркы эки күндө илдетти жугузгандар көбөйүп жатканы байкалды. Илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек», – деди Кененбаев.
Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко текшерүүчүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.
Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылат.
16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 18-марттан 16-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2472 адамдан табылды, алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду, 1844ү айыкты.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.