Аймак

МЕДИКТЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

МЕДИКТЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

 5,220 Бардыгы /

Сузак районуна караштуу Октябрь айылында Исмаевдердин үй-бүлөсү жашайт. Кызыгы бул үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү өздөрү, балдары, ал тургай келиндери да медицина тармагында көп жылдан бери эмгектенип келишет. Мындай өзгөчө үй-бүлө көпчүлүктү кызыктырбай койбосо керек.

Жубайлар Кенжебай, Кулайша Исмаевалар 1953-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунда чогуу окуп, ал жактан таанышып баш кошушкан. Алардын эки уул, эки кызы, 13 небере жана 8 чебереси бар. Булардын басып өткөн байсалдуу, өрнөктүү өмүр жолдору бар.

Кенжебай ИСМАЕВ учурда 88 жашта. Ал 1959 жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун  бүтүргөн, врач хирург, Саламаттык сактоонун мыктысы, Октябрь аймактык ооруканада 55 жыл эмгектенген, азыркы учурда эс алууда.

Жалал-Абаддагы Төш-Кутчу айылында (илгери Ворошилов атындагы колхоз болчу) колхозчунун үйүндө туулгам. Жалал-Абаддагы жалгыз кыргыз мектебин 1952-жылы аяктаганмын. Медицина институтуна барам деп ушунчалык каалоом күчтүү болгон, жакшысы окуудан да өтүп калдым. 1967-жылы Октябрь айылына келип иштеп калдым. Медициналык окуу жайда окуп калганым турмушумдагы сыймыктанып айта турган кебим. Медицинаны ал убакта жакшы билбей эле жөнөкөй колхозчунун үйүнөн эле барганбыз. Биз менен кошо окугандардан да көп нерсени сураштырып билип, үйрөндүк. Айтайын дегеним, азыркыдай  “айлыгы канча экен”- деген сураганды деле билген эмеспиз. Айлыкка деле, жумуштун кыйындыгына деле карабай ишке кирип алганбыз. Мен 80 жашта ардактуу эс алууга чыктым. Илгери убактарда атанын жолун жолдомой деп, династия аталып жакшы бааланчу эле. Биздин балдарыбыз да медициналык окуу жайларды бүтүрүштү. Өзүмдүн бир фото-сүрөтчүлүк өнөрүм бар эле. Пенсияга чыгып, бир күн да эс албастан көзүм азиз болуп калган жайы бар. Медицина тармагы ушунчалык көп аракетти талап кылган түйшүктүү кесиптерден. Биз да кадимки аскер кызматындагылардай күжүрмөн кызматта болуп, тартипти бек сактап иштегенбиз. Бул кесип кылдаттыкты, тартипти талап кылат. Элдин саламаттыгын сактоо жана оорулардын кесепеттерин жоюу үчүн да күчтүү аракеттер керек болот.

Азыркы жаштарга берчү кеп-кеңештер көп. Адам акылдуу болушу керек, ал үчүн тынбай китеп окуп, издениши абзел. Акылдуу болгондо гана дүйнөнүн бардыгы ачык, кенен. Азыркыдай бейкапар жүргөндүн ордуна күнү-түнү китеп окушу керек. Жаштар өз кесибин 100 пайызга эмес, 110 пайызга билүүсү маанилүү. Ошондо гана өнүгөбүз. Биз кыргызбыз деп көкүрөктү кага айта бербей, иш жөнүндө, адилеттүүлүк, илимдер тууралуу сүйлөгөнүбүздө өнүгөбүз. Бирөөдөн үйрөнөбүз деп сүйлөгөндө гана оңолобуз.

Кулайша ИСМАЕВА, кесиби боюнча дарыгер акушер-гинеколог. Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт үйүндө жетекчи да болуп иштеп турган, жалпысынан бул тармакта  55 жыл эмгектенген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Саламаттык сактоонун мыктысы. «Октябрь революциясы» жана «Знак Почета» деген ордендердин ээси. Учурда 86 жашта.

Нарын областынын Ак-Талаа районунан болом. Мектепти аяктап, 1953-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтуна тапшырганмын. Ошол окуу жайда жолдошум менен бирге окуганбыз, ошондон таанышып, 1958-жылы баш кошконбуз. 1959-жылы тун уулубуз төрөлгөн, ошол эле жылы окууну да аяктадык. Окууну аяктап Жалал-Абадга келгенбиз, бизди ала-букалык аймактык ооруканага жөнөттү. Ал жактагы төрөт үйүндө 1967-жылга чейин 8 жыл иштедим. Андан бери 2013-жылга чейин Октябрь айылындагы ооруканада иштеп, ардактуу эс алууга чыктык. Бир убактарда алыскы жактарга аялдарды төрөткөнү барат элек. Үйдү, алты айлык баламды таштап, ал жактарда эки-үч күндөп иштеп жүргөн убактар көп өткөн. Азыр кудайга шүгүр, бала-чака, небере-чеберелердин урмат сыйында, калк арасынан кадыр таап жашап жатабыз.

Жубайлардын тун уулу Эрик ИСМАЕВ. Ал 1982- жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун  бүтүргөн, кесиби врач хирург- уролог, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун мыктысы. Азыркы мезгилде Жалал-Абад облусунда саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин төрагасы болуп иштеп жатат.

“Мектепте окуп жүргөндө эле ата-энемдин медик болуп иштеп жаткандарын көрүп, кызыгып дарыгер болом деп максат койгон элем. Бирөө жарым да сен дарыгер бол деп айткан эмес. Мектепти бүтөр менен медицина институтуна тапшырдым. Ал убакта Фрунзе болчу, окууну 1982-жылы аяктап иштеп калдым. Кесибим боюнча хирург-уролог дарыгеримин. Ал мезгилде жубайым экөөбүз экинчи курстан эле тааныш болуп, мамилебиз келишип баш кошконбуз. Улуу кызыбыз төрөлүп, жубайым декретке чыгып окуусун бир аз кеч бүттү. Андан соң Жалал-Абадга келгенбиз, мен медициналык колледжге кирип, жубайым дарыгер болуп иштеп калды. 1991-жылы профсоюз комитети түптөлүп, ошондон бери профсоюзда эмгектенип келем. Ал эми биздин балдардан медиктер чыкпады. Анткени заман өзгөрүп, иштин кыйындыгын, айлыктын аздыгын көрүп, алар бул тармак менен кетишкен жок.

Анын жубайыТУРСУНБАЕВА Шахзода Талаббаевна. 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканада врач ревматолог болуп эмгектенүүдө. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун мыктысы.

Кичи уулуИСМАЕВ Эмил Кенжебаевич. 1985-жылы Ташкенттеги Ортоазиядагы педиатриялык (Среднеазиатский педиатрический) институтун бүтүргөн. Россиянын Туринск деген шаарында врач нейротравматолог болуп эмгектенүүдө. Саламаттык сактоонун мыктысы.

Келини АРАЛБАЕВА Райхан Туралиевна. Ал 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Россиянын Туринск деген шаарында врач терапевт болуп эмгектенүүдө. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун мыктысы.

Чоң кызыИСМАЕВА Айгуль Кенжебаевна – 1995- жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Сузак районунун Октябрь үй-бүлөлүк медицина борборунда үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштейт.

Кичи кызыИСМАЕВА Гульмира Кенжебаевна –  Жалал-Абад медицина колледжин аяктап, 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетин бүтүргөн. Учурда Жалал-Абад шаарында «Эл-фарм» фирмада менеджер болуп эмгектенет.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17