Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
925 Бардыгы / Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек […]
926 Бардыгы / Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек […]
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮН ЖЫЛДЫРУУ СУНУШУ КОЛДОО ТАПТЫ
23.10.2020 / Автор orozalieva927 Бардыгы /
Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган депутат Акылбек Жапаров аталган конституциялык мыйзам бир катар жагдайларга, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук – саясий кырдаалга байланыштуу сунушталып жатканына токтолуп: “Партиялык системага негизделип 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдө болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжасыз болду жана БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Элдик толкундоолордун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы Өкмөт түзүлдү. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенти 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүгө мажбур болду. Жогорку Кеңештин Төрагасы Президенттин ыйгарым укуктарын кабыл алуудан баш тартты. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу иштеп жаткан бийликтин кызматтан кетүүсүн жана конституциялык реформаны өткөрүүнү талап кылган коомдук толкундоолордун жыйынтыгында келген Кыргыз Республикасынын Премьер – министрине өттү. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын иши токтоп калган, Жогорку Кеңештин ишин жана Жогорку Кеңеш менен Президент жайгашкан имаратты калыбына келтирүү талап кылынат. 2020-жылга бюджеттин такталган тартыштыгы 36 млрд. сомдон ашты. Бул сумма КОВИД – 19 пандемиясынын экинчи толкунуна карата чыгымдарды камтыйт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 450 млн. сомго жакын өлчөмдө зыян келтирилген. Келип чыккан кырдаалды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу жана конституциялык реформа өткөрүү сунушталат”, – деди.
Андан тышкары, Жогорку Кеңеш конституциялык реформаны өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзүшү керектигин белгилеген мыйзам долбоорунун демилгечиси: “Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын тиркелген долбоору иштелип чыкты жана кароого киргизилди”, – деп билдирди.
Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу демилгеленип жатканын айткан Акылбек Жапаров: “Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган” – деп кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамды өзгөртпөй туруу маанилүү экенине токтолсо, төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзам долбоору кабыл алынса депутаттар айлык маянасыз иштөөсү керектигин белгиледи.
Үч окууда добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берип, Жогорку Кеңештин атайын токтому кабыл алынды.
“АЙМАК”
Автор orozalieva
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg 101 ЭСКЕРТЕТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.