Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,738 Бардыгы / Парламенттик башкаруу Кыргызстанды туңгуюкка алып келгенин эксперттик коомчулук да баса белгилеп жатышат. Азыр өлкөнүн алдыдагы жаңы башкаруу багытын аныктоочу негизги документ коомчулукта талкууга алынууда. Жакында эле президенттин милдетин аткарып, өткөрүп берген Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча үн катты. Суроо жараткан жаңы Баш мыйзамдын авторлору ким жана Жапаровдун ага тиешеси […]
1,739 Бардыгы / Парламенттик башкаруу Кыргызстанды туңгуюкка алып келгенин эксперттик коомчулук да баса белгилеп жатышат. Азыр өлкөнүн алдыдагы жаңы башкаруу багытын аныктоочу негизги документ коомчулукта талкууга алынууда. Жакында эле президенттин милдетин аткарып, өткөрүп берген Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча үн катты. Суроо жараткан жаңы Баш мыйзамдын авторлору ким жана Жапаровдун ага тиешеси […]
БАШ ООРУТКАН БАШ МЫЙЗАМ ТАЛКУУДА
01.12.2020 / Автор orozalieva

1,740 Бардыгы /
Парламенттик башкаруу Кыргызстанды туңгуюкка алып келгенин эксперттик коомчулук да баса белгилеп жатышат. Азыр өлкөнүн алдыдагы жаңы башкаруу багытын аныктоочу негизги документ коомчулукта талкууга алынууда. Жакында эле президенттин милдетин аткарып, өткөрүп берген Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча үн катты. Суроо жараткан жаңы Баш мыйзамдын авторлору ким жана Жапаровдун ага тиешеси канчалык? – төмөндө кененирээк сөз болот.
Жаңы конституциянын долбооруна карата айтылып жаткан сын пикирлерге Садыр Жапаров ачык жооп берди. Ал Баш мыйзамдын долбоорун 10 жыл мурда Текебаевдин конституциясына альтернатива катары сунушталган документ деп атады. Жапаров анын авторлору катары 20дай илимпоз, тарыхчыларды белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы өзүнүн эки сунушун түшүндүрүп берди. Ал 2010-жылдагы жагдайга байлап шашылыш кабыл алынган Баш мыйзамды “Хандык башкарууга жол ачкан” механизм катары сыпаттады.
“Хандык башкарууга жол ачкан” механизм катары сыпаттады.
Садыр ЖАПАРОВ:
-2010-жылы Текебаевдин конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган 20дан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар дагы бар. Жаңы кирип жаткан долбоордогу башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп жатышат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп жатат. Биз андай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун, анан курултай кирсин деген сунуш.
Талкууга коюлган Баш мыйзамдын долбоорунда Президент – мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктары жазылган. Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми бул долбоорду сындагандар «Кыргызстан супер президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгону жатат» – деген пикирлерин айтууда. А түгүл жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө да чыгышты.


Сейдалы ЖАНАЛИЕВ, ардагер:
-Бул иштерди туура деп эсептейм. Себеби ЖКга депутаттарды шайлоонун эрежеси бар, бирок жаман иштеген депутатты чакырып алуу механизми жок. Экинчиден, БШКнын мүчөлөрүн шайлоонун жолу туура эмес көрсөтүлүп, жаман иштеген мүчөлөрдү чакырып алуу механизми жок. Үчүнчүдөн, өлкөдөгү эң чоң кызмат –“ президенттик” кызматка талапкерлерди көрсөтүү мыйзамы өтө пастык менен жазылган. Бул кызматка талапкерди бир нече электен өткөрүп, андан кийин гана 2-5ке чейин талапкер көрсөтүлүүсү керек. Президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү бул келесоолук деп кыскача айтсак болот. Тактап айтканда шашылыш бир түндө аялы экөөсү жазган Текебаевдин конституциясы таптакыр жараксыз экени кат тааныган ар бир кыргыз жаранына белгилүү. Бул катаны “түшүнбөй” 10 жылдан бери колдонуп келе жаткан эки чакырылыштын депутаттары, президенттер чындыгында “чимкириктер” экенин өздөрү далилдешти.


Курсант ТОКТОМАМАТ уулу, Жалал-Абад шаарынын тургуну:
-2010-жылдагы конституция кыргыз элине эмес ал байларга, бий болгусу келген көпөстөргө, бийликтин бутактарында отуруп эл менен иши болбогон адамдарга ыңгайлашып жазылып калган. Бул нерсени аң- сезимдүү адамдын баары түшүнүп турат. Бай манаптар, бизнесмендер, көпөстөр, анан Текебаев болуп бир тарап, кыргыз журтчулугу экинчи тарап болуп, ортодо чоң бир ажырым пайда болду. Талкууга чыккан күндөн кийинки дебатта Текебаев конституциясына бир чаң жугузбай коргоп, үтүр-чекитине чейин талашып жатат. Эгер Баш мыйзам элге иштебесе, аны конституция дегенге болбойт. Ал жөн гана бир жөнөкөй эле кагазга айланат. Анан аны өзгөрткөнгө болбойт, мыйзам менен жашаш керек деп талашуунун кажети жок. Ал конституция элге жемиштүү кызмат кылбады, демек өзгөртүүгө болот. Эл өзүнүн мүдөөсүн көрсөтүп, 5-октябрда барып Садыр Нуркожоевичти такка отургузуп алды. Эл эч бир конституцияны караган деле жок. Мыйзамга туура келбейт деп да айтпады. Демек эл буга чейин 30 жыл кыжырга тийген саясатчыларды көргүсү келбей, өнүгүү жолуна түшкүсү келди. Бул жерде “Садыр такка олтур, элди Садырдын колуна, аны Кудайдын колуна тапшыралы” деген эле маани болуп жатат. Садыр Жапаровго каршы болгондор элге каршы чыгып жаткандар десек болот.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
19.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КАДАМЖАЙДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
-
28.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ КЫЗЫДЫ
-
01.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “РЕФОРМА – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.