Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
712 Бардыгы / Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясын даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти. «Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. […]
713 Бардыгы / Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясын даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти. «Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. […]
ШАЙЛАНГАН ПРЕЗИДЕНТТИН ИНАУГУРАЦИЯСЫН ӨТКӨРҮҮГӨ 10 МИЛЛИОН СОМ ЖУМШАЛАТ
22.01.2021 / Автор aymak

714 Бардыгы /
Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясын даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти.
«Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. Пандемияга байланыштуу чаралар болот. Чакырылган коноктордун баары ПЧР анализ тапшырышы керек. Баарынын колунда маалымкаты болуш керек деп алдын-ала талап коюп атабыз. Филармонияда 1100 орун бар. Келген конокторду кандай жайгаштырабыз, баарын толтурабызбы же аралыкты сактап отургузабызбы – Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб менен кеңешип чечилет. Чет жактан кайсы конокторду чакырууну да уюштуруу тобу чечет. Мурдагыдай аткаминерлерди эмес, карапайым адамдарды көбүрөк чакыруу тууралуу сунуштар болуп атат», – деди Анаркулов.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.
Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.
Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.
БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.
21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү.
WWW
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ 7 РАЙОНДУН АКИМИН КЫЗМАТТАН БОШОТТУ
-
-
-
02.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
14.03.2024 / Автор anarkan_kg КООПЕРАТИВДЕРДИН ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАДЫ
-
20.03.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ 117ге КӨБӨЙДҮ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.