Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой чарбасы токой аянттарын ижарага берүү боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ВНИМАНИЮ АКЦИОНЕРОВ ОАО «ЖАЛАЛАБАТАЙЫЛКУРУЛУШ»!
Сакалды айыл өкмөтү административдик муниципалдык бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орунуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Департамент пробации обявляет о наборе 34 сотрудников по всему Кыргызстану
ЖОГОЛДУ
Сынак Орток токой чарбасы
Сынак Сот департаменти
Кулактандыруу ОХРАНА ОБЪЕКТОВ
ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! УРМАТТУУ ФИЗИКАЛЫК ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР!
ВНИМАНИЕ! УВАЖАЕМЫЕ ЮРИДИЧЕСКИЕ И ФИЗИЧЕСКИЕ ЛИЦА!
«ДУСТЛИК» ААКтын акционерлеринин эсине!
«“ТУЛПАР” » ААКтын акционерлеринин эсине!
«ТАШКУМЫРФАРМ» ААКтын акционерлеринин эсине!
«СООДАГЕР» ААКтын акционерлеринин эсине!
«КЕРЕМЕТ» ААКтын акционерлеринин эсине!

ЖОЖго ОНЛАЙН ТАПШЫРУУ ЖЕҢИЛДИКПИ ЖЕ КЕМЧИЛИКПИ?

ЖОЖго ОНЛАЙН ТАПШЫРУУ ЖЕҢИЛДИКПИ ЖЕ КЕМЧИЛИКПИ?

 147 Бардыгы /

Өлкөбүздө жайланышкан бардык жогорку окуу жайларында талапкерлерди кабыл алуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде жүргүзүлө баштады. Бул биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Кабыл алуу ушул жылдын 20-июлунда башталып, августтун баш жагында аяктайт. Ал үч тур менен өтүп, ортолорунда тыным болот. Ага ылайык, облуста биз кайрылган окуу жайлар кандай тартипте кабыл алышууда. Ал эми абитуриенттер буга эмне дейт? – төмөндө кененирээк сөз болмокчу.

Эмил ТӨЛӨНОВ, ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы:

-Өткөн аптада 20-июлда кабыл алуунун биринчи туру башталып, 22-июлда аяктады. Жылдагыдан өзгөчөлүгү катары быйыл абитуриенттер окууга онлайн форматта тапшырып жатышат. Окууга кабыл алуу үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Быйыл ЖАМУда бюджеттик 234 орун каралган. Анын ичинен 40 максаттуу орун,24ү чек арага жакын жайгашкан мектептер үчүн бөлүндү. Ал эми жеңилдетилген орундуктарга 7 орун берилди. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, келишимдик негизде окуй турган талапкерлердин босого баллы 105тен жогору болушу шарт. Ал эми бюджеттик негизде тапшыргандардын босого баллы 110 бойдон калат. Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурда 15 миңге жакын студент билим алат.

Абитуриенттин окууга тапшыруу үчүн төмөнкү аракеттерди аткаруусу керектелет:

  • Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо жараянынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!
  • ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.
  • Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.
  • Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.

Анвар ЖОЛДОШБАЕВ, ЭАУнун окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору:

-К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) учурда жаңы окуу жылына талапкерлерди кабыл алуунун 1-агымынын жыйынтыктарын чыгарууда талапкерлердин саны күтүлгөндөй жакшы. Бул жылкы кабыл алуу өнөктөштүгү коронавирустун айыбынан өзгөчө болду: талапкерлерди окуу жайга топтобой, аталган ооруну жуктурбоо үчүн бардык студенттер аралыктан электрондук түрдө катталып, окуу жылынын башталашында документтери менен окуу ниетин тастыкташат. Биздин электрондук каттоо сайтыбыз www.mnu.kg. Азыр талапкерлер жогорку билим берүү программалары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары менен, колледждерге аттестаттарындагы баалардын жыйынтыктары менен тапшырышууда. Билим берүү жана илим министрлиги колледждерге аттестаттагы баалардын негизинде кабыл алууга уруксат берди – бул да ушул жылкы кабыл алуунун өзгөчөлүгү. Мисалы: экономика адистиктери боюнча тапшыргандардын математика жана кыргыз, орус тилдери боюнча, укуктук адистиктери боюнча тарых жана кыргыз, орус тилдери боюнча, медициналык адистиктерге тапшыргандардын биология, химия жана кыргыз, орус тилдери боюнча аттестаттагы баалары эске алынат ж.у.с. Дагы бир өзгөчөлүк: окуу жай бул жылы талапкерлерге кесиптик багыт берүү иштерин телевидение, газеталар аркылуу гана эмес, социалдык тармактарда да активдүү жүргүзүүдө, анткени азыркы жаштар көбүнчө маалыматты интернет, социалдык тармактар аркылуу алышат. Муну менен бирге, ар бир кызыкдар талапкер окуу жайдын кабыл алуу комиссиясына 0(778) 802 577, 0(702) 800 360 уюлдук телефондор аркылуу кайрылып, тийиштүү маалымат ала алышат.

Эмил БАЛТАГУЛОВ, Жалал-Абад маданият техникумунун директору:

-Быйылкы жылга окуу жайыбызга 60 адам ала алабыз. Канча абитуриент кабыл аларыбызды министрлик чечип берет. Былтыр 62 студент кабыл алганбыз. Кабыл алуу убактысы 13-июлдан 31-июлга чейин биринчи этап, 1-августтан тартып экинчи этапты кабыл алуу башталат. Кабыл алууну онлайн деп атайбыз, бирок биздикилер онлайн форматка көнбөптүр, сайтты толтура албай жатышат. Ошондуктан таксиден берип жибергендерди тосуп алуудабыз, жакын жашагандар өздөрү таштап кетип жатышат. Алар бизге кандай учурда тапшырса да биз документтерин онлайн программага киргизип жатабыз. Аттестатынын бааларына чейин киргизип, ал жактан орточо баллын алабыз дагы сынак уюштурабыз. Ал эми жаңы окуу жылы да онлайн форматта башталат деп айтылды. Албетте мындайга өлкөбүз да даяр эмес болчу. Бирок акыркы семестрде кырдаалга байланыштуу онлайн окутуу болгон учурунда мугалимдерибиз кыйналды. Ошого карабай үйрөнүштү. Бул жылы ал багытта кыйынчылык азыраак болот деп ишенем.

АБИТУРИЕНТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Алина АЖЫБЕКОВА, абитуриент:

-Мен Токтогул районунун М.Жунусалиев атындагы мектебинде быйыл 11-классты аяктадым. Тилекке каршы окуу жайлардын эшигин кагып кирип тапшырууга бул жылы бизге мүмкүнчүлүк болгон жок. Окууга тапшыруудагы маселем документ толтурууда болду. Мурда бүткөн эже-агалардын айтуусу боюнча ата-энеси каза болгондор үчүн жеңилдиктер берилет деп уккан элем. Туулганыма 5 ай болгондо апам оорудан улам каза болуп калган экен. Ошол жылдан тарта мени таята-таэнемдер чоңойтушту. Ал кишилер да азыр пенсия жашына жетип, таятам 72ге, таэнем 71ге чыкты. Карыган адамдардын пенсиясы дары-дармегинен ашпайт. Мени түйшөлткөнү ошол. Себеби онлайн документ толтурууда жеңилдиктер тоголок жетим, майып ж.б. үчүн гана деген бөлүмдөрү бар экен. “Мен жеңилдикти кантип ала алам?”-деген суроо азыр түпөйүл ойго салып жатат. Бюджеттик негизде окуу мен үчүн абдан керек нерсе эле. Бул тууралуу @abiturientonline2020 электрондук дарекке да жазып көрдүм. Бирок тилекке каршы жооп ала алган жокмун. Ал эми артыкчылыгы таята-таэнемдин колунда менден башка эч ким жок. “Мен барганча таштап кетпей тур!”-деген эжемдин сөзүн ойлонуп жаткан учурда онлайн тапшыруу болуп калып, жандарынан чыккан жокмун. 1-турда берилген 2 талон менен И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык билим берүү багытына жана экономика жаатына тапшырдым.

Даниил БУЛДУРОВ, абитуриент:

-Быйылкы кырдаалга байланыштуу окуу системасындагы бардык учур дистанттык негизде өтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Алардын катарында ЖОЖдорго тапшыруу да онлайн түрүндө өтүп жатат. Негизинен алып караганда XXI кылым технология кылымы деп айтылгандай эле окууга тапшыруу учуру өтө деле кыйынчылыктарды жаратпады. Окуучулар бат эле үйрөнүп, үйлөрүнөн чыкпай эле тапшырып жатышат. Ооруну жайылтпоо максатында иштелип чыккан бул идея менин көз карашымда өтө сонун экен. Себеби ыңгайлуу, эч кандай ашыкча чыгымсыз жана коррупциясыз. Мен өзүм болсо, биринчи талонумду текке кетирбөө үчүн биринчи турга Ош технологиялык университетинин архитектура факультетине бюджеттик негизде тапшырдым. Тапшыруу учуру аябай жакты, кийин да тизмеден онлайн өзүңдү көзөмөлдөп тура аласың!

Канымжан БАКТЫБЕК кызы, абитуриент:

-Мен Токтогул районун У.Арыкбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Окууга тапшыруу үчүн атайын сайтка кирип кантип тапшыруу керек? Кантип каталуу керек? -деген сыяктуу маселелерди мугалимдерибиз WhatsApp аркылуу түшүндүрүп беришти. Өзүм Адам университетине менеджмен факультетине тапшырдым. Сайтта бардык ЖОЖдордун өздөрүнүн сайттары жайгашкан экен, ошол  жактан эле оңой тапшырдык. Эгер кыйынчылык болсо, окуу жайлардын өзүнүн кабыл алуу  комиссия мүчөлөрүнүн номерлери дагы ошол жерде жайгашыптыр. Ошолорго чалып маселерди чечип алууга мүмкүн экен.

Алтынай ЖОЛБОРСОВА, абитуриент:

-Мен быйыл Ноокен районунун №13 Рахманжан атындагы орто мектебин аяктадым. ЖРТдан негизги баллым 131 болду.  Окуу жайга баруу кыйынчылык жаратпагандыктан өзүм келип, ЖАМУнун химия мугалими адистигине тапшырып кеттим. Учурда сынак жыйынтыгын күтүп жатам. Менин бул кесипти тандоомдун себеби мен жашаган аймакта химия мугалими жетишсиз болгондуктан дарыгер болом деген абитуриенттер бул предметтен аз балл алып калышууда. Андыктан химия предметин мыкты өздөштүрүп, келечекте талапкерлердин мыкты дарыгер болуп чыгуусуна өз салымымды кошкум келет.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
  12345
6789101112
2728293031  
       
2930     
       
    123
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728    
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728     
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
9101112131415
16171819202122
232425262728 
       
   1234
567891011
12131415161718
262728293031 
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
       
     12
3456789
10111213141516
24252627282930
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
       
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
11121314151617
18192021222324
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
     12
3456789
17181920212223
2425262728  
       
  12345
13141516171819
20212223242526
2728293031  
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17