Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
712 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды. 3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган. Inbusiness […]
713 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды. 3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган. Inbusiness […]
НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ FINANCIAL TIMES БАСЫЛМАСЫНДАГЫ МАКАЛА БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАЙРЫЛДЫ
09.12.2020 / Автор orozalieva714 Бардыгы /
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Башкы прокуратурадан Financial Times гезитине жарыяланган макаладагы маалыматты текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу 8-декабарда Inbusiness.kz сайты жазды.
3-декабрда британиялык Financial Times басылмасы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган “сырдуу схеманын” эсебинен он миллион доллар тапканын жазган.
Inbusiness басылмасы жарыялаган маалыматта “Кулибаев накта фактылар менен далилденбеген, бири-бирине дал келбеген субъективдүү кортундуларга негизделген макалага макул эместигин билдиргени” белгиленген.
Ушул тапта Башкы прокуратурадан бул боюнча комментарий алганга мүмкүн болгон жок.
Financial Times гезитинин журналисти Том Бержес макаласын 2008-2014-жылдар аралыгындагы электрондук кат алмашууларга таянып жазган. Ал каттарды журналистке ысымы аталбаган булак берген. Басылма ырастагандай, каттар Кулибаевге ЕТК компаниясы менен түзүлгөн келишимдерден киреше табууга мүмкүнчүлүк берген схемаларды ачыктаган.
Басылманын маалыматы боюнча аталган компания Украина менен Орусиянын заводдорунан түтүктөрдү сатып алып турган. Ошондой эле ал бул заводдорго продукция өндүрүү үчүн кымбат баада болот металлын жеткирчү.
Бержес колундагы келишимдерди иликтеп көрүп, чийки зат болот өндүрүүчү Jiangsu Shagang деген кытайлык компаниядан тоннасы 935 доллардан сатып алынып, орус заводдоруна 1500 доллардан жеткирилип турганын жазган. Автордун эсебинде, ЕТК Сингапурдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар аралашкан бул схемадан 75 миллион доллар тапкан.
Документтерге караганда, бул акчанын көбү ЕТКнын башчысы, орусиялык ишкер Александр Кармановго эмес, Тимур Кулибаевге багытталып турган.
Бержес ал иликтеген документтер, Назарбаевдин небереси Айсултан өлөрдөн бир аз мурда айткан, жазган маалыматтарга “дал келерин” белгилейт.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү, 54 жаштагы Кулибаев 1990-жылдардын аягынан бери мунай тармагындагы жогорку кызматтарды ээлеп келген.
FT басылмасы белгилегендей, Кулибаевдин таасири Казакстандын аймагы менен гана чектелбейт. 2011-жылдан бери ал “Газпром” орусиялык газ гигантынын директорлор кеңешине да мүчө.
2011-жылы Кулибаев бюжети 80 миллиард долларды түзгөн, квазимамлекеттик тармактагы компаниялардын башын бириктирген “Самрук-Казына” фондун жетектеген. Фондго караштуу “КазМунайгаз” компаниясы кытайдык CNPC компаниясы менен Азия газ куурунун долбоорун иштеп чыккан.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg КОЧКОР РАЙОНУНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg КЕРБЕН ШААРЫНДА “БОЗБУ” КӨМӨК ЧОРДОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.09.2025 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.