Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,798 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучулары арасында 13-15 жаш курактагы кыздар үчүн атайы футболдук турнир өткөрүлдү. Аталган оюн Кыргыз футбол союзунун Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүштү. Мындай иш-чара кыз-уландар үчүн өлкө боюнча жыл сайын уюштурулуп келет, бул жылкы кыздар аралык футболдук беттеште шаардын мектептеринен жалпы 17 команда биринчиликке ат […]
1,799 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучулары арасында 13-15 жаш курактагы кыздар үчүн атайы футболдук турнир өткөрүлдү. Аталган оюн Кыргыз футбол союзунун Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүштү. Мындай иш-чара кыз-уландар үчүн өлкө боюнча жыл сайын уюштурулуп келет, бул жылкы кыздар аралык футболдук беттеште шаардын мектептеринен жалпы 17 команда биринчиликке ат […]
КЫЗДАР АРАСЫНДА ФУТБОЛДУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ
10.02.2021 / Автор aymak

1,800 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучулары арасында 13-15 жаш курактагы кыздар үчүн атайы футболдук турнир өткөрүлдү. Аталган оюн Кыргыз футбол союзунун Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүштү.
Мындай иш-чара кыз-уландар үчүн өлкө боюнча жыл сайын уюштурулуп келет, бул жылкы кыздар аралык футболдук беттеште шаардын мектептеринен жалпы 17 команда биринчиликке ат салышып, жыйынтыгында №9 Р.Санатбаев ормо мектебинин кыздардан топтолгон курама командасы биринчиликти багындырды.
“Дайыма ар тараптуу балдарга ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет, ал эми бул оюнду уюштуруудан башкы максат кыздарды спорт тармагында колдоо көрсөтүп, алардын ден соолугу чың болуусуна салым кошуу болду. Бул кыздар аралык футбол турнирлери жыл сайын өткөрүлүп келет, бул жылы шаардан 17 команда катышты. Адатта кээ бир кыздарга тартынып катышпай же үйүндөгүлөр уруксат бербей келген учурлар болсо, азыр баары өз нугуна түшүп жатат. 17 команданын ичинен жакшы ойногон кыздар тандалып алынды, эми ошол кыздарга сабактарынан сырткары жумасына 2 жолу 1,5- 2сааттан тринировка болуп, облустук, республикалык беттештерге даярданышат. Эгерде республикалык турнирде дагы жакшы оюн көрсөтө алса республикалык курама командагы кирүүгө мүмкүнчүлүк алат”,-деди Кыргыз футбол союзунун Жалал-Абад облусунун өкүлү Тайирбек Чойбеков.
Болуп өткөн футболдук турнирде 13-жаштагы кыздар арасында 1-орун №9, 2-орун №19, 3-орун №3 мектептери багындырса, 15-жаштагы кыздар арасында 1-орун №9, 2-орун №10, 3-орун №4 мектептери алышты. Андан сырткары жакшы ойногон кыздарга өзгөчө наамдар ыйгарылып сыйлыктар тапшырылды.
Эске сала кетсек аталган оюн облус, шаар боюнча 2007-жылдан бери өз иштерин улантып келет. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 6 тренер эмгектенсе, ар биринде орто эсеп менен 20-25тен окуучулар таалим алып келишет.
Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”


Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУНА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg 638 МЛН. СОМДУК СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛДУ БУЛГАГАН АЙДООЧУЛАРГА КАТААЛ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮЛӨТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.