Аймак

СЫЙЛЫГЫ ДА, СЫЙМЫГЫ ДА БАР МЕКТЕП

 1,740 Бардыгы /

Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз айрыкча азыркы мезгил үчүн опол тоодой мааниге ээ. Анткени бүгүнкү мектеп да заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз ишмердүүлүгүн кыйла кыйын кезегин баштан өткөрүп жаткан кези десек болот. Учурдагы кырдаалда өз милдетин аткаруу өтө жооптуу болсо, экинчи жагынан ардактуу.  Гезитибиздин ушул санында агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында эмгектенип жаткан мугалимдердин жана окуучулардын ийгиликтери жөнүндө сөз болмокчу.





Гулбара МАМЫТОВА, №4 мектеп-гимназиясында окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Билим берүүнүн отличниги:
“БИЛИМ САПАТЫНЫН МЫКТЫЛЫГЫ – МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БИЛДИРЕТ”

-Мен 1981-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1985-жылы артыкчылык диплому менен аяктагам.1992-жылы шаардын борборундагы кыргыз тилдүү мектеп болуп №4 мектеп ачылган. Ошол эле жылы башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп, артыкчылык диплому менен аяктагам. 2003-жылы “Жылдын мыкты мугалим” конкурсунун шаардык турунан 1-орунду ээлеп, облустук турда 3-орунга татыдым. 2009-жылдан бери мектеп-гимназияда окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келе жатам.
Билим берүү жаатындагы көптөгөн семинарларга катышып бир нече сертификаттын ээси болдум. Ошол алган билимдеримдин негизинде 2016-2018-жылдары “Башталгыч класстарда билим берүү стандарты” аттуу программа боюнча мугалимдерге семинарларды өткөрдүм. Биздин мектепте өз кесибин мыкты билген мугалимдердин  арбындыгы, туруктуу көп жылдан бери иштеп келишкендиги, эл агартуунун отличниктери эң көптүгүн сыймыктануу менен айта алам. Ошондой эле 70 мугалимдин ичинен  1 эмгек сиңирген мугалим, 17 мугалим  эл агартуунун отличниги, 8 мугалим билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен  сыйланышкан. Ушундай мыкты мугалимдерден билим алсам деген окуучулар жакынкы район-кыштактардан келип билим алганга ашыгышат. Ушул күнгө чейин алган билимимди, иш тажрыйбамды балдарга жана жаш мугалимдерге бөлүшүп келемин. Окуучуларды традициялык методдо эмес, замандын талабына ылайык топторго бөлүп, интерактивдүү доскаларды колдонуу менен айрым учурда табият койнунда сабак өтүп келебиз. Бул методдор билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат. Окуучулар кийинки сабакты кызыгуу менен күтүшөт. Ар бир окуучу менен иштешкени аракет кылам. Негизи мектептеги окутуунун сапаттуулугу ЖРТнын жыйынтыгында көрүлөт. 2019-2020-окуу жылында ЖРТда окуучуларыбыздын 80% ы 110дон ашык бал алып, жогорку окуу жайларда билим алууга мүмкүнчүлүк алды. Окуучулардын билим сапатынын мыктылыгы мектепте жүргүзүлүп жаткан иштердин, мугалимдердин эмгегин билдирет.

Акылай ЧОЛПОНБАЕВА, информатика сабагынын мугалими:

“МУГАЛИМ БАЛАДАН АТ ЧАБЫМ АСТЫДА БОЛУШУ КЕРЕК”

– 1991-жылы 20-июнда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулгам. Мектепти кызыл аттестат, жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктагам. Учурда №4-мектеп-гимназиясында информатикадан сабак берем. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр сыяктуу мугалим болууну каалаган эмесмин. Азыркы учурда “тренд” деп койсок да болот, информатика адистигине тапшыргам. Бул кесипти аркалап калышыма ата-энем түрткү болду. Ата-энеме жана ЖАМУнун жалпы мугалимдер жамаатына ыраазычылыгымды билдирем. Агартуу тармагында эмгектенип, балдарга билим бергениме сыймыктанам. Аял кишиге карьераны алып кетүү кыйынга турат. Бул кесип менен үй-бүлөнү да, жумушту да чогуу алып кетүүгө болот. Балдар менен бала кыял болуп сүйлөшө аласың, балдарга сабак берүү менен ар дайым изденесиң, аларга көбүрөөк билимди бергенге аракет жасайсын. Карантин башталганда эле биз мугалимдер куралсыз жоого аттангандай эле болдук. Себеби бардык эле мугалимдер жаңы программаларды өздөштүрө элек болчу. Ошого карабай жаңы программаларды өздөштүрүүгө, заман талабы менен чогуу барууга болгон күч аракетибизди жумшадык. Ушул жылдын май айларында “Санарип мугалим” конкурсуна катышып 1-орунду ээледим. Мугалим ийгиликтүү болуп баланы кызыктырыш үчүн баладан ат чабым астыда болушу керек, билими да алдыда, ар дайым изденип туруш керек.

Айдай ЖОРОБЕКОВА,  №4 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу:

“ИЙГИЛИКТЕРИМДИН БАШАТЫ АТА-ЭНЕМ ЖАНА МУГАЛИМДЕРИМ”

-Мен 5-класстан тарта математика сабагынан шаардагы мектептер арасындагы олимпиадаларга катышып биринчи орунду ээлеп келемин. Ошондой эле 2019-2020-окуу жылында шаардык мектептер аралык олимпиадада 1-орунду ээледим. Бул да болсо бизге талыкпай билим берип келе жаткан мугалимдерибиздин ак эмгеги десем болот. Надир кызы Айчүрөк эжекенин салымы чоң. Учурда алдыда боло турган олимпиадага даярданып жатам. Андан сырткары конкурстарга, коомдук иш-чараларга катышып келем. Бош убактымды туура пайдаланганы аракет жасайм. Спорт менен да алектенем. 2-класстан бери комуз ийримине катышып, 5 жыл окуп диплом алганмын. Андан сырткары менин биринчи классымда чоң атам мага “Манастын бала чагы” аттуу китепти белек кылган. Анда көп деле окугум келчү эмес. Бир күнү астына чакырып кел экөөбүз китеп окуйбуз деп, өзү биринчи окуп берген. Өзүм да окуп көргөндөн кийин китепке болгон кызыгуум ойгонгон. Чоң атам ар дайым китеп белек кылып келген. Азыркы күндө кошумча китептерди окуп келем. Үй-бүлөмдөгүлөр так илимдерге жакын болгондуктан бул касиет мага да өткөн десем жаңылышпайм. Бул ийгиликтеримдин башаты ата-энем жана мугалимдерим. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Марат МАМЫТБЕК уулу, №4 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу:

“ӨЗ БИЛИМИМДИ СЫНАП КӨРДҮМ”

«Кeremet holding» компаниясы жана  «Намыс Ысык-Көл» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты окуучусу -2020» сынагында биринчи орунду ээледим. Сынак ушул жылдын 18-июндан 25-августуна чейин уланган, ал эми жеңүүчүлөргө 7-ноябрь күнү сыйлыктары тапшырылды. Өлкө боюнча сынакка 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. 500дөн ашуун окуучу болгондугуна карабай баарысы мыкты, күчтүү окуучулар катышып, сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо кыйынга турду.

Мен бул сынак боюнча алгач сынактын биринчи турун жеңип алган Байэл Алимбековдон уктум жана өзүмдө суроо жарала берди, неге ал алса болот, мен алсам болбойт деген. Бул суроо ойлорумдан кетпей койду. Акыры мен 2-тур болуп жатканын угуп калып өзүмдүн жетишкен ийгиликтерим туурасындагы документтеримди тапшырып, сынакка катыштым. Алгач республикалык “Жылдын мыкты окуучусу -2020” сынагында биринчи орунду багындырганымды атама кабарлаган. Уюштуруучулар кабарлагандан кийин өтө кубандым, кубанычымды үй-бүлөм менен тең бөлүштүм. Учурда үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин.

Сынактын жеңүүсү катары борбор калаага барганда алгач сыйлык тапшыруу аземи Салымбеков университетинде болуп өттү. Сыйлык аземи башталганга чейин жалпы катышуучулар менен биргеликте Салымбеков медициналык университетине барып таанышуу болду, андан соң тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Ата Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекстине барып зыярат кылдык.

Облустук, шаардык билим берүү бөлүмүнөн эч кандай колдоо болгон жок жана куттуктоо да айтылбады. Бул сынакка катышканга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган көркөм окууда 2-орунду, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган көркөм окууда 2-орунду ээледим. Учурда Жалал-Абад шаарындагы “Жалал-Абад жаштар” коомунун төрагасынын орун басарымын. Шаардагы коомдук иш-чараларга активдүү катышып, өз салымымды кошуп келем. Ата-энемди жакшы көрөм, кадырлап барктайм, алар менен сыймыктанам.

Нурзада МАЖИДОВА, “Аймак”  О

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17