Аймак

ЭСЕБИ ЧЫКПАГАН МЕДИЦИНАЛЫК АППАРАТТАРГА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

ЭСЕБИ ЧЫКПАГАН МЕДИЦИНАЛЫК АППАРАТТАРГА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

 1,752 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунда пандемия күчөп турган учурда демөөрчүлөр тарабынан берилген кычкылтек концентраторлор 2 миңге жеткен деп айтылат. Бирок аларды медициналык мекемелердин балансына алганда ал сумма чыккан эмес. 1300 гана аппарат баланска өткөн. Ал жагдайды стационардагылар көмөк көрсөткөндөр кайра алып кетишкенин айтышкан. Анткен менен мындай маалыматты жергиликтүү бийлик четке кагат. Ыктыярчылар берген жардамын кайтып алыштыбы? Алар өздөрү буга эмне дейт? Окуянын чын төгүнүн кабарчыбыз иликтеп көрдү.

Пандемияда кычкылтек концентратор алып берип жардам көрсөткөн демөөрчүлөр жардамын кайра кайтып алыштыбы? Коронавирус илдети күчөп турганда калкка демөөрчүлөр тарабынан алынып келген кычкылтек концентраторлорун медициналык мекемелердин балансына өткөргөндө алардын саны бир топко кыскарып кеткен. Тагыраагы 700дөй концентратордун эсеби чыккан эмес. Себеби көмөк көрсөткөндөр кайрадан алып кетишкен. Мындай пикирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы өкүлү координациялык кеңеште билдирди.

Замира ОРУНБАЕВА, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору:

-Өзүңүздөргө маалым болгондой, оору күчөп турганда күндүзгү дарылануу стационарларга эл саламаттыгы үчүн ар кандай аппараттар алынып келинген. Жалпы демөөрчүлөр тарабынан берилген кычкылтек концентраторлор 2 миңге жеткен болчу. Бирок медициналык мекемелердин балансына алган учурда мурда берилген жабдыктардын саны чыкпай жатат. 1300 гана аппарат баланска өттү. Стационардагылар көмөк көрсөткөндөр кайра алып кетишкенин айтышууда. Бул аппараттар үйлөрдө жөн эле турат. Андан көрө мекемелерге өткөрүп беришсе, муктаждарга иштетилет. Биз баланска өткөрүп берүүгө чакырат элек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кимдер кандай аппараттарды бергени боюнча маалымат бар да, бул боюнча көмөгүңүздөр керек болуп турат.

Ал эми ыктыярчылар бул жагдайга алигиче таң калып бүтө элек. Анткени башында жардамын кайра кайтарып алгыс кылып өткөрүп беришкен. Мындан улам эч бир демөөрчү берген аппаратын кайра алып кетпейт деп билдиришет.

Замирбек АБДУЛЛАЕВ, ыктыярчы:

-Мындай кабарды угуп чындыгында таң калдым. Биз, Жалал-Абад жаштар кыймылы фонду оору күчөп турганда 10 кычкылтек концентраторун стационарларга өткөрүп бергенбиз. Бизге окшогон жүздөгөн ыктыярчылар, демөөрчүлөрдүн максаты бир, тагыраагы элге жардам берүү, ушул аты жаман илдетке каршы туруу болгон. Ал аппараттар элге кызмат кылсын, элдин өмүрүнө өмүр кошсун деген тилек менен берилген. Анан аны кайра үйгө алып кетүү ойго да келбейт. Анда эсеби чыкпаган аппараттар кайда кеткенин бир эле Жараткан билет. Ким билет, балким сатып жибериштиби, ал бизге караңгы. Бирок биздин атыбызды пайдаланып, алар алып кетти деген чындыкка дал келбейт. Анткени биз ал аппараттарды кайра кайтарып алгыс кылып өткөрүп бергенбиз.

З. Орунбаева демөөрчүлөрдөн ал концентраторлорду баланска өткөрүп берүүгө чакырган. Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жардам сураган. Биз бул маселе боюнча кайрылганыбызда облустук бийлик андай факты катталбаганын билдирди. Облуста болжолдуу айтылган 2000дей эмес, 1555 кычкылтек концентратор катталган. Анын 917си демөөрчүлөр тарабынан келгени маалым болду.

Гүлзат АШИРОВА, Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы:

-Буга чейин саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору  жыйында демөөрчүлөр алып берген концентраторлорун кайтарып алганын жана аны ооруканалардын балансына өткөрүп берүүгө чакырып, бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жардам сураган. Бирок биз жыйындан кийин район-шаарлардагы ооруканаларга байланышып, канча аппарат алынып берилгенин тактаганыбызда сандар башкача чыкты. Тактап айтканда демөөрчүлөр алып кеткен фактылар катталган эмес. Болжолдуу деп айтылып жаткан 2000дей эмес, 1555 кычкылтек концентратор катталганы белгилүү болду. Анын 917си демөөрчүлөр тарабынан келген.

Замира Орунбаеванын координациялык кеңеште берген ошондогу маалыматы жалган болуп чыкты. Ал аны район-шаарлар оозеки берген маалымат боюнча айтканын билдирди. Кагаз жүзүндө 1557 кычкылтек концентратор бар экенин айтууда.

Замира ОРУНБАЕВА – Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору:

-Пандемия күчөп турган учурда демөөрчүлөрдүн жана ыктыярчылардын жардамы көп тийип жатты. Алсак ошол учурда дары-дармек, коргоочу кийимдер, тез жардам унаалары жана эң керек болгон кычкылтек концентраторлору берилген. Буга чейин жыйында 2 миңдей аппарат алынып берилгенин, бирок алардын 1300дөйү гана каттоого алынып, 700дөйүнүн саны чыкпай жатканын айткам. Мен ал маалыматты район-шаарлардан телефон аркылуу оозеки алган факты боюнча айткан болчум. Бирок кийинчерээк кагаз жүзүндө тактаганыбызда жалпы 1537 кычкылтек концентраторлору аймактык ооруканалардын, ФАПтардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун балансына өткөнү маалым болду. Анын 433ү гуманитардык жардам катары, 675и демөөрчүлөрдүн жардамы менен калган 426сы бюджеттен сатылып алынган. Азыркы учурда 1463 концентратор иштеп жатса, 74 аппарат бузулуп, оңдоп-түзөө иштерин талап кылууда. 

Мелис БАЙМУРАТОВ, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары:

Облустук ооруканада жалпы 207 кычкылтек концентратор бар. Анын 34ү оорукананын казынасынан алынган. Калганы демөөрчүлөр тарабынан келген. Азыркы күндө анын баары бар. Ал биздеги эки жугуштуу оорулар бөлүмүнө бөлүнгөн. Учурда эпидемиологиялык кырдаал бир топ турукташты десек болот. Пандемия курчуп турган убакта бир бейтапка 3 кычкылтек концентратор туура келип жаткан. Бүгүнкү күндө борборлоштурулган кычкылтек баллон да болгондуктан бул жаатта маселе азыр жок. Оорусу жеңил болгон бейтаптарды кычкылтек концентратор менен жакшыртып жатабыз. Ал эми демөөрчүлөр же ыктыярчылар алып келген концентраторун кайра алып кетебиз деп келген эмес.

P.S: Белгилей кетсек, пандемия башталган март айынан тарта саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусуна 15 тез жардам унаасы берилген. Ал эми демөөрчүлөр, ыктыярчылар тарабынан 3 реаномобиль Чаткал жалпы дарыгерлер борборуна, Үч-Коргон аймактык ооруканасына жана Достук айыл аймагындагы бейтапканага тапшырылган. Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17